Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Атамбаевдин «акыр-чикир» сайты И. Масалиевдин сөзүн бурмалоо менен президенттин дарегине жалган жалаа жабуу аракетин көрүүдө

Атамбаевдин «акыр-чикир» сайты И. Масалиевдин сөзүн бурмалоо менен президенттин дарегине жалган жалаа жабуу аракетин көрүүдө

02 май 2018, 17:20    bishkek

«Туулганына» аз эле убакыт болгон oipikir.com аттуу интернет сайты учурдагы мамлекет башчысы С. Жээнбековду атайылап бир тараптуу каралоо аракетин көрүп атканы байкалып калды. Аталган сайт АШАнын маалымат жагын тейлеген А. Үсөнов менен Ф. Ниязовдун жетекчилигинде иш алып барып жатканын жакшы билет. 

Мына ушул ушакчы сайт «И.Масалиев ЖЭБ боюнча С.Жээнбековду да жоопко тартуу керек дейт» деген темада макаласын жарыялады. Анда автор ЖК депутаты И. Масалиевдин сөзүн атайылап бурмалаган.

«Депутаттык комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Исках Масалиев кытайлык TBEA компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү Алмазбек Атамбаев баштаганын айтып: “Өмүрбек Бабанов процессти уланткан. Жантөрө Сатыбалдиев макулдашууну жигердүү ишке ашырган. Жоомарт Оторбаевдин учурунда модернизациялоо иши башталган. Аны Темир Сариевдин өкмөтү улантып, Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү аягына чыгарган”,- деген пикирин ачыктады», - деп жазылат анда. 
Бирок, мына ушунун өзү эле аталган сайттын атайылап мамлекет башчысына кара санап жатканынан кабар берет. И. Масалиев андай пикирин айткан эмес. Эгерде макаланын автору аны билбесе, анда биз эстерине салып койгубуз келет. 

«Маалымат каражаттарына депутаттык комиссиядагы пикир келишпестик боюнча жаңылыктар чыгып кетти. Анда кээ бир депутаттар "фамилияларды жазыш керек" деп чыкты, кээ бирлери болсо "ысымдарды көрсөтпөй эле "жогорку бийлик жетекчилери" десек жетиштүү болот" дешти. Анда мен "Атамбаевден баштап жазалы" деп сунуш кылдым. Анткени 2011-жылы сүйлөшүүлөр болгон. Анын эң негизгиси - биз алган маалымат боюнча бул долбоорду ишке ашырууда Алмаз Шаршенович менен Сапар Жумакадыровичтин салымы чоң. Анткени алар президент жана президенттик аппараттын орун басары катары салым кошкон. Жыйынтыкта корутундуда буйрук чыгарган, кол койгон премьер-министр жазылат. Ал эми калган премьерлерди жазуунун кажети жок. Алар кандай роль ойногонун тергөө аныктайт», - деген И. Масалиев. 

Демек, И. Масалиев мамлекет башчысы С. Жээнбеков тууралуу эч нерсе айткан эмес. Тескерисинче бул долбоорду ишке ашыруунун башында экс-президент А. Атамбаев жана анын аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турган С. Исаков турганын айткан. Андыктан бирөөнүн сөзүн бурмалоо аркылуу президентке каршы маалыматтык чабуул жасагысы келген АШАнын айласы такыр куруп калган экен деп калдык.  

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив