Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » “Апрель” аркылуу арманын айткан А.Атамбаев

“Апрель” аркылуу арманын айткан А.Атамбаев

30 апр 2018, 21:47    bishkek
0 комментарий   
Абакта жаткан Ө.Текебаев “Сентябрь” телеканалын ачып каршылаштарынын катыгын берип келе жаткан. Тагдырдын тамашасыбы же Ө.Текебаевдин керооздугу түбүнө жеттиби, айтор башталган иш аягына чыкпай калды. “Сентябрдан” дайын жок.

Манастан Чубак кем бекен дегендей А.Атамбаев экс-президент болгону “Апрель” деген телеканал ачкан. Апрелде курман болгон жүздөй жигиттин арбагы ыраазы болсун дегени го. Деги телевидениенин баркы күч. Каалагандай иштериңди бүтүрүп аласың. Сындасан сында, ырдасан ырда. Жолтоо болгон жан жок. Ээси келсе бээсин берет эмеспи.


Мунун баарын жакшы билген экс-президенттин “Апрель” телеканалы эми Жогорку Кенешти колунан келишинче туздап коомчулукта тескери пикирлерди жаратып жатышат. Мейли, бул эми алардын өз иши деңизчи. Демократия аралчасында кимдин оозун ким тыят? Болгону бизди тан калтырган нерсе А.Атамбаев бүгүнкү парламентти өз колу менен түзбөдү беле? Неси жакпай калды? Кай жеринен жазышты? Же, Алмаз Шаршенович не кылаар айласын таппай болгон арыз-арманын, бийликке болгон арзуусун, депутаттарга багышталган бугун “Апрель” аркылуу чыгарып жатабы? Нени каалап турду экен, экс-Президент? Айтор ал азыр “Апрель” аркылуу арманын айтып жаткандай эле элес калтырууда.

Булак: http://chyndyk.kg/aprel-arkyluu-armanyn-ajtkan-a-atambaev/ 
“УЧУР”
скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;