Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » ХАМЕЛЕОН! Күн тийген жердин күкүгү…

ХАМЕЛЕОН! Күн тийген жердин күкүгү…

30 апр 2018, 21:43    bishkek
Бизде бир Алмаз Усенов деген жигит бар. Күн тийген жердин күкүгү. Үч президент менен иштешти. Хан Бакиев заманында Президенттин администрациясынан чыкчу эмес. Болгон кылган жумушу кагаз ташымай. Өтө элпек. Бакиевдердин колтугуна кирип алып оппозициядагыларды, бөтөнчө А.Атамбаевди  өлө шыбачу. Анткени таянган тоосу Максим ханзаада бийликти өз колуна алаарына бөркүндөй ишенген.

Көрсө анысы кыял бойдон калаарын билбептир. Анан албетте Максим тукуруп жатса карап турабы. Атамбаевге кошуп Текебаевге да тийишти. Аны доктор Кубанычбек Апаска салыштырып бир топторду таӊ калтырган да жайы бар.

Бакиевдердин таманын жалап жүргөндө дүйнө астын-үстүн болуп төңкөрүш жүрүп кетти. Алмаз  жумушсуз калды. Р.Отунбаеванын Ак Үйүнө даай алган жок. А.Атамбаев президент болгондо кайдан жол тапканы белгисиз ишке орношту. Эми анын камчысын чаап каршылаштарды, каяша айткандарды каршы-терши жамандаганга өттү. Баягы  эски оорусун кайра карматты. Жакшы эле иштеп жаткан. Кожоюну экс-президент болду эле, дароо түсүн өзгөрттү. Баарын  унутуп шефи Атамбаев өзү түзгөн парламентти боктой баштады.
Айтор бул жигитте бир позиция жок экен. Ал эми принцип тууралуу сөз кылбай эле коёлу. Бийлигиң болсо маскарапоз да болуп бере алат. Алмаздын колунан баары келет. Учурда Усеновдун үшкүрүгү таш жарат. Болгону парламентти боктой берсе азыркы бийлик кызматка чакырып калабы деген гана тилек болсо керек.

Булак: http://chyndyk.kg/hameleon-k-n-tijgen-zherdin-k-k-g/
УЧУР ФБ баракчасы
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив