Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Айнаш Токбаева кимдин түн уйкусун бузуп жатат?

Айнаш Токбаева кимдин түн уйкусун бузуп жатат?

28 апр 2018, 08:42    bishkek
Айрым басылмаларда, социалдык байланыш түйүндөрүндө чочуганда эле Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын дарегине каралаган маалыматтарды жармаштырууга аракет кылган макала сыяктуу бирдемелер чыгып калып жатат. Конкреттүү далили жок, баягы эле жөө жомок токуп, эптеп эле шыбап калуу аракети байкалат.

Кызыгы, ким экени белгисиз, бетин жапкан фэйктер. Интернеттеги “Фейсбук” социалдык байланыш тармагында бекинип, фэйк болуп алгандарды “бети күйгөндөр” деп атап алышыптыр. Ошол бети күйгөндөр Жогорку соттун төрайымын маал-маалы менен жамандап турбаса, жашоосу кызыксыз болуп кетет окшойт. Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевадай кадрлар көп болсо кана?

Токбаева кимдин тынчын алышы мүмкүн? Куйругунда калбыры бар, элге кыянаттык кылгандардын гана. Алар, өздөрүнүн кылмыштарын жаап-жашырып калуу максатында Токбаеванын дарегине ушак таратып, эптеп кызматтан кетирүүнү кыялданып жатышса керек. Себеби, акыркы күндөрү, алдын-ала президенттин аппаратынын кадрлар бөлүмүнүн башчысындай эле ар кайсы адамды түрдүү кызматтарга көрсөткөн акылдуулар көбөйүп кетпедиби. Ошондой кыялкечтер Айнаш Токбаеванын ордуна кызыгып жатса керек. Бирок, алардын кыялы куру гана экенин билишпейт окшойт. Орустар айткандай, “мечтать не вредно!”,-деп коет мындайды.

Айнаш Токбаева эч кайда кетпейт, Жогорку соттун төрайымы катары кыргызга далай кызмат кылып, соттордун акыйкаттуулугуна баш көз болот. Президент, Сооронбай Жээнбеков дагы укук коргоо органдары, сот системасы таза болуш керек экенин айтты. Айнаш Токбаева элдин үмүтүн актап, адилеттүүлүк үчүн кызматын улантат.

Айнаш Токбаева сот системасын жакшы түшүнгөн, ак иштеп, так жашаган инсан. Мындай кадрлардын жетекчилик кызматта турганы - мамлекет үчүн маанилүү.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив