Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Атамбаев учурунда кадр жана каржы маселесин толук көзөмөлгө алган Илмияновдун жоруктары

Атамбаев учурунда кадр жана каржы маселесин толук көзөмөлгө алган Илмияновдун жоруктары

27 апр 2018, 11:44    bishkek
Учурда 43 жаштын ашын ашап аткан мурдагы шоопур, кийинки олигарх Икрамжан Илмиянов экс-ажо А.Атамбаевдин учурунда аз эле жерден Кыргызстанды башына кийип ала жаздаган экен. Анын жанында Максим Бакиев шоона эшпей калчудай. 

Илмиянов Атамбаевдин учурунда мамлекеттин саясий жашоосуна чексиз таасир эте алды, кадр саясатынан тарта финансылык ресурстарды бөлүштүрүүлөргө чейин кийлигишкени байма-бай айтылып келет. Жакында гана КСДПчы депутаттар Атамбаев менен жолукканда дал ушул Илмияновтун былыктары тууралуу ага ачуу чындыкты айткандары маалым.
Айрым маалыматтарга караганда И.Илмиянов экс-президент А.Атамбаевдин мүмкүнчүлүктөрү аркылуу өтө жогорку деңгээлдеги байлардын катарын толуктады. Өзүнө жакын кадрларды жогорку кызматтарга алып барды. Мисалы, Атамбаевдин учурунда Баш прокурорлук кызматка И.Жолдубаева дал ушул Илмияновдун сунуштоосу аркылуу барган. Р.Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына, К.Кумашов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлыгына, У.Марипов Эсептөө палатасынын төрагалыгына, Ж.Калилов транспорт жана жолдор министрлигине, А.Азимов финансы министринин орун басарлыгына, Д.Абдыкаров ИИМ министринин орун басарлыгына, Г.Кудайбердиева билим берүү жана илим министрлигине келишкен. Бул аттары аталгандар Илмияновдун көрсөтмөсүн кыңк этпестен аткарышкан жана анын «капчыгы» да болушканы тууралуу маалыматтар эл оозунда айтылып келет. 
И.Илмиянов көмүскөдөгү бизнеске да чексиз таасир эткен, анын ичинде Р.Матраимов жана анын коммерциялык өнөктөштөрү аркылуу эл керектөөчү товарлардын жана алтын буюмдардын контрабандалык импортунун 80%ын көзөмөлүнө алып турган имиш. Банк секторундагы мүмкүнчүлүктөрү аркылуу өзүнүн атайын жалданган чарбалык субьектилери менен ири суммадагы акча каражаттарын «адалдап» турганы коомчулукта айтылып жүрөт. 

Булак:»УЧУР»
http://chyndyk.kg/atambaev-uchurunda-kadr-zhana-karzhy-maselesin-toluk-k-z-m-lg-algan-ilmiyanovdun-zhoruktary/скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив