Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Атамбаев жана анын маалыматчылары трайбализмди күчөтүп, регионалдык бөлүнүүнү атайылап уюштурууда

Атамбаев жана анын маалыматчылары трайбализмди күчөтүп, регионалдык бөлүнүүнү атайылап уюштурууда

26 апр 2018, 10:06    bishkek
0 комментарий   

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн бийлигинин доору сүрүп турган кезеңде, өлкөбүздүн кайсыл аймагына барса эле, ошол жердин кулуну болуп чыга келчү. “Мен көрсө Баткенден экенмин, менин ата-бабаларым бир убакта Баткенден көчүп барган экен” деген сыяктуу сөздөрүн ал көп эле аймактарга барганда ошол аймактын аталышы менен айтып келди. Калжаңдап сүйлөсө да, мылжыңдап сүйлөсө да элибиз “акыры президент го, чыдаш керек да” деп келишти.

Ошентип алты жыл бою мамлекетти ал өзүнүн жансакчыларынан, шоопурларынан, катчыларынан, күйөө балдарынан, кудаларынан куралган клан менен башкарып келди. Эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштебеген жансакчыларын, шоопурун мамлекеттик үлкөн кызматтарга дайындады. Ошондо деле “макул эми, ал деле өзүнө ишенимдүү адамдарын коет да” деп түшүнүү менен мамиле жасап келдик.
Талас элин эл эмес деди, Нарын элин койсуңар деди. Ага деле чыдады элибиз. “Бул падышабыз кээде ушинтип тантырап эмне сүйлөгөнүн да өзү байкабай калат” деп койдук.

Бирок, ал президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин дагы “Соке досум аркылуу мамлекетти башкара берем, өзүмдүн жансакчылардан, шоопурлардан, күйөө бала, кудалардан, катчы кыздарымдан куралган клан бийликти ээлеп отуруп, мурдагыдай эле чөнтөгүбүздү кампайта беребиз” деген арам оюн жүзөгө ашыргысы келди. Ал эми президент С. Жээнбеков достуктан да мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы жогору турат деген саясатты карманууда.

Ошондон тарта экс-президент А. Атамбаев жана анын маалыматчылары президентке каршы кара пиарын башташты. Окшошпосо дагы үй-бүлөлүк башкаруу орноп калды деп кыйкырышты. Бирок, анысын эч нерсе менен далилдей алышкан жок, далилдей турган негиз да жок эле.
Андан кийин эми өлкөбүздү түндүк-түштүккө бөлгөн регионалдык бөлүнүү саясатын башташты. Ачык эле трайбалисттик кадамдарды жасашууда. Кайсы бир мамлекеттик кызматтарга Ош, Баткен облустарынан дайындалып калса эле, “Ана өзүнүн жердешин дайындап салды, өзүнүн кудасынын досун дайындап салды” деген сыяктуу кыйкырык-сүрөөн салышууда. Ал эми башка облустардан – Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарынан дайындалган кадрлар тууралуу кеп кылышпайт.
Жакында эле Жогорку Кеңеш Баш прокурорлук кызматка Өткүрбек Жамшитовду жактырды. Ошол замат АШАнын маалыматчылары аны “Президенттин кудасы А. Абжалиевдин досу экен” деп чыгышты. Карандай калпты айтуудан таптакыр коркпой тургандыгын алар ушинтип далилдешти. Себеби, Ө. Жамшитов А. Абжалиевден бери жагы 10 жаштын тегерегинде кичүү экен. Анан кантип алар дос болот. Экинчиден, А. Абжалиев да Ө. Жамшитовду парламенттен биринчи жолу көрүп атканын айтты. Демек, Атамбаевдин маалыматчылары эми өздөрү бир убакта башка журналисттерди атап келгендей “өрдөкчүлдөр” болуп алышканын дадилдешүүдө.
Мындай элди регионалдык бөлүнүүлөргө түртүү, трайбализм өлкө бүтүндүгү үчүн, коопсуздугу үчүн өтө коркунучтуу экенин билебиз. Андыктан аны жайылтуу аракетин көрүп аткандарга мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүлүшү керек. Ырас, мындай трайбалисттик көз карашты жайылтып аткандар ашып кетсе 5-6 гана. Алар ар кайсыл социалдык түйүндөргө ар бири 10дон жашыруун ат менен катталып алышып, аябай көп адамдын атынан пикир жаратуу аракетин көрүп атышат. Муну өз өлкөсүнө чыккынчылык катары гана баалоого болот.

"Учур-пресс"
 


скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;