Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Калигуланын саясатын жүргүзгөн Атамбаев эси барда этегин жабышы керек!

Калигуланын саясатын жүргүзгөн Атамбаев эси барда этегин жабышы керек!

24 апр 2018, 12:43    bishkek

     Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев үй-бүлөлүк башкарууну орноткондуктары үчүн Кыргызстандан куулуп, мандикерлерден бетер ар жактарда күн кечирип жүрүшөт. Эгерде алардан: “Бу жарык дүйнөдөгү эң чоң тилегиңер кайсыл?” деп бирөө сураса, экөөсү тең: “Ата-мекенибизге барып, тууган-уруктарыбыздын, элдин арасында буйруганын көрүп, анан көз жумсак, сөөктөрүбүз киндик каныбыз тамган жерге коюлса”, - деген гана тилектерин айтышмак. Чындыгында нормалдуу адам үчүн бала кезден чоңоюп, өмүрлөрүнүн эң мыкты учурларын өткөргөн туулган жерден кымбат эч нерсе жок эмеспи.
        Аларды жерден алып - көргө, көрдөн алып - жерге уруп дегендей мүнөздө жамандаганды жадатма идеяга айландырып алган Алмазбек Атамбаев үй-бүлө мүчөлөрүн, жакындарын чоң кызматтарга аралаштырбаган менен  (колго илинерлик тууганы жок болсо, кимди көтөрмөлөйт?) криминалдык кландык, топтук башкарууну орноткондугун эл жакшы билет. Алсак, мамлекеттик башкаруу иштеринде таптакыр тажрыйбасы, даярдыгы жок жансакчыларынын бирин ички иштер министри кылса, экинчисин УКМКнын төрагасынын орун басары, ал тармакта бир күн да иштебеген кайнисин УКМКнын жетекчиси, “Кыргызстан” деген сөздү туура жаза албаган кампачысын борбор калаанын мэри, өмүрүндө бир күн өндүрүш, экономика тармагында иштебеген кагаз ташыгычты премьер-министр, биринчи котормочу “милашкасын” президенттик аппараттын бөлүм башчысы, экинчи “милашкасын” башкы прокурор кылды. Анын тушунда бажы тармагында бөлүм башчылык деңгээлде иштегендердин дээрлик бардыгы аким, губернатор болушту. Алардын деңгээлинен төмөнкү жооптуу кызматтарга жакшынакай көздөрү, тааныш-билиштик жактары үчүн көчөдөн эле келип калгандарга эсеп да жетпейт. Же экс-президент кадрларды тандап, жайгаштырууда байыркы Римдин “самодурлугу” жагынан өзгөчөлөнгөн императору Калигуланыкына окшош саясат жүргүздү. Ал ак көңүлү кармаган учурларда жакшы көргөн атын - сенатор, оокат жасап, кир - кокторун жуугандарды - императорго кеңешчи, аймактарга жетекчи кылып дайындагандыгы менен тарыхта аты калган.
Чындыгында шопурду президентке кеңешчи, өмүр бою кагаз толтуруп, канцелярдык кызматтарда жүргөндү өкмөт башчы кылып дайындагандын атты сенатор же кир жуугучту бир аймакка префект кылып дайындагандан кандай айырмасы бар? Булар жөн эле элди жетер жерлерине жеткире шылдыңдап, колуңардан эмне келет, Республиканын жападан жалгыз кожоюну менмин, кааласам айдоочума министрлерди да башкартам, каалабасам.... дегендей өзүнүн бийлигине менменсине манчыркоо, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илүү эмеспи! Мурдагы эки качкын президентти үй-бүлөлүк башкаруу жагынан айыптаган Алмаз Атамбаев өзү эң жаман түрдөгү криминалдык кландык, топтук башкарууну орнотуп, анын символуна айлангандыгын, анын сүймөнчүгүндөгү кадрлардын арттарынан коррупциялык кандай коркунучтуу калбырлар чыгып жаткандыгын билбейби? Же билсе да булардын артынан дагы жаңылары чыгарынан чочулап, карөзгөйлөнүп жатабы?
        Айкөл элибиз ушуларга да чыдады, убагы келгенде кетет деп сабырдуулук менен күтүп, ал чындап эле кеткенде анын жогорудагыдай жоруктарынын, акыркы үч-төрт жылдагы нормалдуу адамдын оозунан чыкпай турган өйдө-төмөн, дөөдүрөгөн сөздөрүнүн бардыгын (алар өзүнчө сөзгө тема болгудай) кечирди эле. Бирок жаман адам жакшынын кечиримдүүлүгүн – алсыздык, сабырдуулугун - коркоктук катарында баалайт деген чын экен, экс - президент сыйды, кечиримдүүлүктү билбей, өзү эмне кылбасын эл колдойт деген иллюзияга алданып, эки резиденциясынын биринде пенсиясын алып, жөн жатпай дагы деле баары мен каалагандай болуш керек деп жулкунуп жаткандыгы өтө өкүндүрөт. Анын поезди алда качан узап кеткендигин, артынан шопуру экөөсү машина менен кууса да жетишпей тургандыгын качан түшүнөт?
        Кыргызда “эсиң барда, этегиңди жап” деген акылман сөз бар. Экс-президент эмоцияларга алдырбай, эсине келип, башкаруунун, таасир көрсөтүүнүн бардыгынан ажыраган пенсионер экендигин түшүнүп, “этегин жаппаса”, өзүнө жаман болору шексиз. Болбосо, тарыхка оозунда тормозу жок оргу-баргы, республиканын тарыхындагы эң жоопкерсиз, жалкоо ажо гана эмес, жакшылап, сыйы менен кеткенди да билбеген самодур катарында кирип калат.


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив