Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Ахматбек Келдибеков: "Раим Матраимов соттон мыйзамдуу утту, аны Сапар Исаков мыйзамсыз жумуштан кетирген болчу!"

Ахматбек Келдибеков: "Раим Матраимов соттон мыйзамдуу утту, аны Сапар Исаков мыйзамсыз жумуштан кетирген болчу!"

27 июл 2018, 02:50    bishkek
Саясатчы Ахматбек Келдибеков учурдагы резонанстуу окуя жана кырдаалдар боюнча өз пикирин билдирди:

- Саламатсызбы, кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланып жаткан маселе журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүүсүз кайтыш болушу. Сиз кандай пикирдесиз?

- Чындыгында өтө кайгылуу окуя. Себеби, кыргыз журналистикасында Уланбектей чыгаан журналисттер эсептелүү эле болсо керек. Курч калемдүү, тайманбас журналист катары калың эле кенен таанымал болуп калган жаш жигиттин мезгилсиз бул дүйнөдөн кайтып кеткени бүт элди, анын ичинде мени да кайгыга бөлөдү. Ошол эле ММКларда, социалдык тармактарда бул окуя тууралуу ар-түрдүү божомолдор айтылып, жазылып жатат. Бирок, соттук-медициналык, криминалогиялык экспертизадан кийин, өтө кылдат аткарылган тергөө иштеринен кийин гана чыныгы себеби жөнүндө сөз кылсак болмок. Айрыкча, бул кейиштүү окуядан да саясий упай топтоого далалат урган кээ бир адамдарды такыр түшүнө албадым. Анын ордуна, маркум инибиздин ата-энесине, жубайына жана жакын туугандарына терең көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшүүгө чакырат элем. Өлүм болгон жерде саясатка орун жок деген принципти катуу кармашыбыз керек.

- Ал ортодо Атамбаев мырза тергөө адилеттүү болушуна ишенбейм деген оюн билдирди. Бул канчалык деңгээлде негиздүү пикир?

- Атамбаев мырза өтө негизсиз ойду айтыптыр. Чынында, адилетсиз тергеп, соттор адилетсиз чечимдерди чыгарган системаны так ошол Атамбаев өзү түзгөнү жалганбы? Өзүнүн саясий оппоненттеринен так ошол буйрутма менен гана иш алпарган соттор аркылуу өч алганы жалганбы? УКМКга, Башпрокурорго, айрыкча сотторго түздөн түз буйрук берип, Атамбаевдин оюна кошулбаган, ага кошоматчылдык кылбаган эр-азаматтарды мыйзамдарды тебелеп-тепсеп туруп куугунтуктап, соттотуп акырында каматканы керек болсо бүт элге маалым. Ошондуктан, бүгүнкү күндөгү өлкөдөгү түзүлүшкө толук жооптуу адам катары, Атамбаев жана анын командасы тергөө жана сот адилеттүүлүгү жөнүндө сүйлөм эмес, сөз да айтканга моралдык укугу жок.

- Акыркы күндөрү дагы бир суроо коомдо резонанс жаратып жатат. Раим Матримовдун сот процесси ар түрдүү пикирди жараттууда. Сиздин оюңузду билсек. Айрыкча, ошол эле Атамбаев Раим Матраимовду коррупциянын символу катары сыпаттап жатат...

- Эми, мындай. Башка айтса да, ушул Атамбаев коррупция жөнүндө сөз кылбай эле койсунчу. Дача-суу, Лигласс, Датка-Кемин, Ош-Бишкек альтернативалык жол, музей жана Бишкек ЖЭБдагы космостук масштабдагы коррупциялык схемалар аныкталды. Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн Атамбаев жана анын командасы кайсы беттери менен коррупция жөнүндө сөз кылып жатышат деги? Өз кезинде Атамбаев өзү мактап, бажы тармагынан түшкөн каражат эселеп көбөйдү деп, Матраимовду өзү мактап жүргөн. Эми эле бийликтен кеткенден кийин, анын кайра сот аркылуу кызматына кайтып келүү аракетине өтө ич күйдүлүк менен карап, соттук чечимдин туура эмпстигин айтып жатат. Себеби, Атамбаев дагы деле бажы тармагын көзөмөлдөп, мурдагы ууру схемаларын пайдаланууну көздөп жатса керек. Бирок, жаңы бийлик, жаңы президент андай нерсеге жол бербейт деп ишенем. Ал эми соттун чечимине кайрылсак, сот тармагына тийешеси бар жана компетенттүү эксперттерден сурасам, алардын айтуусунда Исаков өз кезинде Р.Матраимовду эч бир жүйөлүү себептерсиз же бир комиссиянын чечимисиз, эле кызматынан алып салганын белгилешти. Анын үстүнө, ошол эле Атамбаев өзү деле далилдеди - "мен Сапар Исаковго айтып, Матраимовду кызматтан алдыргам! " деп. Демек, сот ошол жагдайларды эске алып, эмгек кодексине жана башка мыйзамдарга таянып, туура эмес ирээтте жумушуган алынган адамды, кайрадан кызмат ордуна кайтаруу чечимин кабыл алыптыр деп эсептейм.
Өз кезинде, менин башымдан мындан да оор нерселер өттү. Ошонун баарын кудайга койдум деп айтканым баарыңыздарга маалым. Мына, бүгүн ошонун баарын тарых өзү тастыктап жатканына сиз менен биз күбө болуп жатабыз. Ким ууру жана ким ууру экени Атамбаев жана анын командасы бийликтен кеткенине жарым жыл боло электе эле ашкереленип калды. Таба эмес, тообо кылалы!

Маектешкен Шаирбек Маматокторовскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив