Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Бейшенбек Бекешов, журналист: «Очойгон ордендерди шопуру менен жансакчыларына бергендерди көргөнбүз»

Бейшенбек Бекешов, журналист: «Очойгон ордендерди шопуру менен жансакчыларына бергендерди көргөнбүз»

24 янв 2020, 11:19    bishkek



Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешев агабыз быйылкы мамлекеттик сыйлык алгандарга купулу толгонун билдирип, айрым кишилердин атын атап, «Фейзбук» баракчасына аксакалдык сөзүн төмөндөгүдөй жазыптыр:

--Бул биринчи кезекте менин жыйырма жыл өмүрүм кеткен УТРКнын, алты жыл эмгектенген ЭлТР каналынын, азыркы иштеген жерим жана сыйлыкка сунуш кылган НьюТВ каналынын наамы. Ошондой эле мага отуз жыл бою санаалаш болуп, сүрөп турган эл-журттун, анан да кайран Бейиши болгон атам менен энемдин наамы. Менин азын-оолак эмгегимди баалап, ушул жолу жашыл жарык күйгүзгөн бийлик эгелерине ыраазымын. Менин баамымда эл башкарам дегендерде адам кадырын билүүдөн бийик милдет болбоого тийиш. Кадыр билген кадыр табат. Кадыр билбестер эмне таап жатканын башы иштегендин баары көрүп турат. Президентибизге менин эле эмес, бүгүнкү сыйланган топтун эле эмес, бүтүндөй эл-журтубуздун кадырына жеткен Манастай эл башы болуу насибин тилейм. Менин бүгүн айрыкча кубанганым сыйлангандардын көбү мугалимдер экен. Эл унуткан, мамлекет унуткан, бейбаш бала-бакыра тебелеп-тепсеген мугалимдер экен. Наамды ошолор менен алганга сыймыктандым. Береги мени менен сүрөткө түшкөн Токтомурат Осмоналиев деген кыргыз обондорун комуз менен аранжировкалоонун атасын тааныткан жападан жалгыз нукура талант. Концерт коюп мин сом тапса, ошол жерге эки мин сомдук чапанын унутуп кеткен апендилигин аныз кылышчу. Ошентип жүрүп эмгек стажы 47 жыл болуптур. Наамды мына ушул тирүү залкар менен алганга сыймыктандым. Манас орденине Роза Айтматова эжебиз татыса, анын жанында олтурган Айымкан Жаманкулова эжебизге маданиятка эмгек синирген ишмер деген наам 82 жашында ыйгарылды. 62 жылдык эмгек стажы бар экен. Он кишинин жумушун жалгыз аткарып, күнү бүгүнкө чейин жаштар менен тен жарышып иштеп келет. Унутта калган, б.а. ушу кишиге окшоп сыйлык сатчуларга пайда-батасы жок толгон киши жүрөт бул топто. Наамды ушулар менен алганга сыймыктандым.Баары тен адилеттик деген бар экен, акыры эмгегибиз бааланды дешет. Мекен үчүн, эл үчүн келесоолор гана иштейт деп эсептеген чондор сыйлыктардын материалдык жагын жулган тооктой кылып салганын деле билишет. Бирок атын атаса куту сүйүнөт, ушуга да шүгүр деп жүрүшөт. Рахмат Президентке, рахмат бизди эстеген азыркы бийликке деп жүрүшөт. Ушундай мээнеткеч жана карапайым эл гана кен пейил, ичиндегиси сыртында, кыпындай кири жок болот. Жегичтер менен жуткучтардын эмес, мына ушундай элдин кадырына жеткен бийликтин гана келечеги кен болот. Ошондуктан мамлекеттик сыйлыктарга эскиден калган жара, кутулбас куя катары эмес, атайын ойлонулуп багылган мамлекеттик чон саясат катары мамиле жасалышы керек деп ойлойм – дептир. Биз Бейшенбек аганын өзү менен байланышып, суроо салдык.


--Бейшенбек ага арыбаныз, өзүнүздүн социалдык түйүндөгү баракчаныздан быйылкы жылы татыктуу кишилер сыйлык алды дегендей пикиринизди билдирген экенсиз, бул чынбы?

--Мага ошондой сезилди. Мен ал жердеги элдин көбүн тааныбайм, өзүбүздүн маданият тармагындагыларды гана билем. Маданият тармагында жөн эле илинип калган кишилер эмес, эмгеги элге синген татыктуу адамдар алды, мындан улам ошондой ойго келдим. Маселен, 82 жаштагы Айымкан эжени эн жакшы билем, ага мурдагы замандарда эч ким сыйлык берген эмес. Ал эми Токтомурат Осмоналиев деген комузчуга сыйлыкка жакын жолотушмак эмес. Мына ушул кишилер өндөнгөндөр жүрдү. Айрыкча мугалимдер жүрдү, оскоол-тоскоол кийимдери менен. Аябай даярданып келишиптир, бирок жетпеген дүйнө кийимдерден билинет экен. Эмгектин түйшүгүнөн аксап, бүкчүйүп калышкандар, кебете-кешпиринен кеткендер жүрдү. Ушулар сыйлык албаганда ким алат? Анан койкоктоп барып жансакчылар сыйлык алган учурларды көрбөдүкпү.

--Өкөндө Кубатбек Жусубалиев сыйлык алганда дагы эл бир сүйүнгөнүн көргөнбөдүк беле?

--Ии, Жусубалиевге дегеле эч ким бермек эмес. Мамлекет унуткан киши болчу да. Ошол инсанды таап келип сыйлаганы эн мыкты иштин бири болгон. Менимче, сыйлыктар боюнча жакшы бир саясий эрк пайда болду. Бул биринчи жетекчинин кадамы да. Эми ушул ишти мындан ары ийгиликтүү уюштуруш керек. Наам берүү боюнча атайын саясат керек. Илгерки негизин калабына келтирип, заманбап талаптарын кошумчалоо зарыл. Мамлекет адамдардын эмгегинин акыбетин кайтарып материалдык бир, нерсе бералбаган сон жакшы сөз менен көнүлүн көтөрүү ишин колго алыш керек. Жакшы сөздүн чону ушул. Муну жашыруун комиссиялар менен эмес, атайын ачык талкуу менен отуруп, элдин баары билгендей болушу шарт. Жен ичинен болгондо мааниси кетип калат. Саясий эрк бар экени көрүндү, эми жасай турган ишти жолго коюу милдет. Мурдагы «чон сөрөйүбүз» тирүүлөрдөн Ш.Дүйшеев менен маркумдардан Т.Эгембердиев гана тааныган неме болчу да. Аны дагы өзү тааныбай, (Шайлообектин китебин окуганын Кудай билет) жанындагы жанжөкөрөлөрү жазып бергенби деп ойлойм. Ошондой неме кишинин кадырын билеби? Кыргызда сөз айтуунун өзүнчө наркы бар. Ушундай нарк Манастан бери келе жатат, ошону киргизишибиз керек.

--Мурдагы президенттин тушундагы алешемдиктин чекесин сыйрыдыныз, ошол маалда наамдар берилгенден кийин нааразычылыктар көп айтылчу. Жансакчы, шопур, эки жыл сахнада жүргөн ырчы менен чоорчуга берди дегендей сөздөр. Эки жылдан бери ушундай сөздөр айтылбай калды окшойт…

--Ачыгын айтайын жаны президент келгенден бери андай нерсени байкаган жокмун. Анан эми мурдагынын тушунда сыйлыктарга мораторий жасап койгон да. Бул мамлекет, эл үчүн келесоолор гана иштейт дегендин белгиси болду да. Эми сыйлыктар берилбейт экен деп жатсак аягында очойгон ордендерди жансакчы, шопурларына бербедиби. Бул таптакыр азынап кеткен акмакчылык да. Андан мурун сыйлыктарды ачык эле сатышты. Саткандар жыргаган жок, шүмүрөндөп суук тумшук болуп жүрүшөт.


Памир Манас

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив