Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Бөдөш Мамырова, коомдук ишмер, мурдагы вице-спикер: “Сот системасын, укук коргоо органдарын реформалоо боюнча алгачкы жыйынтыктар чыга баштады”

Бөдөш Мамырова, коомдук ишмер, мурдагы вице-спикер: “Сот системасын, укук коргоо органдарын реформалоо боюнча алгачкы жыйынтыктар чыга баштады”

10 июл 2018, 10:45    bishkek
0 комментарий   




-          Жакында президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин трибунасынан жалпы элге кайрылып, бир катар орчундуу маселелерди ортого салды. Өлкө башчысынын бул кайрылуусу коомчулукта түрдүүчө бааланып жатат. Сиз саясатчы, мурдагы вице-спикер катары президенттин бул кайрылуусун кандай бааладыңыз?
-          Президенттин  кайрылуусу мыйзам чегиндеги көрүнүш. Өлкө башчысы эл тарабынан шайлангандан кийин элге өзүнүн кайрылуусун жасап турушу керек. Бул жолу президент өз укугун пайдаланып, эл тарабынан шайланып келген Жогорку Кеңештин трибунасынан кайрылды. Анын кайрылуусу боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бул эми закон ченемдүү көрүнүш. Ал эми жалпы кайрылуу тууралуу айтсам, ал өз убагында жасалып, анда бир катар орчундуу маселелер көтөрүлдү. Биринчиден, Сооронбай Шарипович буга чейин бир катар аракеттер жасалганы менен андан жыйынтык чыкпаганын ачык айтты.  Андан сырткары өзүнүн 8 айлык ишмердүүлүгү учурунда канчалык иштер аткарылып жатканын, президент тарабынан коюлган талаптар канчалык жүзөгө ашып, же ишке ашпай жатканын да ачык айтты. Алдыда жасала турган иштерди тизмектеди. Айрыкча сот рефомасын баса белгилеп, бул ишти аягына чыгаруу керектигин талап кылды. Ошол эле мезгилде президент парламенттик башкаруунун жактоочусу экенин, парламенттик башкаруунун бекемделишин, парламентаризмди колдой турганын белгилеп, анын бизге ыңгайлуу экенин баса көрсөтту. Дагы мени абдан ынандырганы, өлкө башчысы да маани берген экен, парламентти иш билги, мыйзам чыгаруу жаатында түшүнүгү кенен, чыныгы профессионалдардан түзүү  керектигин, ал үчүн  парламентти, Конституцияны, мыйзамдарды сактоого чакырып кетти. Шайлоо астында партиялык тизмелерди түзүүдө лидерлерге абдан жакшы коңгуроо какты. Тизмени түзүп жатканда терең ойлонууга, ошол чечим үчүн жоопкерчиликти алууга, тизме аягына чейин катуу сакталышы керектигин белгиледи. Бул партия лидерлерге болгон атайын тапшырма, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик. Өзүңөр билесиңер, тизменин түзүлүшү боюнча Жогорку Кеңеште кандай ызы-чуу болгонун. Анан дагы президент кадр саясаты тууралуу абдан түйшөлткөн, ошол эле учурда омоктуу бир ойду айтты, менин жеке пикиримде кирди-чыкты кадрларды сунуштабагыла, өкмөттү иш билги, тажырыйбалуу кесипкөй кадрлар менен түзгүлөчү  дегендей чакырык таштады. Ошол эле мезгилде аймактарды өнүктүү, коррупция боюнча да жакшы токтолду.
-          Президенттин ишке киришкенине 8 айдын жүзү болсо да коррупцияга каршы күрөштө жыйынтык жок деп сындагандар бар. Сиз мындай айыптоолорго кошуласызбы?
-          Сот системасын, укук коргоо органдарын реформалоо талабы боюнча алгачкы жыйынтыктар чыга баштады. Мисалы, жакында эле Жогорку Соттун 3 судьясына Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду, билинбегени менен бир топ куч структураларынын дагы кызматкерлери кармалып атат.Жогорку соттун судьяларына иш козголот деген дегеле Кыргызстандын тарыхында болгон эмес, бул бир жагынан ото сенсациялуу корунуш. Бул дагы президенттин улам-улам коомчулукка, укук коргоо органдарынын жетекчилерине реформа боюнча койгон талаптарынын алгачкы жыйынтыгы деп эсептеймин.
Туура, 8 ай болду жыйынтык болбой жатат деп айткандар бар. Бирок, бизде коррупция абдан тамырлашып өтө отурукташып калган. Эгемендик жылдан бери эле ээрчип  келе жатат, алтургай көнүмүш адаттай эле күнүмдүк жашоого сиңип да  калган. Ошондуктан кыска мөөнөттө тыптыйпыл кылып тазалап коюу оңой оокат эмес. Башталышы болуп атат. Президент коррупция менен күрөшүүдө тууганына, досуна да карабай турганын айтып, коррупцияга шектелгендер кызмат даражасына,  сиңирген эмгегине карабай жооп бере турганы иш жүзүндө байкалып, акырындык менен анын өтөөсүнө чыгып жаткандай, жыйынтыгын күтө туралы. Эл тарабынан шайланган президент мыйзамдуу түрдө бийликти өткөрүп алганы менен, көмүскө тизгин талашып,  “аттан түшсөмда үзөңгүдөн бутумду чыгарбайм” деген экс-президенттин бийлик талашып турганы, такталган жана такталбаган маалыматтарда  байма-бай айтылып турду.Чыдабай кеттиби кийин өзү ачыкка чыгарып, далилдеп койду. Менин жеке пикиримде ошол 8 айда өзү ачыкка чыкканга чейинки мезгилинде, экс-президент, Сооронбай Жээнбековго өз алдынча башкарууну бербей бийлик талашып,  абдан тоскоол болуп туруп алды. Мамлекеттик ички иштерге кийлигишкени аз келгенсин тышкы саясатты дагы жетээр жерине жеткирип кетти. Ойлонбой ойду тоону сүйлөп атып коңшулар менен эзели элдешкис кырдаалга кептеп койгон эле да. Элге билинбегени менен Сооронбай Жээнбеков абдан оор кырдаалда , ички интриганы пикир келишбестикти сыртка чыгарбай,  өлкө башчы катары коңшу мамлекеттер менен өз убагында абалды жайгарып, өтө сабырдуулук менен иш жүргүздү. Мындан улам өз алдынчалыктын акыркы убактарындагы сезилээрлик деңгээлдеги иштердин жыйынтыгы катары, коррупция менен күрөш өз натыйжасын берип  жатат.
Коррупцияга каршы күрөш боюнча айтып кеттиңиз. Ошол эле кезде коррупцияга каршы шектелгендер, алардын туугандары жемкорлук менен күрөш тандалма жүрүп, Атамбаевдин кадрлары кугунтукталып жатат, Кыргызстанда саясий гана куугунтук болууда деген сөздөрүн айтып жатат. Деги эле бизде азыр саясий куугунтук барбы?
Эгерде коррупцияга каршы күрөштө тандалма саясат жүргүзгөндө Сапар Исаков камалбайт эле. Ошол эле абакта отурган бир топ чиновниктерге иш козголбойт болчу. Анткени Сапар Исаков баш болгон ЖЭБдин айланасындагы коррупция менен шектелгендердин көпчүлүгө КСДПнын кадрлары. Президент тандаган жок го. Бул жерде жасаган ишине жараша кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалууда. Мына азыр тергөө иштери жүрүп, алардын канчалык деңгээлде күнөөсү бар экенин сот аныктайт. Саясий куугунтук болгудай УКМКнын тергөө абагында кармалгандардын бирөөсү дагы буга чейин саясатта болгон эмес, бирөөсү дагы бир күн бийликке оппонент болгон эмес. Булар дайыма бийликте отургандар. Болгондо дагы кээ бироолор ушул кунго чейин майлуу суттуу. жеп ичкенге ынгайлуу кызматтарды аркалаган, жашоосун жалан гана алып жулуп журуп туптогондор. Анан кантип саясий куугунтук деп айтса болот? Алгач саясий куугунтук дегендин маанисин тушунуу керек.
- Сапар Исаковду, Жантоөрө Сатыбалдиев саясий фигура эмес, аткаруучу деп айтып жүрүшөт...
- С.Исаков дагы, Ж.Сатыбалдиев дагы саясий фигура эмес, ошол эле убакта аткаруучу дагы эмес, экөөсү тең өкмөттү жетектеп өз алдынча бийлик жүргүзгөн адамдар. Сапар Исаков качан чоң саясатта жүрдү эле? Ал Курманбек Бакиевдин тушунда эң коррупциялашкан  Максимдин ЦАРИИсинде жүрүп, ТВЕАны ошондо тааныган, кийин баарын жетелеп барып бирден-бир демилгечи болуп атбайбы. Ошондой эле С.Исаков Бакиевдин тушунда да, Атамбаевдин тушунда да тышкы саясатты тейлеп турду. Ага кылмыш иштин көлөмүнө, анын аралашканына жараша айып тагылып жатат. Азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. Эгерде ак болсо сот тарабынан акталып чыгат. Мен аларды саясий куугунтукка кабылды деп эсептебейм.
-          Экс-президент Атамбаевдин убагында чынында саясий куугунтукка кабылып, соттолгон бир катар саясатчылар боюнча сот өкүмү чыкты. Ошол эле Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров боюнча. Коомчулукта  “соттор мурдагы президент Атамбаевдин убагындагыдай саясий заказдарды аткарып жатат,  Жээнбеков баягы эле Атамбаевдин жолуна түштү” деген пикирлер айтылууда. Алардын жүйөсүнө таянып жогоруда аты аталган саясатчыларды жаңы президент сот ишине кийлигишип акташы керек беле?  
-         Ооба сотторго жогору жактан буйуртма болуп жүргөнү үчүн бир топ саясатчылар саясий куугунтуктун курмандыгы болгон. Сот реформасын ишке ашыруунун бирден бир элементтери болуп  жогору жактан басым кылбай, сотторду өз эркине коюшубуз керек. Соттун чечимдерине коомчулук ынангандай даражага жетишибиз зарыл. Текебаевдин ишин Атамбаевдин убагында эле шашылыш түрүндө 3 инстанциядан каратып, бүтүп кеткен. Мен кеткенден кийин акыйкат каралып калбасын деп. Андыктан анын ишин кайра карап чыгыш үчүн орчундуу бир жаны ачылган  жагдайлар чыгышы керек болчу. Жаңы жагдайлар дагы табылган жок деп прокуратура жооп берип койду.
С.Жапаровдун ишинде бир жаңылык  болот деп коомчулук менен кошо мен дагы күттүм эле.  Тилекке каршы андай болбой калды. Президент жактан түздөн-түз буйрук болбогондуктан, башкача айтканда кийлигишүү болбой, сотторду өз эркинче болгондуктан ушундай чечимин чыгарып койду го деп калдым. Ошол эле мезгилде азыркы Жогорку соттун негизги курамы Атамбаевдин убагында куралганы дагы таасирин берди болуш керек. Алар экс-президенттен кандайдыр бир деңгээлде моралдыкпы, адамгерчилик жагынан байланышкан көз карандылык бар болушу керек. Бул жааттан алып караганда соттор жогору жактан кысым болбогондон кийин С.Жапаров боюнча Атамбаевдин тушундагыдай чечимди калтырып койду. Болбосо негизги күбөлөр өз дооматтарынан баш тартып, иште кылмыштын элементтери толук жокко чыгарылганын жактоочулар сот жүрүшүндө далилдеди эле да. Жок дегенде мөөнөтү жеңилдетилип жакын арада  өзгөрүү болуш керек эле. Б. Асанов, К. Кадыров боюнча мен өзүмө-өзүм абдан көп суроо берип жооп таба албай келем. Бир кезде ошол кездеги системага каршы, бийликти мыйзамсыз алмаштырабыз деп жүргөндө Б. Асанов менен К.Кадыров баарыбызга, айрыкча А. Атамбаев үчүн өзгөчө маанидеги инсандар эле. Бир мезгилде Атамбаев режиминин курмандыгы болуп түрмөгө түшөт деп эч кимдин түшүнө да кирбесе керек.   
-          2016-жылы өткөн референдумда президенттин ыйгарым укуктары дагы кыскарган. Негизги чечүүчү күч өкмөттө. Бирок эл баарын президенттен эле үмүт кылат. Президенттин иштегенине 8 ай болду эмнеге натыйжа жок деп аны сындагандар бар. Ыйгарым укугу аз чектелген президенттен көп нерсе күтүү канчалык деңгээлде туура?
-        Ооба Конститутцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин өкмөттүн функциясы бир топ кеңейген. Албетте коррупция менен күрөш жүрүп жатканын, буга президенттин салымы чоң экенин коомчулук деле баам салып турат. Ал эми ички өнүгүү, социалдык абалды жакшыртуу, инвестициялык саясат, экономикалык тармактын баары өкмөттүн колунда да. Өкмөт деле  жаңыдан куралды. Жогорку Кеңештеги фракциялардын сунуштары менен коалициялык көпчүлүктүн чечими менен куралып ишке киришти. Экономикалык өзгөрүүнү, элдин жашоо турмушунун  оңолушун, мындан кийин өкмөттөн гана күтүшүбүз керек. Айлык маянаны, пенсия жөлөк пулду көтөрүүдө кайсыл булакка таянат, инвестиция тартууда кандай жылыштар болот, бюджеттин толукталышы боюнча кандай иш алып барат, ички сырткы карыздардын коломун азайтуу боюнча кандай саясат жүргүзөт,  анын баары өкмөттүн программасында коомчулук мунун баарын өкмөттөн күтөт.
-          Өкмөт жаңыдан бекигенде “чапанын алып, чалдар келди” дешип кескин сындагандар болду. Жакында эле өз ишин баштаган министрлер кабинетинин көпчүлүгү менен иштешкенсиз, жакындан билесиз. Эми ушул өкмөттөн үмүттү үзүп койсо болобу, же сапаттуу иштеп кете алабы?
-          “Чапанын сүйрөп чалдар келди” деген эми бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы дегендей эле кеп. Эч нерседен түшүнүгү жок, үйүндө чай ичип отурган эле пенсионерлер келген жок да. Муну коомчулук деле жакшы түшүнөт. Өкмөттүн курамында ушул кезге чейин министр болуп, орчундуу жерде иштегендер басымдуу. Премьер-министр Соцфондду 5 жыл бою башкарып турду. Бул кызмат жалаң пенсионерлер менен иштеген абдан оор, ошол эле убакта өз алдынча тармак. Пенсия күн сайын өзгөрүлүп туруучу, нааразычылыкты туудурган, ошол эле кезде акча кармап турган, аны рационалдуу пайдаланууну талап кылган мекеме. Тынбай кирип-чыгып турган каражатты бөлүштүрүүнүн өзү абдан машакаттуу иш. Мен ошол кезде вице-спикер катары социалдык блокту тейлеп, ал жигит менен жакындан иштешип калгам. Бул бала абдан сабырдуу, оор басырыктуу иш алып барган кадр. Анын ойлонуп иш алып барганына канааттанбай жатат окшойбуз. Анткени жыртык тешикти жакшы билген,байма бай убадага тойгозуп, анан  бат эле тенде-мендер, жол-көпүрө баштай коюп,  артынан чуусу чыгып эле нааразычылыктар пайда болуп, жол бүтпөй, көпүрө салынбай, ызы-чуу чыгып калчу.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдар министри болуп, 6 өкмөт башчысы менен иштешип, 7 жолу парламентте ант берген жигит. 7 жолу ант берген министр өкмөттүн тарыхында сейрек кездешүүчү көрүнүш. Президент айткандай анттын жүгү оор, ар бир берген антынан алган таасири деле чоң жоопкерчилик. Ж. Раззаков деле жөн жай эле кокустан келип калган жок, тажрыйбасы мол. Социалдык блокту тейлеген вице-премьер Алтынай Өмүрбекова ар кандай тармакты алып кете ала турган жөндөмдүүлүгүн иш жүзүндө көрсөттү. 5-чакырылышта чогуу иштешип да калдым. Идиреги бар, жөндөмдүү, социалдык жакты  тейлегенди билген кыз. Бишкектин Ленин, Свердлов райондорунда аким болуп анда да камчы салдырбай иштеди, андан кийин Жогорку Кеңешке экинчи жолу депутат болуп келди, ишти алып кетет болуш керек деген үмүт бар. Дагы бир орун басары Замирбек Аскаров деле Ош мэриясында иштептир, мен жакындан билбейт экенмин, жаш бала экен, тартып кететтир. Ал эми фракциялардан сунушталган министрлердин жоопкерчилиги фракцияларда.  Эми бул өкмөттү да көрөбүз, такыр тартып кете албай турган болсо дароо эле билинет. Азыр коомчулук мурункудай эмес, баарына даяр болуп калган.
-          Президент ишке киришкенден бери  бир катар мамлекетке иш сапар менен барды. Анын ичинде коңшу мамлекеттерге, Европага, Түркияга, Кытайга дегендей. Негизи эле тышкы саясатты аныктаган президенттин чет өлкөгө жасаган сапарларынын жыйынтыктары кандай болуп жатат?
-         Парламенттик-президенттик башкарууга өткөндөн кийинки 5-чакырылыштагы Жогорку Кенеш "тышкы саясатты президент гана аныктайт" деп мыйзам менен бекитип  бергенбиз. Ошол конституциялык мыйзамдын негизинде мамлекеттин тышкы саясатын, анын ичинде эл аралык деңгээлдеги ар кандай сүйлөшүүлөрдү, келишимдерди түзүү президентке гана берилген. Ички саясат башка маселе, ал эми тышкы саясатты коңшулар менен, улуу державалар менен улуттук кызыкчылыктын негизинде жогорку денгээлде алып кетүү чоң саясатты жана өтө чеберчиликти талап кылат. Менин баамымда Сооронбай Шарипович жүргүзгөн тышкы саясат  бир нукка түшүп калды. Тышкы саясатты өзүнүн деңгээлинде алып кетти. Ички саясатта коррупцияга каршы күрөштүн негизинде президентке абдан чоң ишеним пайда болуп жаткандай, тышкы саясатта да башка мамлекеттердин жетекчилери арасында Сооронбай Жээнбековго ишеним жаралды. Мисал катары Россия баш болгон бир катар коншу мамлекеттерге - Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен болгон алаканын жөнгө салынышы, Казакстанга жасаган алгачкы сапары абдан жемиштүү башталды. Жаңы шайлаган президенттин Казакстанга жасаган сапары учурдун абдан маанилүү иш сапары экенин коомчулук жон териси менен сезип, кандай чечилээр экен деп санааркап турган мезгил болчу. Кылымдар бою аласа-бересебиз бекем канатташ Казакстан менен мамилени калыбына келтирип  чечип алдык. Казак президенти дагы кыраакы киши да, жаңы мамлекет башчысын абдан жогорку деңгээлде күтүп алды.Өзбекстан менен дагы көп жылдар бою чечилбей келген чек ара маселеси жөнгө салынды.
-          Бирок, тышкы саясатта олуттуу кадамдар ташталып жатканын коомчулук толук түшүнө элек. Буга эмне себеп болуп жатат деп эсептейсиз?
-          Туура, өзгөчө Түркияга, Евробиримдиктин чакыруусу менен Бельгияга болгон, жакында эле бүт дүйнөнүн көңүл чордонунда турган улуу держава аталган Кытай мамлекетине болгон иш сапарларынан коомчулук учкай гана кабардар болуп калды. Өтө жогорку деңгээлде, жылуу маанайда тосуп алганын мындай турсун,  жогорку эл аралык деңгээлде сүйлөшүүлөр болуп, маанилүү документтерге кол коюлуп, келечек үчүн бир топ пайдалуу биргелешкен долбоорлор ишке аша турган сүйлөшүүлөр болду. Айрыкча Бельгиягада Евробиримдиктин “4 арстаны аталган Европарламенттин жетекчиси, Коопсуздук боюнча комитеттин башчысы, Адам укуктары департаментинин жетекчиси, Массалык маалымат каражаттары жана сөз эркиндиги боюнча жетекчилик менен бир мезгилде, бир форматта сүйлөшүү жүргүзүүнүн мааниси, көтөрүлгөн маселер, жетишкен келишимдер, мындан аркы алака кандай нукта жүрө турганы, эң негизгиси Кыргыз мамлекетине болгон кызыгуунун эл аралык деңгээлге көтөрүлгөнү жөнүндө коомчулук терең түшүнүк алган жок. Ал тургай Европарламенттин жетекчиси Италиядагы 3 күндүк иш сапарын С. Жээнбеков менен жолугуу үчүн кыска мөөнөттө жыйынтыктап, атайын кайтып келгендин өзү эле канчалык маанилүү экендиги жөнүндө кеңири айтылган жок.  Түркиянын кайрадан шайланган президентинин инагурациясына Эрдогандын чакыруусу боюнча Анкарага учуп кеткенин коомчулук бүгүн билип атат, аны дагы интернет сайттардан. Адатта президенттин ар бир иш сапары, алдын ала маалымдалып, анын жыйынтыгы боюнча массалык маалымат каражаттарынан, коомчулукка түшүктүү болгондой жөнөкөй тил менен элге жеткиликтүү кылып, атайын чыгарылыштар байма-бай уюштурулуп турчу. Эмнегедир Сооронбай Шариповичтин маанилүү иш сапарлары, анын жыйынтыктары, канчалык жемиштүү болгонуна карабай элге кеңири жеткирүүнү маалымат катчылыгы тарабынан алгылыктуу колго ала албай жатат. Өзгөчө сый менен жогорку деңгээлде тосуп алды деген көнүмүш маалыматтар менен эле чектелип калып жатат. Мындан ары президенттин тышкы саясаттагы ар бир жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүн, жетишкен келишимдеринин жыйынтыктарын, элге жеткирүүнүн үстүндө маалымат кызматы жоопкерчиликти күчөтүп, өтө  тыкыр иш жүргүзүүсү керек. Өткөнгө кайрыла турган болсок, президенттин маалымат кызматын эл аралык деңгээлде саясат жүргүзө ала турган, ар бир кыймыл аракетти көз жаздымда калтырбаган, коомчулук менен тыгыз байланышта болгон, маалымат айдынында байкоо жүргүзө турган кадрлар башкарып келген. Муну сөзсүз эске алуу керек. Антпесе президент тышкы саясатта бир топ алгылыктуу иштерди жүргүздү, жыйынтыгын чагылдырууда маалымат кызматы жете албай, ат чабым артта калды.

 

скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;