Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Абдижапар Аккулов, ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы: “Азыркыдай шарттарда профсоюзда иштөө жеңил эмес”

Абдижапар Аккулов, ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы: “Азыркыдай шарттарда профсоюзда иштөө жеңил эмес”

02 дек 2019, 15:58    bishkek
ОшМУнун бириккен профсоюз комитетин көп жылдан бери Абдижапар Аккулов жетектеп келет. Өз ишинин устасы, дасыккан адис гана кынтыксыз иштейт эмеспи. Анын сынарындай Абдижапар Ураимович да кесипкөйлүгү менен профсоюздун ишин алдыга сүрөп келгени талашсыз. Иш билги жетекини кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп ала алдык…

--Абдижапар Ураимович, ОшМУнун профсоюз комитетин бир топ жылдан бери жетектеп келесиз. Иштин көзүн билген мыкты, жогорку денгээлде кесипкөй адис экенинизди кесиптештериниз сыймыктануу менен айтат экен. Алгачкы жолу профсоюз комитетинин төрагасы болуп кайсы жылы дайындалгансыз?

--Алгач жылуу сөздөрүнүзгө ыраазычылык билдирем. Мен ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы кызматына алгач 2004-жылы ноябрь айында альтернатива жок бекигем. Экинчи ирет 2009-жылы да альтернатива жок жетекчи болдум Ал эми үчүнчү жолу 2014-жылы альтернативалык негизде, тактап айтканда 135-32 эсеп менен кайра шайландым. "Токой чарба техниги" (Россия, Тула-1989-ж.), "География" (ОшМУ-1994-ж.), "Геоэкология" (Бишкек-2002-ж.) боюнча адис, география илимдеринин кандидаты жана ошондой эле доцентмин. Кырктан ашуун илимий, публицистикалык, анын ичинде профсоюздук ишмердик боюнча да макалалардын авторумун.

--Сиз жетекчи болуп келгенден бери бирикке профсоюзда кандай жетишкендиктер болду жана кандай иштер аткарылды дегендей?..

--Бул жылдар аралыгында бир топ иштер аткарылды. Алсак, кызматкерлерди жана студенттерди социалдык жактан колдоо боюнча ректорат менен профкомдун ортосунда үч жылдык мөөнөткө кабыл алынган жамааттык келишим төрт жолу жаңыртылып, мазмундуу өзгөртүүлөр киргизилди. Анда социалдык укуктарды коргоо, эмгек акыны индексациялоону жыл сайын бир жолудан кем эмес ишке ашыруу, 13-эмгек акыны төлөп берүүгө жетишүү, муктаж кызматкерлерге жана студенттерге материалдык жардам, кошумча эмгектик өргүү берүү боюнча иш алып бардык. Ошондой эле зыяндуу жумуш орундар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү, эс алуучу жайларга жолдомолор менен жеткиликтүү камсыз кылуу, турак-жай маселесин чечүүгө жетишүүгө аракет кылып жатабыз. Мындан сырткары маданий-массалык иш-чараларды, спортту колдоо, илимий-изденүүчүлүк иштерди стимулдаштыруу, эмгектин, окуунун алдыңкыларын мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоо, муктаждыгы бар студенттерге контракттык төлөмдөрдөн жеңилдиктерди берүү сыяктуу приоритеттерге негизги көңүл бурулууда. Алдыда дагы аткара турган бир топ пландуу иштерибиз күтүп турат.

--ОшМУ бүгүн өлкөбүздөгү алдынкы ЖОЖдордун катарында. Сиздердин университеттин артыкчылыктарын конкреттүү мисалдар менен айта кетсеңиз?

--Бүгүнкү күндө ОшМУда эмгек акы башка окуу жайларга салыштырмалуу кыйла жогору. Жумуш орундарында заманбап шарттар түзүлгөн. Окуу имараттарынын, студенттик жатаканалардын көпчүлүгүндө капиталдык ремонттор жүргүзүлгөн (чатырлары жаңыланган, подвалдары вентиляциялык жабдуулар менен камсыз болгон, туалеттер оңдолуп жаңыртылган). Жыл сайын жалпы 400дөн ашуун кызматкерлер менен студенттер Ысык-Көлдөгү университеттин "Үмүт" пансионатында эс алып келишет. "Жалал-Абад", "Мамакеев", Тажикстандын "Бахористон" санаторийлери менен түз келишимдер түзүлгөн. Салык Кодексине кирген өзгөртүүгө ылайык окуу жайлардагы контракттык төлөмдөрдөн топтолгон атайын каражаттардан 20 пайыз салык алуу "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга каршы келээрин түз айтып, маселе койгонбуз. 2012-жылдан тарта ал норма жокко чыгарылгандыгында биздин ролубуз чоң болгон. Кара-Суу районунун Ош шаарына чектешкен аймагынан 50 кызматкерге турак-жай куруу үчүн жер участокторун 3 жылда төлөп алуу шартында жер участокторун алып бердик (мындан "үлүш" алабыз деген райондун прокуратура кызматкерлери менен эки жыл соттошуп, айрымдарын жумушунан кетирүүгө жетишкенбиз. 2010-жылы "Кыргыз Туусу" гезитине бул боюнча коррупцияны ашкере кылган макалабыз жарык көргөн). "2015-2020-жылдар аралыгында Арзан турак жай" ипотекалык программасынын рамкасында ОшМУнун 140 ка жакын, ал эми Ош шаардык муниципиалдык ипотека программасы боюнча (Ош шаардык кеңешине талап коюу менен биринчи төлөмдү 30 пайыздан 20 га, жылдык 12 пайызды 6га түшүрүүгө, ал эми 7 жылдык мөөнөттө төлөп кутулууну 12 жылга узартууга, банктык 5 пайыздык кызматты бекер кылганга жетишкенбиз) 26 кызматкерибиз батирлүү болгонго жетиштик. Биздин демилгебиз жана сунушубуздун негизинде бюджеттик негизде окуп жатып, түрдүү себептерден улам окуудан четтетилген студенттерди, кайра окууга тикеленүүдө буга чейинки окутууга кеткен каражаттарды төлөөдөн бошоткон норманы киргизүү боюнча 2018-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 157-токтому кабыл алынды.

--Университеттин жетишкендиктеринде профсоюздун орду чон экендиги талашсыз эмеспи. Сиз жетектеген профкомдын азыноолак иштерин токтоло кетсениз?

--Биздин профком өз ишмердигинин жыйынтыктары боюнча билим, илим кызматкерлеринин Ош областтык профкомунун, республикалык тармактык профсоюздун жана бир катар конкурстарынын жеңүүчүсү болдук. Бүгүнкү күндө бюджетник студенттерден сырткары, бакалаврда күндүзгү бөлүмдө окуп жаткан контрактник студенттерди, ошондой эле, колледждин студенттерин профсоюзга мотивациялоо, мүчөлүккө кабыл алуу жүрүүдө. Өлкө боюнча жападан жалгыз 50 койка орундуу студенттик профилакторий ОшМУда сакталып калышына жетиштик. Мында студенттер жашаган бөлмөлөр, дарылануучу кабинеттер, медициналык жабдуулар, ашкана, ата-энелер үчүн конок бөлмөлөр, телезал жана кичинекей китепкана ошондой эле Wi-Fi бар. Анын бюджети Кыргызстан профсоюздар федерациясы тарабынан бөлүнүп, бүгүнкү күндө 4.2 миллион сомду түзөт. Жыл сайын 8 агым уюштурулуп, 400 студент 4 маал тамактануу менен кошо 20 күнгө бекер берилген путевкалар аркылуу саламаттыгын чыңдап жатат. Өткөн 15 жыл аралынында профсоюздун бюджети 1.5 миллион сомдон 6.5 миллионго чейин көтөрүлдү. Профкомдо ушул тапта эмгек акы төлөнгөн төрага, башкы эсепчи, төраганын студенттер менен иштөө боюнча орун басары - Студенттик акыйкатчы, "Биримдик" спорт клубунун төрагасы, иш алып баруучу 5 штат бирдиги бар.

--Ар бир тармактын жетекчиси алдыга жасай турган иштеринин планын коет эмеспи. Сурайын дегеним алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

--Алдыда өлкөдөгү профсоюздук ишмердикти жаңылоого, андагы эски методикадан арылууга салым кошсок деген ойлорубуз бар. Тактап айтканда, "Профсоюздар жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбооруна бир катар сунуштарыбызды бердик, алардын айрымдары эске алынды. Профсоюздун жогорку органдарындагы интригалар жалпыбыздын ишибизге кедергисин тийгизип жаткандыгын ачык айтып келдик. Мисалга, Ош областтык профсоюздар Кеңеши тарабынан демилгеленип, "Ош" пансионатынын жеке адамдарга сатылып кеткен 2гектарга жер аянтын кайтарып алуу, профсоюздун мүлктөрүн талап-тоноо, талкалап жоготуу боюнча укук коргоо жана сот органдарына кайрылуубуздун натыйжасында ал жер участокторуна бкрилген документтер жокко чыгарылды. 2018-жылы июнь айында КРнын ЖКнин депутаттары менен жолугушуудан соң ОшМУнун кызматкерлери үчүн көп кабаттуу турак-жай курууга Ош шаардык мэриясы тийиштүү жер участогун бөлүп берсин деген чечим кабыл алуусуна жетишкенбиз. Алдыда ОшМУнун турак-жай куруучуларынын фондун түзүп, жер участогу бөлүнүп калса жумуштарды баштоо боюнча айрым курулуш компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эми мындан ары ушул окуу жылыбыздын башында ОшМУнун ректораты менен профкомунун ортосунда 2019-2022-жылдарга кабыл алынган жамааттык келишимдин талаптарына ылайык иш алып барабыз.

--Сиз жетектеп келген профсоюздун жетекчилигинин иштөө мөөнөтү аяктап калгандыгына байланыштуу жакында кайрадан шайлоо болот экен…

--Быйыл биздин шайлообуз ноябрь айында өтмөк. Бирок, бул айда биздин окуу жайыбыздын ректорун шайлоо белгиленип, мен аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинде мүчө болуп иштедим. Андан соңку убактарда ректораттын курамында бир катар жетекчилерибиздин алмашуусу жүрдү. Ошондуктан мындай иштерге параллелдүү профсоюздук шайлоону өткөрүү туура эмес болоорун билдирген пикирлер көп болду, аны кийинчерээк мөөнөткө, студенттерибиздин кышкы сессиясына, жылдык иштерди жыйынтыктоого тоскоол болбой тургандай убакытка жылдыруу максатка ылайык болоору жөнүндө сунуштардын негизинде отчеттук-шайлоо конференциябызды кышкы каникулдан кийинки мезгилде, тактап айтканда 2020-жылдын февраль айынын биринчи жарымында өткөрүү боюнча профкомдун Президиумунун чечими кабыл алынган. Буга профсоюздук Уставдын нормалары жол берет жана бул туурасында профсоюздук жогорку органдар жана социалдык өнөктөшүбүз катары ректорат менен да макулдашылган.

--Кайрадан шайлоо бара турган оюңуз барбы?

--Ооба, «Мен кайрадан шайлоого барам»-деген бекем позициям туурасында ачык айтып келем. Муну көптөгөн кесиптештерим жакшы билет. Себеби, профсоюздук ишмердикти мен өзүмдүн стихиям деп билем. Шайлоого катышам дегендерге, анын ичинде өзүмө да кайсы-бир тараптан бут тосууларга жол бербейбиз деп ойлойм. Буга чейинки шайлоолордо бир аз болсо да андай көрүнүштөр, аракеттер болгон. Мен аны жарандык да, саясый да көз карашыма байланыштуу башымдан өткөргөм. Шайлоого катышам деген ою барларды билем, тааныйм, алар мен сыйлаган, жамаат ичинде кадыр-баркы бар инсандар. Профсоюздун лидерин жамаат мүчөлөрү гана тандайт жана шайлайт, башка тараптардын шайлоого киришүүсүнө, таасир этүүсүнө жол берилбеши керек, ал өзүбүздөн көз каранды!

--Коррупция деген жугуштуу оорудай бир илдет болду го. Сиз жетектеген мекемеде коррупция жок деп айта аласызбы?

--Учурда мен жетектеген мекеме бул - ОшМУнун профсоюз комитети. Мында эч кандай коррупциялык аракеттер жок деп айта алабыз. Кызмат орду дайындоо эмес, элдин шайлоосу аркылуу берилет. Бюджет ачык, текшерүү комиссиясынын көзөмөлүндө, аны пайдалануу чечими коллегиялдуу түрдө ишке ашырылат. Тактап айтканда, жыл башында бюджетти бекитүү боюнча жыйын өтүп, аны ар бир профсоюздук баштапкы уюмга бөлүштүрүү колго салынып, жыл ичинде канча профсоюздук мүчолүк акы топтолот, кайда жумшалат, кимге канча каражат тийиштүү экендиги белгилүү болот. Ал эми ОшМУнун коррупциянын алдын алуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы катары бул багытта аткарган иштерибиздин жыйынтыгы мындай жагымсыз көрүнүштөргө каршы иштерибиздин жыйынтыктары жаман эмес экендигин мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турган анкетирлөөнүн мааламаттары көрсөтүүдө.

--Негизги эле милдетиңиздер мугалимдердин укугун коргоо да. ОшМУда анчалык деле чоң маселе жок болушу керек?

--Албетте, профсоюздун негизги милдети болуп өзүнүн мүчөлөрүнүн эмгектик, социалдык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо эсептелет. Жамаатыбыз чоң болгондуктан, катардагы кызматкердин, же студенттин жетекчилер менен келишпей калган, ар кандай себептерден куугунтукталган, жамаатта бөлүнүп-жарылуу, моралдык атмосфера начарлаган учурлар болбой койбойт. Мындайда профсоюз четте турбастан, тийиштүү комиссиялар аркылуу мыйзамдык укуктардын калыбына келиши үчүн күрөшөбүз.

--Мындан сырткары кайсыл багытта иш алып барасыз

--Бүгүнкү күндө профсоюз анын маңызын түшүнгөн адамдар үчүн олуттуу мааниге ээ. Азыркыдай шарттарда профсоюзда иштөө жеңил эмес - анын тузу оор дээр элем. Профсоюздук лидер болуу үлкөн чиновник болуу дегенди билдирбейт! Мында бирөөнү жумуштан алуу, же коюу, акчалай кызыкчылыктар деген түшүнүктөр жок! Мындай кызматка жегени, байыганы барам дегендер жаңылышат! Жумуш берүүчүлөр менен теңата сүйлөшүүлөр аркылуу мыйзам талап кылган жумуш орундарындагы шарттарды түзүүгө, кызматкердин эмгегин татыктуу баалоого, студенттерге социалдык камкордукту камсыздоого жетишүү башкы максат болууга тийиш.

Баян Кулова


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив