Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Надира Нарматова, экс-депутат: “Коррупцияга каршы күрөшүү саясий куугунтук эмес, далилдер менен болуп жатат”

Надира Нарматова, экс-депутат: “Коррупцияга каршы күрөшүү саясий куугунтук эмес, далилдер менен болуп жатат”

12 июн 2018, 09:28    bishkek
-         Өткөн жылдын аягында кызматка киришкен президент Сооронбай Жээнбеков бир катар чечкиндүү кадамдарды жасап, коррупцияга каршы күрөштү акыйкат жүргүзүүгө бел байлады. Өлкө башчысынын аткарып жаткан иштери сизди канааттандырабы?
-         Президенттин аткарып жаткан иштери канааттандырат, эми эркин туура пайдаланып, убакыттан уттурбашы керек. Жээнбековдо кандай жол менен болсо да элге кызмат кылууга мыйзамдуу толук мүмкүнчүлүк бар. Өлкө башчысын мурдатан билем. Бирок сын айтканым негиздүү. Турмуштук тажрыйбасы бар, туура эмес кадамдарга барбаган, таза экенин эске алып, шайлоодо таалапкерлерди салыштырып көрүп Жээбековду тандадым.
-         Учурда коррупцияга каршы күрөш күчөп, анын натыйжасында президенттин мурдагы жакын үзөңгүлөштөрү да камакка алынууда. Тамыры терең жайылып кеткен коррупция менен күрөшүү аягына чыгабы?
-         Президент коррупция менен күрөштү аягына чыгарат. Коррупцияга каршы күрөшүү саясий куугунтук эмес, далилдер менен болуп жатат. Өкмөт мүчөлөрүнүн 80%ы эски кадрлар. Калган жаңылар да дароо реформа жасап жиберет дегенден алысмын. Башчыны алмаштырса калганы өзгөрбөйт. Андыктан кадр маселесине сергектик менен кароо зарыл. Коррупция менен коррупционерлер күрөшө албайт.
-         Учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тагдыры кыйын абалга кептелди. Сиз саясатчы катары Атамбаевге кандай кеңеш берет элеңиз?
-         Экс-президент элдин тынчтыгын, өзүнүн келечегин ойлосо шүгүр кылышы керек. Себеби ал 6 жыл каалашынча иштеген. Атамбаев алгачкы 2 жылда президенттик бийликти орнотууда түйшөлсө, кийин эркин иш алып барган. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков тарыхтагы орду үчүн бийликти өз алдынча жүргүзүп, Атамбаев менен сый мамиледе болгону оң.
Булак: «Марал» радиосускачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив