Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Атамбаевдин колго түшүп берүүсү тууралуу сүйлөшүүнү алгач министр Кашкар Жунушалиев жүргүзгөнүн Кундуз Жолдубаева ырастады

Атамбаевдин колго түшүп берүүсү тууралуу сүйлөшүүнү алгач министр Кашкар Жунушалиев жүргүзгөнүн Кундуз Жолдубаева ырастады

23 авг 2019, 14:46    bishkek

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева өткөн жумада «AKIpress» маалымат булагына маек берип, 8-августта Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндө, Атамбаевдин милицияга колго түшүп берүүсү боюнча сүйлөшүүлөр кандайча болгонун ачыктаптыр.

Ал өз сөзүндө: “Сүйлөшүүлөр башталганда биз үйдүн 3-кабатындагы ваннада болчубуз, анткени ага чейин бизге көздөн жаш агызуучу газ ыргытышкан эле. Бийлик сүйлөшүүлөрдү ультимативдүү формада жүргүзүп жатышты. Мен “бул жерде аялдар да бар, мен Кундузмун” деп кыйкырдым.

Кашкар байке: “Сыртка чыккыла!” деп талап кылды.

Мен: “Чыкпайбыз!” дедим». Бирок, “каршылык көрсөтөбүз” деп айткан эмесмин.

Ал бизге ойлонууга 10 мүнөт убакыт берди. Кийин дагы 3 мүнөт кошту. Баары ультимативдүү форматта болуп жатты. Биз өзүбүзчө кеңеше баштадык.

Анан эле Курсан Асановдун үнү чыгып калды, ал куралсыз экен. Ал: “Аселя” деп үн салды. Кыязы биздин арабызда Асел Кодуранова да бар деп ойлосо керек. “Мен, Кундузмун” деп жооп бердим. Анан Алмаз Шаршенович Курсан Асанов менен сүйлөшүү үчүн басты. Ошондон кийин Алмаз Шаршенович: «Биз чыгабыз» деди. Биз Курсан Асановичке ишендик.

Мен «биздин колубузга «кишен салбайбыз» деп сөз бересизби?” деп сурадым. Курсан Асанович “генералдык сөзүмдү берем” деп жооп берди. Алмазбек Шаршенович кийинди, документтер жана дарысы тууралуу суранды. Президенттик штандарт белгиси тууралуу сөз кылды, анан бүттү, чыктык”, — деп жооп берген Кундуз Жолодубаева.


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив