Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Абдылдажан Акматалиев“Айтматов көркөмсөздүн ченемсиз чебери эле...”

Абдылдажан Акматалиев“Айтматов көркөмсөздүн ченемсиз чебери эле...”

13 авг 2019, 13:26    bishkek

Адабият айдыңында!

Абдылдажан Акматалиев“Айтматов көркөмсөздүн ченемсиз чебери эле...”

--Абдылдажан агай, Сиз менен дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун окурмандар көп биле бербеген адамдык сапаттары, касиеттери, кулк-мунөзү, жүрүм-туруму, көз карашы тууралуу маек куралы деп кайрылып жатам, кандай дейсиз!

--Мейли!

--Турмушта ар кандайкемчиликтер болот эмеспи! Айтматов дегеле кемчиликтердикандай кабыл алчу эле?

--Эми бул конкреттүү маселеге же адамга байланыштууболсо керек. Эгерде ал жеке адамга тиешелүү болсо, мисалы мага дейли, анда сылык-сыйпа менен эскертип койчу. Үнү дагы жылуу-жумшак чыкчу. Ал эми мамлекеттик, өкмөттүк деңгээлдеги жалпы маселелердеги кемчиликтерди жыйындарда, курултайларда, публицистикаларында жана маектеринде ачык-айкын таамай айтчу, жазчу. Кемчиликтер менен элдешкис болчу, принципиалдуу эле.

--Адам болгондон кийин кемчилиги да болсо керек?

--Албетте! Бирок, ал адамдын баарын өзү сыяктуу ак көңүл, кең пейил, жөнөкөй ойлочу.

--Өзүңүз кандайкемчиликкетирдиңиз эле?

--Кемчилик десе болобу билбейм! Тажрыйбасыздыктанбы, айтор, жаңы таанышкан жылдары агайдын дачасында бир кызыктуу окуя болду. Таластан жердештери боз үй, анан бир кой алыпкелишиптир. Баарыбыз боз үйдү тигүүгөжардамдашып жатканбыз, бир маалда “койду көлөкөгө байлап койчу” деп мага кайрылып калды. Мен короонун бир тарабына байлап койгом. Боз үй тигилип бүтүп, койду соёлу дешсе эле, кой бошоп кетиптир. Жакшы эле байлагандай болгом. Мына эми койду кармайлы десеккарматпайт, нары буйтап, бери буйтап, бир маалда агып жаткан чоң сууга секирип, кирип кетсе болобу! Жүрөгүм “шуу” дей түштү. Өкмөттүн дачасында ызы-чуу боло түштүк. Ызы-чууну угуп Чыңгыз агай да чыгыптыр. Дачадагы суу көчөгө чыкмак, мен дароо көчөнү көздөй чуркадым. Кой жок, көзүмө ишенбедим. Тердеп-кургап келип уялганымдан эмне дээримди билбей турсам, Чыңгыз агай “Буюрган эмес экен, капа болбо!” – деп жоошутуп койду. Атайын жасагандай өзүмдү сезип,эки-үч күн агайдын үйүнө уялып каттабай калгам. Агай дегеле майда-барат кемчиликтерге көңүл бурчу эмес.

Биз чай үстүндө көп сүйлөшчүбүз, ошол учурларда акын-жазуучулар тууралуу да сөз боло калганда, алардын кемчиликтери көз көрүнө билинип, байкалыптурса да жакшы жактарына басым жасап сүйлөчү.

--Мисалы?

--Ар бир акын-жазуучуга өз алдынча мамиле кылчу. Өзгөчө, белгилүү жазуучубуз Насирдин Байтемиров жөнүндө кызыктуу окуяларды айтып, күлдүрүп, ошол эле учурда анын жан дүйнөсүндөгү кызыкты сый-урматтап айтчу.

--Өтө сабырдуу болчу дешет?

--“Сабырдын түбү сары алтын” деп коёт эмеспи! Чыңгыз агай турган турпаты менен сабырдуу эле. Эмоцияга алдырганын көргөн жокмун. Ошол үчүн ал чыгармачылыктын алгачкы жылдарында ар кандай тоскоолдуктарды, көрөалбастыктарды сабырдуулук менен жеңген. Сабырдуулук бүткүл тулку боюнда деп жатканым кийин бийик атак-даңкка жетсе да өзгөрүлгөн эмес. Урмат-сыйды, байлык-бийликти, дүйнө жүзү тартуулаган нечендеген сыйлык-жакшылыктарды сабырдуулук менен көтөрө билген.

--Мээримдүүлүгү кандай эле?

--Улуу адамдардан мээримдүүлүк күн нурундай чачырап турат. Айтматовдун мээримдүүлүгүнөн канчалаганкалемгерлер, сүрөтчүлөр, киночулар, музыканттар ж.б. бийик-бийик ийгиликтерге, дүйнөлүк кадыр-баркка жетишишти. Жан дүйнөсү тазаадамдын өзү мээримдүү болот. Мээримин адамга төккөн адам касиеттүү. Айтматовдун касиеттүүлүгүнүн бир көрүнүшү – мээримдүүлүктө жатат. Ал улуу-кичүүгө бирдей баарына калыс, тегиз караган. Ал гана эмес табиятка да мээрим, сүйүү менен мамиле кылган. Ошондон улам жазуучунун Ташчайнарында, Акбарасында, Жаабарсында жырткычтыктан мурун мээримдүүлүгү, боорукерлигиалдыга чыга келет.

--“Досуң ким экенин айтчы?” – дешет го?! Анын сыңарындай Айтматов кандай досторду күттү экен?...

--Турмушта достор ишеничтүү болуусу абзел. Кийинки мезгилдерде досторду байлыкка, бийликке, жердешчиликке байлап жүрүшөт. Каталыктарды, кемчиликтерди көрбөсөң, аны айтпасаң ошол дос деп да калышты. Бул туура эмес. Достун негизги милдети – сенин кемчилигиңди, катаңды өз убагында оңдоп, жардам көрсөтүү, жаман көрүнүштөн сактоо, коргоо. “Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” – деген макал бар эмеспи! Ачыгын айтсаң көрө албас катары кабыл алат, демек, анда жан дүйнө таза эмес. Мен муну бүгүнкү күнгөбайланыштырып айтып жатам. Эми Чыңгыз агайдындооруна келсек, мен билгенденөзбектер Адыл Якубов менен Пиримкул Кадыров, казактар Калтай Мухамеджанов менен Шерхан Муртазаев, белорусс Василь Быков, орус врачы Федоров менен Дмитрий Шостакович, ошондой эле азербайджан, тажик, армен, грузин, немец, япон, түрк ж.б. достору болгон. Кыргыздардан Шаршен Усубалиев менен катуу дос болчу. “Досум” – деп өтө сыймыктануу менен айтчу. Достору дүйнөдөн кайтып кеткенде аябай катуу кайгырчу. Мен аны белгилүү казак жазуучусу, драматургу, “Фудзиямада кадыр түн” драмасынын авторлошуКалтай Мухамеджановдун дүйнөдөнкайтканын укканда капа болуп, ойго батып отурганын көргөнүмдөн айтып жатам. Ошондой эле Чыңгыз агайды 2018-жылы май айындаакыркы көргөндө да адабиятчы, досу Георгий Гачевдин өлгөнүнмага айтып отуруп, санаага батып, 80 жылдык мааракеси тууралуу сөзүбүз үзүлүп калганын билемин...

--Сөзгө бекем болсо керек?! Сөздү терең урматтаган адам эмес беле?

--Сөз чыгарма жазуу үчүн гана керек эмес, сөз аркылуу дүйнөгө гумандуулук идеясын таратып жатпайбы! Сөз аркылуу жан дүйнөнү тазартып, сезимди ойготуп жатпайбы! Сөз – жан дүйнөнүн Кудайы десек болот. А Айтматов сөздүн кудайы эле. “Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет” – дешет. Айтматовсөздү көп сүйлөбөгөн, сүйлөсө маанисин, кудуретин дааналап, көбүртпөй-жабыртпай орунду, так, кыска, салмактуу айтчу. Мындайугуп отурсаң баары эле тааныш, баары эле белгилүүдөй сезилчү. А бирок анын ар бир сөзүндө чоң ой жатчу. Интонация, үнүнүн тону ойдун маани-маңызын салмактатып турчу. Ал эми сөзгө, убадага бекемдигин турмушта көп эле фактылар айгинелейт. Сөз берсе бардык иш-чараларга, майда-баратка карабай барчу, жолукчу.

--Адамкерчилик, акыйкаттык, абийирдүүлүк сапаттар ар бир чыгармасында жаңырып турат...

--Бул адабияттын башкы милдети эмеспи! Ошентсе да, Айтматов өзүң айткан касиеттерди, сапаттарды жашоосунда ар дайым сактап келген. Адамкерчилик, абийирдүүлүк, кичипейилдүүлүк, жөнөкөйлүк ар бир адам менен жолукканда кашкайып көрүнчү. Жолукпаган, көрбөгөн адамдар үчүн ал бир кол жеткистей сезилчү.

--Айтматовдун чыгармачылык жолунда көрөалбастар өтө көп болгон. Алар атак-даңкы, кадыр-баркы менен “музоо кезинде сүзүп” коёлу дешип, абдан аракеттерди кылышкан экен...

--Чыгармачылыктын жолу татаал болот. Айтматов кыргыз адабиятында жаңы тема, жаңы каарман, жаңы мазмун жана форма алып келип жатса, романтизм, трагедия деген түшүнүктөрдүн чегин кеңейтип, тереңдетип, жаңы образдарды, конфликтерди таратып жатса, тигилер андай чыгармаларды жаратууга дараметтери жетпей жатса көрөалбастык болот да! Бирок, Айтматов аксакал жазуучуларыбыздын – А.Токомбаевдин, Т.Сыдыкбековдун, Н.Байтемировдун ачуу, ар кандай сөздөрүн чыгармачылык эмгек, жаңы бийиктиктер, ийгиликтер менен жеңерин түшүндү. 60-жылы “Тоолор жана талаалар” повесттер жыйнагы үчүн Лениндик сыйлыктын лауреаты болгондон кийин көрөалбастыктын, ичи тардыктын формасы мурдагыдай ачык эмес, тымызын, жашыруун боло баштаган. Эгемендүүлүктөн кийин – 1990-жылдардан баштап акын-жазуучулардын ортосунда ырк кетип, өз ара кагылыша, бөлүнө башташканда – ар кимиси Айтматовду өздөрү үчүн пайдалангысы келишкен. Анда Айтматов Кыргызстандан тышкары эле. Радиодо, теледе, басма сөздөрдө “Айтматов кыргыз жазуучусу эмес, ал турсун кыргыз атуулу эмес” деген чуулдаганга чейин барышкан. А бирок Айтматов Кыргызстанга келип калса, ошолордон аны артынан көлөкөсүндөй ээрчип алгандар да, үйүнө конокко чакыргандар да болчу. Мындайларда абийир деген таптакыр жок экен! Ошолордон уламбы дайыма айтып калам го, “Уу үстүндө гүлдөгөн гүл” деген фельетон да жазып жиберген. Көрө албастык деген түшүнүк Айтматовдо болгон эмес, кайра тескерисинче, искусство, маданият жана адабият ишмерлерине көптөгөн сыйлыктарды алып берип, кол кабыш кылган. СССРдин эл артисти, СССРдин эл сүрөтчүсү, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, ошондой эле, республиканын сыйлыгын мындай кой. Эгерде кекчил болсо жакшылыктарды жасабайт болчу, жакшылык кылуу жашоосунун маңызы болчу.

--Айтматов дайыма эле сүрдүү болбосо керек, турмуштукжагдайларгабайланыштуу күлүп, күлдүрүп, жылмайып дегендей...

--Чыңгыз агай дасторкондо турганда жайдары отуруп, башкалар да эркин отурганга шарт түзчү. Анекдоттордонайтып калар эле, өзү да берилип күлчү. Башкалардын пикирин, сөзүнаягына чейин угуп, анан гана тактап, суроо берип, кошумчалап койчу. Айрымдар маселени чаргылтып, көбүртүп-жабыртып айта баштаганда эле анын эмне айтарын билип, ошол жагдайды байкап, өзү анын ал-абалын түшүнүп, байкап, ээн-эркин мамиле кылууга мүмкүндүк жаратчу. Чыңгыз агайдын күлкүсү да, каткырганы да өзүнчө тоодон чыккан жаңырык катарыкулагыма сиңип калыптыр...

--Сиз менен сүйлөшүүдө кандай сезчү элеңиз?...

--Алгачкы күндөрү тартынып, кысылып, уялып, айрым ойлорумду аягына чейин айта албай жүрдүм. Анткени, Чыңгыз агай сүйлөшүп жаткан адамды тике карап, укчу. Көздөр-көзгө чагылышканда эмне кыларыңды билбей кетчүсүң, сенин тээ түпкүрдөгү жан дүйнөңдү ренгенге тартып жаткандай сезилчү. Тиктешип тургандан уялып, кээде көзүңдү ала каччусуң, кандайдыр бир толкун уруп кетчүдөй болчу. Бирок, акырындап көнүшүп кеттим. Биз күн-түнгө карабай кездешип да, телефон менен да сүйлөшчүбүз. Айрым окуяларды мурдагы маектеримде бергем жана күндөлүктөрүмдө жазгам.

--Бир нерсени так айтсаңыз, тыйынга өтө сарамжал болчу дешет...

--Мен да угуп калчумун. Бирок, бул анынпринцибинен болсо керек. Себеби, гонорар алганда айрымдар кассирге таштап кетчү экен. Чыңгыз агай көрсө ошондо эле коррупцияга жол бербөөгө аракет кылыптыр. Ар ким эле каражаттан калтыра берсе – ал киши оңой эле акча табуунун жолун өздөштүрүп албайбы! Өзүм да академиктин стипендиясын ишеним кат менен алып, келгенде өткөрүп берип жүрдүм.

--Айтматовду “Айтып бүткүс дастан” деп бүгүнкү маекти аяктайлы. Маегиңизге ыракмат!

Амантур Мусагул уулу

Булак: "Де-Факто"

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив