Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Камчыбек Ташиев: “Жалал-Абаддагы мэр шайлоодо талапкерлердин бирине да жардам бербейм”

Камчыбек Ташиев: “Жалал-Абаддагы мэр шайлоодо талапкерлердин бирине да жардам бербейм”

07 июн 2018, 02:52    bishkek
Жакында, так айтканда – үстүбүздөгү жылдын 11-июнунда Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо болот. Учурда бул кызматка бир эле “Ата-Журт” партиясы эки талапкер чыгарган. Бири шаардык кеңештин төрагасы Муратаалы Тагаев, экинчиси Шаирбек Ташиев. Мына ушул жагдайдан улам биз Камчыбек Ташиевге байланышсак, тоодо эс алып жүргөнүн айтып, суроолорубузга капыл-топул жооп берди.
- Саламатсызбы, Камчыбек Кыдыршаевич? Сизге Жалал-Абад мэрин шайлоо боюнча суроолорубуз бар эле, кайдасыз?
- Рахмат, саламатчылык. Мен тоодо жүрдүм эле. Улуу Рамазан айында тынч эле, саясатка аралашпай, эс алууну чечтим. Эми атайын кайрылгандай кийин, мейли, сурооңузду берип көрүңүз?
- Биз сизден Жалал-Абаддагы мэр шайлоо боюнча сурагыбыз келди эле. 11-июнда мэр шайлоо болот. Учурда мэрлик кызматка талапкер катары эки адам катталыптыр. Бири бир тууган иниңиз Ш.Ташиев, экинчиси ал да “ата-журтчу” М.Тагаев. Сиз бул боюнча эмне айта аласыз?
- Мэрди шаардын депутаттары шайлашат. Демек, алар кимиси татыктуу экенин билишет. Мурат Тагаев  “Ата-Журттан” эки жолу шаардык кеңештин төрагасы болду, Шайырбек да үч жолу шаардык кеңешке депутат болду.
- Ошондо сиз кимисине “болельщик” болосуз?
- Экөө тең менин инилерим. Кимиси болсо да шаарыбыз, элибиз үчүн ак кызмат кылып берсе болгону. Эл үчүн күйгөн, “иштеп, журтумдун керегине жарайын”- деген адамдар.
- “Мурат Тагаевди Асылбек Жээнбеков колдоп жатат, себеби, кан кудалар экен” деп Жалал-Абадад чоң резонанс болуп жатат?
- Мен билгенден, тагаевдердин Асылбек Жээнбеков менен куда болушканына эки айдын жүзү болду. Мурат Тагаевдин менин жанымда жүргөнүнө 10 жылдан ашып калды. Ошондуктан, кудалыктын бул мэрлик шайлоого эч кандай тийешеси болбошу керек. Асылбек Жээнбековду мамлекетчил инсан катары билем, ал тууганчылыкка жол бербейт!
- Экөө тең жакын ининиз болсо, анда аларды олтургузуп эле өзүңүз чечип койбойсузбу?
- Экөөнүн тең элибизге, шаарыбызга ак кызмат кылып берем деген күчтүү тилектери бар экен. Ошондуктан, атаандашып, акыйкат күрөшүп, жеңүү, жеңилүү дегенди сезишсин. Кимиси жеңген күндө да, менин татыктуу кадрларым бойдон кала беришет.
- Демек, экөөнө тең жардам бербейт экенсиз да?
- Ооба, бул шайлоодо экөөнө тең жардам бербейм. Бир да адам менен жолугуп сүйлөшпөйм. Шайлоо өтүп кеткиче Жалал-Абад шаарына да барбайм. Шайлоо бүткөндөн кийин кимиси мэр болуп шайланса, жардам берүүгө милдеттүүмүн. Элибизге ак кызмат кылууга аларды багыттап турам.
Булак:“Майдан.kg” скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив