Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Байгазы Кенжебаев, «Күрөш» федерациясынын вице-президенти:“Биздин мамлекеттин спортчуларга койгон каржылык мотивациясы абдан жакшы”

Байгазы Кенжебаев, «Күрөш» федерациясынын вице-президенти:“Биздин мамлекеттин спортчуларга койгон каржылык мотивациясы абдан жакшы”

05 авг 2019, 14:37    bishkek
Үстүбүздɵгү жылдын сентябрь айында Казакстандын Нур-Султан шаарында күрɵш боюнча турнир ɵтүп, анда балбандарга 2020-жылы Токио шаарында өтө турган Олимпиадага жолдомо берилет. Мындай спорттук чоң мелдешке биздин ишенген балбан билек, жүрɵгүндɵ оту бар намыс талашчу улан-кыздарыбыздын учурдагы даярдыгы кандай? Мындай суроо азыр ар бир спорттун күйөрманын кызыктырып турса керек. Биз бүгүн «Күрөш» федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаевди маекке чакырдык…
--Байгазы Бобунович, 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка аттангансыз. Сиз ɵзүңүзгɵ тиешелүү аймактан жетиштүү добуш алганыңызга карабай, али күнчɵ мандат ала элексиз. Жооптуу ɵз оозуңуздан уксак?..
--Баардык нерсе Кудайдын буйругу менен болот деп келебиз. Мындан улам мандат деле Аллахтын буюрган күнү бериле турган нерсе деп билем. Акырындык менен баардык нерсе жетишебиз. Ɵзүңүздɵр жакшы билгендей мандат тизме менен берилет эмеспи. Менин кезегим жакындап калды, буюрса учурдагы иштеп жаткан Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын иш аткаруу мɵɵнɵтү бүткɵнгɵ чейин мандат алып калышым мүмкүн.
--Мандат алып калсаңыз кандай маселелердин үстүндө иштейсиз?
--Социалдык маселелерге анан спортко көбүрөөк көңүл бурмакмын. Ар бир адам өзү кандай билим алып, коомчулукта кайсыл нерсеге көзү жетсе маселе көтөрүп иштеш керек. Мен өмүр бою социалдык тармакта иштеп, массалык спортту көтөрүүнүн үстүндө аракет кылып жүрөм. Эгер эл өкүлү болуп калсам, айылдык спортту өнүктүрүү маселелерин биринчи орунга коюп иш алып барсам деген жакшы ниетим бар.
--Өзүңүз спорт агенттигин жетектеп турганда массалык спортту көтөрүүдө кандай жетишкендиктерге жеттиңиз?
--Массалык спортту өнүктүрүш үчүн айылдык спорттогу инструкторлорду жандандырыш керек. Жетекчилик кызматта иштеп турганда дагы ушул багытта иш алып баргам. Мисалы, массалык спортту жогору жактан жандандырсак, андан кийин мектепте, институтта же айылдык областтык деңгээлде иш чаралар жүрүп баштаса, сөзсүз башкаларга таасир берет. Канчалык биздин кыргызстандыктар спорт менен көбүрөөк машыгышса, желегибизди желбирете турган, олимпиаданы жеңе турган мыкты спортчулар карапайым элдин арасынан суурулуп чыгат. Себеби, элдин арасында миңдеген жүздөгөн күчтүү балдар бар.
--Жакында эле өкмөт тарабынан машыктыруучулардын айлыгын көтөргөн токтом чыкты. Бул маалыматты сиз кандай кабыл алдыңыз?
--Албетте, кубануу менен кабыл алдым. Көпчүлүк жарандар машыктыруучу десе эле ышкырып-кыйкырып сүрɵп коюп тура берчү адамды элестетишет. Менимче эң оор кесиптердин бири так ушул машыктыруучулук. Анткени ал үй бетин көрбөйт. Спортчу менен күн кечке алектенет. Чет өлкөгө чыкса коштоп кетет, кыскасы эс алганга убакыт таппайт. Өкмөттүн машыктыруучуларга көңүл бурганына ыраазы болдум. Жалпы эки миңге жакын машыктыруучу бар, алардын баары сүйүнүп жатса керек.
--Кыргыз спортчулары менен медиктер, психологдор качан иштеп баштайт?
--Ушул убакытка чейин машыктыруучулар колунан келген дарыгерди чакырып, спортчуларды дарылатып алаар эле. Азыр аз-аздан бул азаптан да арылып баштадык. Спорт агенттикке карашттуу олимпиадага чейинки даярдоо борбору бар эмеспи. Ал жерде азыр чоң болбосо да чакан медициналык борбор ачылган. Ар-кандай чоң мелдештердин алдында спортчуларды медициналык сапаттуу кароодон өткөрүп жатабыз. Жакында эле чемпионатка жөнөп жатканда кыздарга асма укол сайдырып, витаминдерди туура кабыл алдырып анан кеттик. Бул да болсо чоң жардам болду. Ал эми спортчуларга эң керектүү психологиялык жардам боюнча айта кетсем маселе көп. Өзүбүз интернет аркылуу спортчуларга психологиялык жардам берүүнү үйрөнөбүз. Деги эле спорттук психолог деген адистик жок. Мисалы Россияда жогорку окуу жайларында спорттук психолог адистигин даярдашпайт экен. Эми гана эки үч жылдан бери ЖОЖдордо спорттук психология деген адистикти киргизүүгө аракет кыла башташыптыр. Бара-бара биз дагы Россиядан болсо да үч айлык же бир жылдык кыска курстардан тийешелүү адамдарды окутуп үйрөтүп алаарбыз деп ойлойм.
--Көп жылдан бери кыз-келиндер күрɵшүнɵɵзгɵчɵ басым жасап, ал тармактын жеңилин жерден, оорун колдон алып келесиз. Кыздар менен иштешүү оор эмеспи?
--Кыздар менен иштешүүнүн оор жана жеңил жактары бар. Жеңил жагы кыздар аябай тыкан жүрүп, тартиптүү, жоопкерчиликтүү болушат. Кандай тапшырма берсең дароо аткарып, машыгууга формаларын таптаза алып келишет. Залга келе жатканда витаминдерди, сууларды атайын термосторго куюп келүүнү унутушпайт. Кээде жигиттер менен чогуу машыгып калганда айрымачылыктары дароо байкалат. Жигиттер болсо мындай иштерде унутуп калышат же бирөөсүн алып келсе, экинчиси үйгө калтырып коюшат. Ал эми оор жагы кыз кишиге баары бир каттуу айта албайсың. Эркектер менен эркекче сүйлөшүп кандай айтсаң дагы көтөрүшөт. Балбан дегенибиз менен кыздардын жан дүйнөсү баары бир назик болот. Кыздар менен иштешүүдө машыктыруучуларга сабырдуулук чоң жардам берет. Кыздарды кыйкырып-өкүрүп тарбиялай албайсың.
--2020-жылы олимпиадага жолдомо алуу убактысы жакындап калды. Канча спортчуңуздардан үмүт кылып жатасыздар?
--«Кудайдан төө сурасаң, тай берет» дешет го. Көп эле медаль алып келип, элибизди кубандырсак дейбиз. Буюрса даярдыгыбыз абдан жакшы. Айсулуу Тыныбековадан элдин үмүтү чоң. Андан сырткары Мээрим, Айпери аттуу балбандарыбыз Азия чемпионатында медаль алышты. Жолдомо алып, бизди кубандырат деген терең ишенимим бар.
--Биздин балбан кыздарыбыздын стипендиясы кандай, жашоо турмушуна, баскан-турганына кенен жетеби дегендей?
--Балбандар алган стипендия эч кандай жашыруун эмес. Мисалы, Айсулуу спортчулардын ичинде эң жогорку стипендия 70 миң сом алат. Мээрим менен Айпери Азияны утканы үчүн 40 миңден алышат. Жаштар арасындагы чемпионатта Нураида деген кызыбыз экинчи орунга чыккканы үчүн 30 миң сом стипендия берилет. Улуттук федерация өзүнүн курамындагы кыздарга атайын форма тиктирип берет. Башкаларды билбейм, биздин федерацияда стипендияга, түзүлгөн шартка нааразычылык айтыла элек.
--Федерациянын президенти тарабынан ийгиликке жетишкен спортчуларга ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар берилип турат. Мисалы, жакында эле Айсулуу Тыныбековага кымбат баалуу машина белек кылышты. Олимпиаданы жеңсе кандай сыйлыктар каралган?
--Өкмөттүн өзү бекиткен токтомуна ылайык атайын чоң суммадагы акчалар берилет. Мындан сырткары чоң мелдештен келгенде спортчуларга демөөрчүлөр жакшы белектерди ыйгарышат. Айрым өлкөлөргө салыштырмалуу биздин мамлекеттин спортчуларга койгон каржылык мотивациясы аябай жогору. Эми калганы Кудайдын буйругу.
--Кыз-келиндер күрɵшү боюнча федерациянын келечегин кандай элестетесиз?
--Азыр биздин федерацияда жетишкендиктер көп. Акыркы 10 жылда стабилдүү түрдө медал алып келе жатабыз. Баарыңыздарга маалым болгондой алгач бир эле Айсулуу Тыныбекова деген балбан кызыбыз болсо, артынан күчтүү балбан кыздар өсүп келе жатканы бизди кубандырат. Бул деген федерациянын жакшы иштеп жатканынан кабар берет. Каражат жактан деле орчундуу көйгөй жок. Дегеним, чоң каржылык маселени жалпы күрөш федерациясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов көтөрөт. Күрɵш тармагында кандай жетишкендиктер болсо четте турбай баалуу белектер менен спортчуларды сыйлап келе жатканына коомчулук күбɵ. Ички маселелерди болсо федерациянын президенти Динара Исаева ɵзү эле чечип берет. Андан кийинки майда-барат абалды мен жөнгө салам. Кыскасы кыз-келиндердин чоң спортто ордун табышына жалпылап аракет кылып, колдон келген аракетибизди жасап жатабыз.
--Федерациянын машыктыруучу залы талапка жооп береби?
--Ооба, залыбыздын абалы жакшы.
--Федерациянын жумушунан сырткары эмне менен алектенип жатасыз?
--Кызматтан бошогондон бери билинбей алты жылдан ашып калыптыр. Көп жылдан бери жубайым балдарды өнүктүрүү борборун жана бала бакчаларды иштетүү менен алектенет. Үч төрт жыл мурун жеке менчик мектеп да ачканбыз. Ал жактагы жумуштарга кол кабыш кылам. Мурда иштеткен жайларды ижарага алсак, азыр жеке менчикке өткөрүп алдык. Сентябрда буйруса чоң бала бакчаны алуу алдында турабыз. Билим берүү тармагыбызда 500гө жакын бала билим алса, аларга 80дей мугалим сабак берет.
--Туулган кичи мекениңизге көк-бөрү боюнча мелдеш өткөрүп жүрөсүз. Бул идея кайдан келген?
--Өзүм демилгелеп кичи мекеним Талас областына карашттуу Ак-Сай айылыга боюнча көк бөрү боюнча кубок мелдешин уюштуруп бергем. Буюрса жаман эмес, элге жакшы алынып кетти. Мындан сырткары жердештериме кичи футболдук аянтчаны белек катары курдуруп, өткөрүп бергем. Азыр балдар тынымсыз футбол ойношот.
--Кызматка чакыруулар болуп жатабы?
--Кызматка кел деп чакырса эле ылайыгы келбесе да чуркап кете бергим келбейт. Бараарын барып алып иштей албай уят болгондон көрɵ барбай эле койгонум жакшы деп эсептейм. Кайсыл бир тармакты жетектегенче депутат болсом, элге көбүрөөк пайдам тийсе керек. Жаран катары, мекенимди сүйгɵн инсан катары ɵлкɵмдүн ɵнгүшү үчүн ɵзгɵчɵ салым кошсом дейм.
--Айрымдар кызматтан кеткенден ордуна келген адамды сөзсүз сындап чыгышат. Сиз ооз ачпайсыз го...
--Мурда ал жерде иштеп баардык маселелерди билсең, анан кайра кийинки жетекчиге сын айтсаң уят. Моралдык жактан таптакыр эле туура эмес. Кандай гана болбосун кемчилиги жок жетекчи болбойт. Менден кийинки жетекчилердин баары күчтүү болду. Мисалы арызымды жазып кеткенден кийин ордума бейиши болгур Мурат Назарбекович келип мыкты иштеди. Ал каза болгон соң ордуна Кадыр Кочкорович келип жакшы иштерди жасап кетти. Учурда РУОРго реформа жасоодо. Азыркы жетекчи Канат Маратович да күчтүү жетекчилерден. Бирөөсүн да менден ылдый турат деп айта албайм.
--Балдарыңыздын ичинен сиздин жолуңузду жолдогондор барбы?
--Үч уул, бир кызым бар. Улуу балам Москвада билим алууда. Ортончу уулум Кытайга бир жылдык тил үйрөнүү курсуна барып кийинки жылы университетке тапшырам деп жүрɵт. Калган экөө кичинекей. Менин жолумду жолдоп спортко келеби билбейм, азырынча байкай элекмин.
--Биздин чоңдордун трагедиясы балдары кыргызча сүйлөбөйт же билбейт. Сиздикичи?
--Улуу балдарым так билет. Кичүүрөктөрү бала бакчасы достору орус тилдүүлөр болгондуктан бир аз кыйналышат. Келинчегим биз жаңы баш кошкондо кыргызча таптакыр билчү эмес. Бир аз кыйналып жүрүп кийин көнүп кетти. Азыр кыргыз тилинде сүйлөмөк турсун түш жооруйт. Балдардын кыргыз тилин билүүсүнө апасынын чоң салымы чоң.
--Ата-энеңиз жөнүндө айта кетсеңиз....
--Экөө тең акыретке сапар алганына 10 жылдан ашып калды. Карапайым жөнөкөй эле адамдар болчу. Тогуз бир туугандын кичүүсүмүн. Көп бир тууган болгон сонун. Маселең чыкса дароо чогулуп келип чечишет. 2000-жылдары Москвада ишкерликти жаңы баштаганда, бир туугандарым эле барып иштеп коюшкан.
--Спортту таштап ишкерликти эмнеден баштагансыз?
--1994-1995-жылдары 20 жашымда спортту таштап, ишкерликке өткөм. Ал убакта «Дордой» базары жаңы ачылган. Товарларды коңшу мамлекеттерге жиберчүбүз. Германиядан машина айдап келип саткан күндөр болгон. Кайсыл нерсе өтүмдүү болсо баарын сатып ишкердик кылчубуз. Кудайга шүгүр, жаман болгон жокпуз. Москвадагы атайын курулуш базары ачылганда биринчилерден болуп биз да ачканбыз. Азыр деле ал базар иштейт, агамдын баласы баш көз болуп турат. Ишемби-жекшемби күндөрү уулум интернет сатууларын жүргүзөт. Бишкектеги спорттук аянтчаларды да биринчилерден болуп ачканбыз. Көп кыйынчылыктарды көрүп баарын жолго салдык. Азыр Кудайга шүгүр, үзүрүн көрүп жаткан кезибиз.
--Өзүңүз үчүн дагы деле спорт менен алектенсизби?
--Ооба, залга барам, сууда сүзөм. Кыскасы спортту таштай элекмин. Өмүр бою спортту таштагым келбейт.

Баян Кулова
"Де-Факто"скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив