Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Абдылдажан Акматалиев, академик: «Айтматовдун 90 жылдыгы Президентибиздин камкордугу менен дүйнөлүк масштабда өттү”

Абдылдажан Акматалиев, академик: «Айтматовдун 90 жылдыгы Президентибиздин камкордугу менен дүйнөлүк масштабда өттү”

07 июн 2019, 10:26    bishkek
--Абдылдажан агай, Сиз менен Академия, академиктер жөнүндө сөз кылууну туура көрүп турам. Өзүңүз билесиз Академия Союз учурунда түзүлүп, айыл чарбабыздын, техникабыздын жана маданиятыбыздын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошуп келген эмеспи!
--Туура. Илимибиздин өткөн тарыхына кайрылсак, Кыргызстандын илими он беш республиканын гана эмес, дүйнөлүк илимдер менен ат салышып, айрым алдыга озгон илимий ачылыштарыбыз да болгондугун фактылар күбөлөйт. Алсак, айды чапчыган “Лунаходдун” жасалышы, академик И.Ахунбаевдин жүрөккө операция жасашы, академик А.Алтымышевдин бальзамы, академиктер И.Айтматовдун, Чаловдун уран, академик Ү.Асановдун химиялык элементтер, академик И.Ботбаевдин “Алай” породасы ж.б. толгон-токой мисалдарды келтирсек болот.
--Коомдук илимдерде да ийгиликтер көп болсо керек?
--Ооба! Академиктер К.Юдахиндин, Б.Юнусалиевдин, А.Алтымышбаевдин, Б.Жамгырчиновдун, А.Салиевдин, Б.Орузбаеванын ж.б. эмгектери коомдук аң-сезимдин өсүп-өнүгүшүнө зор таасирин тийгизген, муундардын калыптанышына чоң роль ойногон. Бул жерде академиктер А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков жана Ч.Айтматовдун ысымдарын да сыймыктануу менен айтса болот.

--Бир кездерде акын-жазуучуларды да илимдер академиясынын анык мүчөлөрүнө шайлашкан экен да!
--Ал мезгилдин шарты ошондой болчу. Илимибиз жаңы телчигип келе жатканда накта окумуштуулар саналуу эле. Илимдин кандидаттары 50-жылдардын башында диссертацияларын коргой башташкан. 1954-жылы илимдер академиясы ачылганда кадрлардын жоктугунан бир чети, экинчиден, адабият менен маданиятка кошкон салымдарын жана алардын чыгармаларынын, макалаларынын илимий маанисин эске алуу менен, үчүнчүдөн, коомдук ишке жана академияны түзүүдөгү активдүүлүктөрү үчүн А.Токомбаевди, Т.Сыдыкбековду академикке шайлашкан. Алар өмүр бою “академик” деген атты эң жогорку деңгээлде кармап, аны актап келишти. Жарандык, атуулдук активдүүлүктөрүн көрсөтүп, замандын актуалдуу маселелери боюнча макалаларды жазып, чогулуштарда өзүлөрүнун терең мазмундуу пикирлерин билдирип жүрүштү. Аалы Токомбаев 30-жылдардын аягы, 40-жылдардын башында СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунун директору да болгон. Муну ал Жазуучулар союзундагы төрагалыгы менен бир учурда алып барган. Т.Сыдыкбеков Сталиндик мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. Эң негизгиси булар жазуучулук менен катар адабий сындарды жазып, улуттук адабияттаануунун калыптанышына салым кошушкан. Бул наамды алары менен А.Токомбаев “Семетейдин”, Т.Сыдыкбеков “Сейтектин” кошмо варианттарын түзүп чыгышкан. Ушул жерде Амантур, мени бир ой дайыма эсиме келип, ойлонтуп келет. “Манас” эпосунун кошмо вариантын эң жогорку деңгээлде түзгөн, иштеп чыккан Кубанычбек Маликовду да кийин илимдер академиясынын академиги кылып шайлап коюшса деле болмок экен. Эмне себептен ал таланттуу акын жана манасчы көз жаздымда калып келгени түшүнүксүз. Балким, анын эмгегине эмес, бетке чабар түз мүнөзү да өзүнө жолтоо болгонбу деп да ойлоп кетем.

--Мен да сизге кошулам. Кийин Чыңгыз Айтматовду да академикке шайлашты го...
--Ооба, 1974-жылы шайлаган. Муну менен академиянын авторитети көтөрүлүп, бийиктеди десек болот. Ч.Айтматовдун чыгармалары жана макалалары адабий гана эмес, илимий мүнөзгө да ээ болду. Анын чыгармаларындагы, эл аралык, официалдуу чоң жыйындарда, жолугушууларда сүйлөгөн сөздөрүндө, баяндамаларында, макала, маектеринде айтылган философиялык терең маанидеги ойлорун гуманитардык багыттагы тарых, философия, педагогика, эстетика, этика ж.б. нечендеген окумуштуулар өздөрүнүн илимий жоболорун, жыйынтыктарын, перспективадагы гипотезаларын бекемдөө үчүн көп колдонушат. Ошону менен бирге кинотаануу, сүрөттаануу, музыкатаануу илимдерибиздин өзөгүнө өз таасирин тийгизген. Чыңгыз агай өзү дагы Париждеги Илим, искусство жана адабият боюнча Европа академиясынын академиги, көптөгөн Эл аралык коомдук академиялардын академиги болгон. Чыңгыз Айтматовдун кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги катары эң чоң иши – “Манас” трилогиясынын варианттарын улуу манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 4 томдугуна, Саякбай Каралаевдин 5 томдугуна жетекчилик кылып, баш редактор болгонунда. Өзгөчө, Сагымбай Орозбаковдун вариантын чыгарууда не деген карама-каршылыктарга, тоскоолдуктарга каршы туруп, өзүнүн билим деңгээли, кадыр-баркы менен аны ийгиликтүү жүзөгө ашырды. “Манас” – байыркы кыргыз рухунун туу чокусу”, “Ал жарым миллион манасты жатка билген” деген макалалары эң терең, эң жогорку илимий макалалар болуп саналат. Бул мааниси жагынан коомдук илимдердеги ачылыш десек болот. “Кылым карытар бир күн”, “Кассандра тамгасы” романдарын окуган дүйнөлүк илимпоздор, ал түгүл айрым космос изилдөөчүлөр Ч.Айтматовдун чыгармалары илимий негизде жазылганын айтып да, жазып да келе жатышат. Өз убагында дүйнөлүк атагы бар академик Зельдович “Наука и техника” деген Союздук журналга Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы илимий көз караштарга эң жогорку баа берген. Өзүм дагы күбө болгон жайым бар, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры космонавт Жаныбеков Чыңгыз агай менен менин үйүмдө мейманда болуп калганда жазуучунун романындагы илимий фантастикага өтө баа берип, көп нерселерди үйрөнгөндүгүн моюндаган. “Кассандра тамга” романы медицина илимине зор таасирин тийгизген. Бул чыгарма боюнча академияда талкуу уюштурганымда өзү чыгарманын илимий баалуулугуна кеңири токтолгон эле.
--Илимдер академиясынын сакталып калышына Ч.Айтматовдун салымы зор деп айтып жүрөсүз, ошол тууралуу да айта кетсеңиз?...
--2005-жылдан кийин илимдер академиясынын үстүнө кара булут айланып, аны жоюу жөнүндө жогору жактан кысым башталып, басма сөздөрдө академиктер арасында да кайым айтышуу башталып, академиянын тагдыры илең-салаң болуп, академияны жоюу тууралуу ойлор басымдуулук кылып – ана-мына академия жоюлат – деген кептер чындыкка жакындап калганда академиктер М.Мамакеевди, Ж.Жээнбаевди, Ш.Жоробекованы колдоп, таразанын ташын оңго оодарган Чыңгыз Айтматов болгон. Ал академиянын 50 жылдыгына жиберген куттуктоосунда, ошондой эле эки-үч жолку академиядагы академиктер жана кызматкерлер менен жолугушууларда – 2006-2007-2008-жылдары Улуттук илимдер академиясынын статусу Кыргыз Республикасынын символдору герб, гимн, туу сыяктуу деп, жогорку бийликке байма-бай кайрылып, сактап калганга өз салымын кошкон.

--Чыңгыз Айтматовдун мааракелери академияда кандай белгиленип келди, ошол тараптан да сөз кыла кетсеңиз?
--Ырас, Айтматовдун юбилейлик мааракелерине байланыштуу Илимдер академиясында илимий конференциялар өтүш керек. Анын чыгармаларынын дүйнөлүк адабий процесске искусствонун башка тармактарынын өнүгүшүнө тийгизген таасири, чет тилдерге которулушу, философия, эстетика, педагогика багытына таасирин Кыргызстанда эле эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө изилдеген окумуштуулар бар. Алардын башын кошуп, ким кайсы багытта кандай кызыктуу идеяларды айтты деп угуп коюш эле максат эмес. Ал улуттук адабиятыбыздын, театрыбыздын, кино, сүрөт өнөрүбүздүн өнүгүшүнө өз таасирин тийгизет, Аларды изилдеген адабиятчы, искусствотаануучуларга дагы кандай багытта изилдөө жүргүзүү керек экендигине жем таштайт, адабиятты мектепте кандай окутуу керек деген маселе боюнча да жаңы ойлор пайда болот дегендей... Мен 60, 70, 75, 80, 85, 90 жылдык мааракелерин күбө болдум. 1988-жылы академияда конференция өткөрдүк, бирок масштабдуу болгон жок. Себеби, кайра куруу заманында өзү да республикалык масштабда өткөрүүнү токтотуп койгон. 70 жылдыгы да жакшы өттү, демилгени биз алып, академик катары иш-чаранын башталышы академиянын чоң залында масштабдуу болду. Ал кезекте президентибиз академик Ж.Жээнбаев эле, башкы окумуштуу катчы, академик Б.Иманакунов экөөбүз Айтматовду үйүнөн алып келгенбиз, Премьер-министр А.Муралиев баш болгон бийликтегилер жана чет мамлекеттерден 30дай илимпоздор катышкан. Биз ошондо жазуучунун чыгармалар жыйнагынын 5 томдугун кыргызча демөөрчүлөрдүн жардамы менен чыгарганбыз. 80 жылдыгында академияда илимий конференция менен гана чектелип калдык. Каражат бөлүнгөн жок, эптеп-септеп өткөрдүк, анын үстүнө академия Айтматов дүйнөдөн кеткенден кийин кайрадан кысымга туш болуп жаткан учур болчу.
90 жылдыгы Президентибиз С.Ш.Жээнбековдун камкордугу менен дүйнөлүк масштабда өттү. Академиянын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту 34 аталыштагы жазуучуга байланышкан эмгектерди даярдап, жарык көргөздү, эл аралык конференцияларды он жылдай жылына эки жолу өткөрүп келе жатат. Ошондой болсо да, азыр Айтматовго болгон айрым билинбес тоскоолдуктар бар. Академия менен Айтматовдун ортосунда байланыш үзүлүп калган да учурлар болгон.

--Айтматов акыркы жолу качан академияда болду эле?
--Бир нерсени кошо айта кетейинчи. Союз учурунда Тил жана адабият институтунун материалдык-техникалык базасы, кадр саясаты, эмгек айлыгы жөнүндө съезддерде маселе көтөрүп келген. Академиянын чогулуштарына катышып, шайлоолордун объективдүү болушуна жана анын жетекчиси нагыз улуттун өкүлүн дайындоо керектигин баса белгилеп келген. Академиянын 50 жылдыгында – 2004-жылы чет жерде болуп калган болчу. Жайында эс алганы келип калды. Ошондо мен жетектеген институт Чыңгыз агайды академиянын И.Ахунбаев сыйлыгына көрсөткөнбүз, жолугушуу болуп, президент Ж.Жээнбаев сыйлыкты тапшырган. 2007-жылы да келип, президент Ш.Жоробекова, вице-президенттер В.Плоских, Д.Кудаяров менен кеңири сүйлөшүп кеткен.
2008-жылы 22-январда мен Чыңгыз агай менен атайы жолугушуу өткөрдүм. Жаңыдан эле “Тоолор кулаганда” романы жазылып, чет тилдерге да которулуп жаткан. Жолугушуу өтө кызыктуу өттү. Академиктер Ш.Жоробекова, М.Мамакеев, М.Мамытов, Т.Койчуев, Б.Иманакунов, А.Какеев, А.Алдашевдер суроолорду беришип, пикирлерин билдиришкен. 2 сааттык жолугушууну видеого да тартып калганбыз, бул биз үчүн өтө баалуу материал. “Академия өз үйүм, өзүмдүн жайым, силер менен жолукканда жыргап, эркин сезип калам” – деп күлүп айткан эле. Бул анын акыркы жолу академияга келиши болду.

--Эгерде Ч.Айтматов болгондо бүгүнкү күндө илимдер академиясынын статусу, ал-абалы башкача болсо керек деп ойлойм...
--Туура айтасың. Айтматовдун карааны калдайып, кадыр-баркы, сөзү өтүмдүү болмок. СССРдин жетишкендиги – бизге академияны куруп берди, биз аны көздүн карегинде сакташыбыз керек” – деп айтканы эсибизде. Андан тышкары академиянын президенти улуттун өкүлү болуш керек деген сунушту киргизген. Айлыктарын көтөрүү, шарт түзүп берүү маселелерин бийлик алдында койгон. Академия Айтматов үчүн ыйык болчу.

--Жазуучунун дүйнөдөн кайткан күнү да келип калды, кандай пландарыңыздар бар?
--10-июнда Ата-Бейитке барып куран окутабыз, андан кийин академиянын алдына эскерткич такта белгисин орнотууга даярдык иш-чарасы өткөрүлөт, жаңы документалдуу тасма көрсөтүлөт. Эң башкысы 14-июнда саат 13:00до Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драм театрында Бишкек шаарынын Биринчи май, Октябрь райондорунун сотторунун аткаруусунда “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат” повесттеринин спектаклдерден үзүндү ойнолуп, эскерүү кечеси өтөт. Укук органдарынын мындай мамилеси кубантпай койбойт. Демек, Ч.Айтматов сотторго чейин жетип, алардын жан дүйнөлөрүнө, аң-сезимдерине таасир этип жатышын кубаттайбыз. 14-июнь Айтматовду Жер-Энеге берген күнү, атайы бул күндү тандап алдык. Баарына эшик ачык.

Амантур Мусагул уулу
«Де-Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив