Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Жамшитбек Калилов, экс-министр: «Эмнеге качышым керек? Качканга себеп жок…»

Жамшитбек Калилов, экс-министр: «Эмнеге качышым керек? Качканга себеп жок…»

24 май 2019, 16:18    bishkek
--Жамшитбек мырза, министрликтен кеткенден бери эл көзүнөн оолак кеттиңиз эмне иштер менен алексиз?
--Атайын байланышка чыгып ал-ахвал сураганыңыздарга ыраазычылык билдирем. Эмне кылайын, жеке иштер менен алекмин. Аны менен бирге ден соолукка кам көрүп жүрөм.

--ММКларда сизди Кыргызстандан чыгып кетиптир деген сөздөр тарады. Чет өлкөгө барып келдиңизби?
--Кыргызстанда эле жүрөм. «Калилов качып кетиптир» деген жаңылыкты окуп алып өзүм таң калдым. Өзүң айтып көрсөң, мен эмнеге качышым керек? Кайсы күнөөм, кайсы кылмышым үчүн? Туура, мен министр катары иш алып барып жаткан учурда орун басарым пара алып жаткан учурда кармалды. Бул боюнча иш жүрүп атат. Ага менин эч кандай тиешем жок. А түгүл бул пара боюнча мен өткөн жылдын сентябрь айында четин уккам. Тактап айтканда Ысык-Көлдө «Көчмөндөр оюнунда» жүрсөм мага бир тааныштарым чыгып: «Жаке, орун басарың ушундай иш боюнча оң жагына чечип берем деп өз кызыкчылыгын айтып атыптыр. Сенин кабарың жокпу?» деген. Угуп алып өзүм таң калгам. Анан Бишкекке келээрим менен тиешелүү органдарга кирип ушундай сөз болуп жатат, пара сураган кызматкеримдин кармалышына кызыкдармын. Кармалганга жардам бергиле деген оюмду айттым эле. Анан декабрь айында тигиндей окуя болбодубу? Менин орун басарым пара менен кармалгандыктан моралдык жоопкерчилик менен кызматымдан кеттим. Дагы кайталап айтамын, менин ал иштерге таптакыр тиешем жок. Демек, менин корко тургандай же качып кете тургандай күнөөм жок. Качууга негиз жок.
Нургазы Айтмырзаев
Де-Фактоскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив