Жакында, Бишкек шаарынын 7-кичи районунда "Лексус 470" үлгүсүндөгү, Е 0050 D мамлекеттик номерлүү унаа жаш баланы сүзүп кеткен. Буту сынып жабыркаган бала тууралуу анын апасы интернетке жазып чыккан. Интернет колдонуучулар ал унаа белгилүү ырчы Жанета Усупжановага таандык деп сүрөтүн жүктөшкөн.
Аталган унаага учурда ырчы айым ээлик кылбай турганын өзү кабарлады.
"Жаш баланы уруп кеткен унаа меники экенин жазып, талкуулап жатышат. Мен аны 1 жыл мурда сатып жибергем. Алган ээсине 3 жылга доверенность эле жазып бергем. Учурда башка унаа менен жүрөм, ал кырсыкка тийешем жок",-деп билдирди.
Maalymat.kg

скачать dle 12.0