Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартса болот, анда эч кандай кол тийбестик жок”

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартса болот, анда эч кандай кол тийбестик жок”

30 май 2018, 12:40    bishkek
Кыргызстанда мамлекеттин экс-президенттерин, анын ичинде Алмазбек Атамбаевдин дагы кол тийбестигинен ажыратуу боюнча мыйзамды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү активдүү талкууланууда.  Коррупция үчүн №47 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Алмазбек Атамбаевдин эч кандай кол тийбестиги жок деп ишендирет. Ал эмнеге минтип айтып атканын «24.kg» маалымат агенттигине түшүндүргөн. Биз маекти кыргызчага которуп сунуш кылабыз.
- Жогорку Кеңеште экс-президенттердин кол тийбестик статусун алып салуу боюнча мыйзам долбоору демилгеленди. Мындай документ актуалдуу деп эсептейсизби?
- Өтө көп убакыт өтөлек тарыхты эске салып көрөлү. Россиялык президент Борис Ельциндин күтүүсүздөн жасалган отставкасы жана бийликти мураскери Владимир Путинге өткөрүп бергенинен кийин КМШ мамлекеттеринин көптөгөн президенттери өздөрүнүн келечегине камкордук көргөн. Алар шашылыш түрдө өз мамлекеттеринин конституцияларына өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Алардын айрымдары чектөөлөрдү алып салган, мисалы бир эле адам президенттик кызматка катары менен эки жолудан ашык шайлана албайт дегенди жана экс-президенттердин кол тийбестигин карашкан.
Кыргызстанда бул 2003-жылы болду. Референдум жолу менен жаңы Конституция кабыл алынды. 53-берененин 2-пунктунда мындай деп жазылган: «Кыргыз Республикасынын экс-президенти кол тийбестикке ээ. Ал КР президентинин ыйгарым укуктарын аткарган убактысында жасалган аракеттери же аракетсиздиги үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбайт».
Ушул эле берененин 4-пунктунда мамлекет өзүнө «Кыргыз Республикасынын экс-президентин, анын жубайын, жашы жетелек балдарын жана анын карамагындагы башка үй-бүлө мүчөлөрүн камсыздоону, кызмат көрсөтүүнү жана кайтарууну» өзүнө ала тургандыгы көрсөтүлгөн.
Кыязы, Аскар Акаев Борис Ельцин сыяктуу өзүнүн мүмкүн боло турган мураскерин ойлобосо керек, андыктан өзүнүн коопсуз жана оокаттуу келечегин камсыз кылуу үчүн Конституцияга экс-президент статусун киргизген. 2003-жылы июнда тиешелүү мыйзам кабыл алынган.

2005-жылы Акаевдин авторитардык режимин кулаткан элдик революция болду. 2005-жылдагы революциянын башкы талабы авторитардык системаны демонтаж кылуу жана Акаев жана анын айлана-тегерегиндегилерди жоопкерчиликке тартуу болгон.
Андыктан 2006 жана 2007-жылдардагы конституцияларда экс-президенттин кол тийбестик институту жокко чыгарылган.
2010-жылдагы апрель революциясынан кийин кол тийбестик маселеси дагы деле актуалдуу болгон. Ошол кезде конституциялык кеңешме «Кыргызстанда кол тийбестик болбошу керек» деген чечим кабыл алган. Конституция айрым кызматтагы жактарга: президент, Жогорку Кеңештин депутаты, соттор үчүн абсолюттуу кол тийбестик эмес, салыштырмалуу кол тийбестикти карайт. Бул категориядагы жактарга аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн алардын ишмердүүлүгүнүн көз карандысыздыгына кепилдик үчүн атайын татаалдаштырылган тартип каралган. Мен дагы бир жолу белгилеп койгум келет – Кыргызстанда абсолюттуу кол тийбес эч ким жок.
Кайталайм, айрым кызматтагы жактар үчүн аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууда атайын тартип каралган. Экс-президент үчүн аны жоопкерчиликке тартууга Конституцияда андай атайын татаалдаштырылган тартип каралган эмес.
Президент жалпы негизде жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
- Бирок Кыргызстанда «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги боюнча» Мыйзам иштейт, анда экс-президенттин кол тийбестиги каралган. Эгерде парламент кол тийбестикти жокко чыгаруу тууралуу Исхак Масалиевдин мыйзам долбоорун кабыл алса, Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга мүмкүн болобу, себеби мыйзам артка иштебейт да?
- Конституциялык укуктун негиздерин эске салалы. Конституция жогорку юридикалык күчкө жана түз аракетке ээ. Конституциянын негизинде мыйзамдар кабыл алынат, бул 6-беренеде бар. Кыргызстанда баардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей – бул 16-берене.
Андан калса, 2010-жылдын 27-июнундагы КР Конституциясынын аракетке киргизүү боюнча мыйзамынын 1-беренесинде (5-пункт) мындай деп жазылган: «Конституция күчүнө киргенге чейин аракетте болгон мыйзамдар жана башка нормативдик-укуктук актылар, Конституцияга каршы келбеген бөлүк катары колдонулат».
Андыктан, 2003-жылдагы «КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги боюнча» Мыйзамда көрсөтүлгөн экс-президенттин кол тийбестиги боюнча жобо 2006-жылдан бери жараксыз жана бул 2010-жылдагы жалпы элдик референдумда аныкталган.
Укук коргоо жана сот органдары Конституциянын нормаларына каршы келген мыйзамдын нормаларын тапса, Конституцияга таянышы керек.
- Башкача айтканда, Алмазбек Атамбаев кол тийбестиктен ажырашы мүмкүнбү?
- Мамлекеттин экс-президенти Алмазбек Атамбаевди кылмыш же башка жоопкерчиликке тартуу муктаждыгы жаралган кырдаалда укук коргоо жана сот органдары эч кандай артыкчылыгы жок жалпы негизде аракет кылышы керек.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив