Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Эрмекбай Топчубаев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри: “Кызыл-Кыя шаары өнүгүү жолунда”

Эрмекбай Топчубаев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри: “Кызыл-Кыя шаары өнүгүү жолунда”

25 окт 2018, 18:20    bishkek
Кыргыздын атактуу уулдары Апсамат Масалиев билим алып чоңойгон, Төрөбай Кулатовдун эмгек жолундагы тушоосу кесилген Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдыгы 24-октябрда чоң салтанат менен белгиленип, бул күнү бир катар социалдык объекттердин ачылышы болду. Ырасында бул майрамга шаар эли, калаанын жетекчилери чоң даярдык менен кирип, белгилүү датага карата чоң-чоң иштер аткарылган. Биз болсо шаар мэрин кепке тартып, “кара алтындын” мекени болгон Кызыл-Кыядагы жетишкендиктер жана проблемалар тууралуу маектештик.
-         Эрмекбай мырза, 24-октябрда Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдыгы белгиленип, анын шарапаты менен бир катар социалдык имараттар колдонууга берилди. Дал ушул майрамдык иш-чара кандай деңгээлде өттү?
-         Негизи Кызыл-Кыя шаары өлкөдөгү тарыхы бай, эң байыркы шаарлардын катарына кирет. Көп улуттуу калаабыз Баткен облусундагы эң өнүккөн калктуу пункттардын сап башында туруп, облустун экономикасынын 61 пайызын түзөт. Майрамдык датаны белгилөө үчүн өткөн 2017-жылы шаардык деңгээлде курултай өткөрүп, анын чечими менен, шаардык кеңештин депутаттарынын макулдугу менен бир бүтүмгө келгенбиз. Бул күндү жөн эле сайрандоо максатында эмес, басып өткөн жолду эстөө, көп улуттуу элдин ынтымагын чыңдоо, шаарды өнүктүрүү максатында тостук.
-         Кызыл-Кыя шаарында кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?
-         Президентибиз Сооронбай Шариповичтин Аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча жарлыгын аткаруу максатында бир топ иштер аткарылды, дагы жүрүп жаткандары да бар. Мисалы, 24-октябрда 120 орундуу бала бакчанын ачылышы болуп, шаарда мындай жайлардын санын 15ке жеткирдик. Кызыл-Кыя шаарында жаш жеткинчектердин 60 пайызы бала бакча менен камсыз болгон. Өлкө боюнча бул көрсөткүч 30 пайыз экенин айта кетели. Мектептер болсо жетиштүү.  Жылдын аягында дагы 1 мектеп ачылганы турат. 5 чакырым шаарыбыздын ички жолдору республикалык бюджеттен аткаруу үчүн планга кирген, акча каражаты чечилип калса бир топ ички жолдор бүгүнкү талапка ылайык болуп калат болчу.
Ошондой эле жергиликтүү архив мекемесинин имараты эскирип, архивдик материалдар 150 чакырым алыстагы облустун борбору Баткен шаарына жеткирилген эле. Бул маселени чечип, жаңы архивдин имаратын колдонууга бердик. Эми калкыбыз тиешелүү аныктама алуу үчүн Баткен шаарына барып убара болбойт. Андан сырткары “Ыйман” комплекси курулууда. Ал ишке берилсе 1 мектеп, бир калкты медициналык жактан сапаттуу тейлөө борбору пайда болот. Ал жерге бөйрөк дартынан жапа чеккендер үчүн абдан керек болгон гемодиализ аппараттары да орнотулат. Буйруса Кызыл-Кыя шаары өнүгүү жолуна түшкөн.
-         Шаардык бюджеттин абалы кандай, каражат жагынан кенен элесиздерби?
-         Бүгүнкү күндө шаардык бюджет 100 млн. сомдун тегерегинде. Анын дээрлик көпчүлүк бөлүгү билим берүү, социалдык тармактарга жумшалат. Андан сырткары шаардын стадиону оңдолду, жолдор жарыктандырылып жатат. Ошентсе да көп нерсе акчага барып такалат экен. Анан дагы Кызыл-Кыя шаарында таза суу проблемасы бар.
Быйылкы жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында инвестиция тартуу жолу менен жана жергиликтүү бюджеттин салымы, элдин колдоосу менен биргеликте 25 батирдин курулушун колго алынып, ал 25 үй-бүлөгө тапшырылды. Биздин бул аракет шаар элин да кубандырды. Кудай буйруса бул иштер дагы уланат.
-         Шаардын таза суу кандай жолдор менен чечейин деп жатасыздар?
-         Бул боюнча да иштер жүрүп жатат. Алсак, Европа өнүктүрүү банкы менен тыгыз иштешип жатабыз. Аны ишке ашырсак, экинчи этабы башталат. Кызыл-Кыя шаарын бүтүндөй таза суу менен камсыздоого 3-4 долбоор этап менен ишке ашуусу керек. Биз муну буйруса ишке ашырабыз.
-         Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан цемент заводу көптөн бери Ош облусу менен талаш болуп келет. Бул маселе кандай чечилиши мүмкүн?
-         Негизи Кызыл-Кыя цемент заводу 2005-жылы Баткен облусун колдоо максатында курулган. Бирок, эгемендүүлүк алгандан кийин аймактарды тактоо иштери аягына чыкпай, ошол жер бүгүнкү күнгө чейин талаш болуп келет. Эми саясий чечим менен эле бул маселени шарты катаал Баткен облусунун пайдасына чечүү керек деп ойлоймун. Муну көпчүлүк колдосо керек.
 скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив