Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Данияр Тербишалиев, ЖКнын мурдагы депутаты: “КСДПда тынч жол менен лидер алмашканы турат”

Данияр Тербишалиев, ЖКнын мурдагы депутаты: “КСДПда тынч жол менен лидер алмашканы турат”

25 окт 2018, 15:32    bishkek
- Жакында Ысык-Көл облусунда, тактап айтканда Каракол шаарында “Атамбаевсиз КСДП” ураанынын астында жыйын өткөрдүңүздөр. Мындай ураанды көлдүк туугандар канчалык негизде колдоого алды?
- Ысык-Көлдө бир жума мурда “Атамбаевсиз КСДП” ураанынын астында өткөн жыйын ийгиликтүү болду. Ага катышкан партиянын эски жана жаңы мүчөлөрү бир добуштан демилгени колдоп, КСДПны тазалоону бир добуштан колдоду. Ага чейин Чүйдүн бир катар райондорунда, Нарында, Таласта ушундай эле жыйындар өтүп, көпчүлүк партиянын өкүлдөрү “Атамбаевсиз КСДП” ураанын колдоого алган.
- Сиздердин бул аракетиңиздер кандай жыйынтык бериши мүмкүн, негизги максат экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруубу?
- Жалпысынан бул партиянын ички маселеси. Биздин бул аракет Кыргызстандагы партиялардын диктатурасын жоготууга, партияны бир адамдын авторитардык башкаруусуна жол бербөөгө жана парламентаризмдин өнүгүшүнө салым кошот деп ишенебиз. Анткени, Кыргызстандагы көпчүлүк партиялар жеке менчик фирмага айланып калган. Өз оюн эркин билдирген партия мүчөлөрүн анын лидери кааласа чыгарып салат. Мен да ошондой мамилеге туш болгом. КСДП 2 жолку революциянын башында турган партия болгондуктан аны элдин ишениминен чыккан адамдарга башкартып партияны кор кылбашыбыз керек. Жаңы программа иштеп чыгып, партиянын курамын тазалоо зарыл. Биздин бул аракетибиз коомчулук, партиянын мүчөлөрү тарабынан колдоого алынууда.
- Бирок Атамбаевдин жакын санаалаштары “Атамбаевсиз КСДП” ураанынын артында бийликтеги таасирдүү күчтөр турганын айтып, бул жыйындарды уюштурууга административдик күчтөр тартылып жатканын белгилүүдө. Чын эле ушундай болуп жатабы?
- Бул айла кеткенде айтылган сөз. Эгер бизди административдик күч колдогондо жыйындарга 200-300 киши эмес, 2-3 миң адамдар катышмак. Биз жөн гана карапайым партиянын мүчөлөрү менен жолугуп, алардын колдоосун алып жатабыз.
- Айрым маалымат каражаттары “Атамбаевсиз КСДП” урааны астында чогулган партия мүчөлөрүн парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов колдоп, кабыл алганын жазды. Фракция лидерине жолуккандардын арасында сизди да бар деп жатат. Жолугушуу кандай өттү. Чын эле И.Өмүркулов ушундай демилгени колдодубу?
- Биринчиден, КСДП фракциясынын лидеринин кабыл алганы колдогону. Саясат деген абдан кылдаттыкты талап кылган нерсе. Иса Шейшенкулович да өз сунуштарын айтты.
- Таласта да чоң жыйын курган экенсиздер. Ал жакта Атамбаевге болгон элдин, КСДПнын мүчөлөрүнүн маанайы кандай экен? Негизи эле мындан аркы кадамдарыңыздар кандай болот?
- Таласта партиялаштар жылуу тосуп алып, жакшы колдоп берди. Кийинки жыйндарыбыз Чүй облусунун Аламүдүн районунда, андан соң Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында уланат. Партияны тазалап, ага жаңы адамдарды тартууну партиялаштар колдоп жатат. Бул да болсо республиканын өсүп өнүгүшүнө таасирин тийгизет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив