Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Жолборс Жоробеков: “Эл Жээнбековго зор үмүт артып турат”

Жолборс Жоробеков: “Эл Жээнбековго зор үмүт артып турат”

05 окт 2018, 17:00    bishkek

-- Урматтуу Жолборс аке, мына, “аш-паш” дегиче сиз дагы жетимишке барып калыптырсыз. Мезгил өтө тез, көзгө илешпей өтөт экен. Эсимде, 1995-жылы андагы эки палаталуу парламенттин мыйзам чыгаруужыйынынын депутаты катарында сизден ат жалында маек алган элем. Мына ошого да чейрек кылым болуп калыптыр. Андан бери саясаттын ичинде да, сыртында да болдуңуз. Ошондуктан, бүгүнкү күндүн деңгээлинен ошол жана азыркы мезгил жөнүндө сөз учугун уласак?

-- Рахмат, туура айтасың, мен 1995-жылы мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болдум. Ага чейин өмүр бою студенттерге тарыхый материализмден сабак берип, коммунисттик партиянын мүчөсү, илимдин кандидаты, доцент, докторантураны аяктап, докторлук диссертациямды коргоого даярданып калган кез болчу. Менин азыркы баамда, марксизмге болгон ишенимиме Горбачевдин “кайра куруусунан” баштап жарака кетти шекилди. Анткени, бул кезде биздин коллега досторубуз менен (азыркы Балтика боюндагы республикалардагы) СССРдеги мамлекеттик башкаруу, чарба жүргүзүү, партиялык система, демократия, рынок мамилелери жөнүндө ачык да, жашыруун да көп сүйлөшөөр элек. Анүстүнө саясый бюронун мүчөсү Яковлевге окшогондордун сүйлөгөн сөздөрүнөн, макалаларынан кандайдыр бир башкачараак багыт көрчүбүз. Жогоруда мен белгилегендей, Эстонияда убагында БК катчысы болгон философиянын доктору М.Х.Титма менен менин докторлук диссертациям жөнүндөкөп баарлаштым. Ошондо ал ачык эле “СССРде чоң өзгөрүү болот, ансыз жашоо жок” дээр эле.

Эсимде, 1988-жылы Фрунзе шаарында москвалык окумуштулардын чоң тобу катышкан конференциянын ачылыш аземи азыркы эле филармонияда болгон. Мен жакшы таанынган адам катары Москвадагы этнография интитутунун сектор башчысы (ал жерде эки жыл стажировкада болгом) Ю.В.Арутюняндыфилармониядан “Кыргызстан” (азыркы “Хаят”) мейманкасына узатып жөө бардык. Ошондо Арутюнян кокусунун эле “Жолборс, эмне үчүн бул шаар Фрунзе, өзүнүн аты кандай?” деп калды. Мен болсо бул биздин даңктуу жердешибиз М.В.Фрунзенин атынан коюлган ж.б.у.с. айтып, “эски аты Пишпек болсо керек эле” дедим. Ошондо ал “көрөсүң, мезгил келет, бул шаар өзүнүн тарыхый атын алат” деген эле. Сөздүн кыскасы, өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын аягы, 90-жылдардын башында СССРди туташ кризис чырмады. Коомдун баардык чөйрөлөрүндө Батыш мамлекеттеринен артта калдык. Анча-мынча чет өлкөлөргө чыгып келгендер тарабынан “биз курабыз деген коммунизмди алар эбак эле куруп коюптур” деген сөздөр көп айтыла баштады. Эмне үчүн мындай болду, аны орустун азыркы аналитиктери ар түрдүү себептерин көрсөтүшөт. Менин жеке баамымда, улуу империя СССРге Сталинден кийин бир акыл-эстүү, жетишерликбилими, мамлекети башкарууга жараткандан берилген таланты бар адам келбеди. Акыры ошол Сталин түзүп кеткен система 90-жылдарга чейин келди да. БолбосоСталин өзү 1912-13-жылдары жазган эмгектеринде “мамлекетти башкаруу жанаулут маселесин жайгаруу биз бийликке келгенден кийин мындай жүрөт, социализмди орнотуу үчүн мындай ыкма болот, андан кийин барып биз демократиялуу мамлекетти калыптандыргандан кийин баардыгы шартка, мезгилгежараша өзгөрөт” деп жазган экен. Сталинден кийинкилер маркизмдин: “Марксизм догма эмес, ал дайым диалектикалык түрдө өсүп-өнүгүп туруучу илим” деген жобосун түшүнбөй өтүп кетишти. Алар Сталиндин коомдун өсүп-өнүгүшүнүн ошол мезгилге туура келген “демократиялык централизм” дегенин догма кылып, айталы, Чоң-Алайга бир кичине көпүрө салыш керек болсо, аны да Москвадан чечип туруп алышты. Болбосо ар бир республикага эркиндигин бер, акчаны, армияны, чек араны бир кыл да, ар бир республика өз мыйзамың менен жаша деш керек эле да. Алар “Манасын” изилдейби, тарыхын изилдейби, айрым республикалар экиден аял алганга мыйзам чыгарып алабы, өзү билсин, өзү койсун. Американын элүүдөн ашык штаты ошентип эле жашап жатпайбы. Эми эмнесин айтасың? Баардыгы өттү-кетти. Путин айтмакчы, “СССРдин жоюлуп кеткенине кейибеген адамдын жүрөгү жок. Эми аны кайра калыбына келтиребиз деген адамдын башы жок”.

-- Эми өзүбүздүн Кыргызстанга келсек, эгемендүү болдук, дүйнөлүк уюмдарга теңата мүчө болдук. Өзүңүз өткөндө бир макалаңызда “БУУнун жанында флагштоктордо дүйнөнүн байрактарынын катарында Кыргызстандын байрагын көргөндө сыймыктануу сезими менен көзүмө жаш тегеренип кетет” дептирсиз. Мына, эгемен өлкөбүз, өзүбүз баш, өзүбүз төш дегендей...

-- Туура айтасың. Эгемендүүлүктүн эйфориясы менин баамымда 1990-2000- жылдарда жүрдү го. Айрыкча “легендарлуу парламентте”, болбосо Москвада эл депутаттарынын сессияда сүйлөгөндөрүн түз көрсөтүп, орустун “акыл-эси” Сахаров баш болгондордун сөздөрү, алардын катарында Кыргызстандагы проблемалар боюнча Акаевдин, Айтматовдун сөздөрүн биз жата калып угуп, анан эле СССР тарап, өзүбүз туу, герб, гимн, Конституциябызды кабыл алып, альтернативалуу түрдө Акаев президент болуп шайланып, миңдеген жылдык тарыхы бар Кыргызстандын жаңы доору башталды. Эркин гезиттер пайда болуп, анда жаңылыкка үндөгөн материалдар күргүштөп чыгып турду. Ошол кезде “Ак бата”, “Кыргыз руху”, “Асаба” гезиттерине мен да ат тезегин куратпай материалдарымды берип турдум. Азыр да эсимде, Мелис Эшимкаовдун “Асабасынын” 1991-жылдын 19-мартындагы санына “Кыргыздар жана рынок экономикасы” деген материалым чыккан. Кийин бир-эки монографиялардан менин ошол материалдарыма шилтеме берилгенин көрүп калдым. Азыр ошондогу материалдарды окуп, ошол айтылгандар азыр деле актуалдуу экенине таңкалам.

Албетте, СССРдин тарашы менен 15 республика өзүнчө эгемен мамлекеттердин болушу -- бул тарыхта мурда-кийин кезикпеген уникалдуу көрүнүш. “Өлүп көрүптүрмүнбү” дегендей, биз жапырт “рынокко” багыт алдык, бирок, жаңы шартта иш алып барган, бул жаатта тажрыйбасы бар кадрлар жок эле. Ар бир республика өз жолдору менен кетти. Мындай караганда, старттык абал баардыгыбызда эле бирдей көрүнгөн. Акаевдин президенттигинин алгачкы жылдарында бизге орустар, казактар, өзбектер чындап суктанышчу “кандай сонун интеллектуал пезидентиңер бар” дешип, а биз мыйзамдуу түрдө сыймыктанар элек. Аягы эмне болду, максаттарыбыз таш капты. “Акаев интеллигент окумуштуу экен, чарбаны билбеди” дедик, “Бакиев этинен сөөгүнө чейин чарбакер, эми оңолобуз” дедик, ага дагы болбоду. Эми жүздөгөн жигиттердин каны менен бийликке келген Атамбаевден чоң үмүт кылдык, аягы мындай болду...

Эми бул С.Жээнбековдон да зор үмүт кылып турабыз. Элибиз оңолсо экен, жок дегенде бул коңшулардын деңгээлине жетсек экен. Балдар-кыздарыбыз Орусия менен Казакстанга тентибесе экен. Коомдун баардык чөйрөсүнөн тажрыйбалуу консерваторлорду (сөздүн жакшы маанисинде) жана жаш, ишбилгилибералдарды чогултуп, “кандай кылылы, оюңарды айткыла” деп коомчулуктун үнүн угуш керек. Рационалдуу ойлорду пайдаланыш керек. Көп интеллектуалдар менен практик адамдардан жакшы идеялар чыгат. Ушу Путин, Назарбаев, Мирзиёевдердеги оргуштап чыгып аткан идеялар да элден чогулган да. Анан алардын оозу менен ишке ашууда. Бизде да сөз бар эмеспи “жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска” дегендей.

-- Эми Жээнбековго да айтар сөзүңүз болсо керек...

-- Азыр айтканда эмне, айтпаганда эмне? Карап көрөлү. Жумасына мен он чакты гезит-журнал алам. Кимисин ачып караба, президентке кайрылуулар. Ар биринде адам тагдыры, үмүт-зары, муң-кайгысытурат. Буга бийликтен көңүл буруп, “кой-ай” деп койгон бирөө жок. Акүй, Көкүйдө коридор толо жигит-кыздар компьютер ойноп отурушат. Бирок, массалык маалымат каржаттарына контет-анализ жасап, жооп берген адам жок.

Эми сен сурап калдың. Мына буюрса жетимишке келдим. Мага эч нерсенин кереги жок, оокат өтүп жатат, бир канча жылга эсептелген жаза турган пландар бар. Уул-кыздарым да мамлекеттик структурада иштебейт. Ошондуктан, анча-мынча тажрыйбасы бар адам катары президентке 7 пункттан турган сунуш-пикирим бар. Алардын эч кандай каржылык оорчулугу жок, жөн гана саясый эрк керек. Ар бир пунктуна 1-2 барактан негиздеп, чечмелеп, мындан 5-6 ай мурда эле президенттин аппаратына киргизгем, жооп жок. Ошондуктан, президент С.Жээнбековго болгон кыйрылуумду бул жерге да кыстара кетейин.

1. Региондорду көтөрүү жылын “региондорду көтөрүүнүн беш жылдыгы” деп узартуу. Бул С.Жээнбековдун президенттик мөөнөтүнө да туура келет. Региондорду көтөрүү менен биз миграция баш болгон көптөгөн маселелерди чечебиз. Анткени, “Маданият жылы”, “Адеп-ыйман жылы”, “Тарых жылы, “Айыл жылы”, “Айтматов жылы”, мүмкүн анан “Манас жылы”ж.б.у.с. аты бар, заты жок формалдуулуктардан эл жадады. Андан көрө жер-жерлерде кичине болсо да кайра иштетүүчү ишканаларды ачып, көзгө көрүнгөн иш кылсак (Казакстанды айтпаганда да Өзбекстандагыдай машина, трактор чыгара албасак да, түркмөндөрдөй асманга спутник учура албасак да).

2. Кечиктирилгис түрдө “Контитуциялык кеңеш” түзүп, 2019-жылы “майын чыгарып” талкуулап, 2020-жылы жаңы Контитуция кабыл алуу керек. Бул 2010-жылы алынып, 2020-жылы өзгөртүлсүн деген жобого да туура келет. Бул конституциялык кеңешке мурдагы чакырылыштын төрагаларын, Конституция боюнчаилимий эмгек жазган юрист-окумуштууларды, тажрыйбасы бар практиктерди, аброю бар адамдарды киргизүү керек. Конституцияны оңдоо сөзсүз керек.

3. Кен издегендерге, кен казгандарга мораторий жарыялоо. Болбосо Чаткал, Арпа баш болгон кыргыз жайлоолорунун берметтерин казып-чолуп, кытайы да, башкасы да тоолордун кунарын кетире турган болду. Иштеп жаткан, айталы, Кумтөр, Макмал, Жерүй ж.б. төрт-беш кенди калтырып, калганын кан буугандайтоктотуу керек. Акыл-эстүү Европада, Америкада баардык кендери изилденип, ТЭОсун бүтүрүп, бирок, иштетишпейт, консервациялап коюшкан, анткени, алар “келечек муунга бизден калган белек” дейт. Биз да кендерибизди 20-30 жылда бүтүрүп, урпактарга эмне калтырабыз?

4.Мен бүт өмүр бою иштеп келе жаткан билим берүү жана илим боюнча бир топ сунуштарым бар.

5. Акыркы кезде дин маселеси өтө кооптуу чекке жетти, бул жаатта иштеген, билген адам катары президентке иштиктүү сунуштарым бар.


(Уландысы бар)


Мамат САБЫРОВ


Булак: "Азия Ньюс" 


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив