Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Жумагул Сааданбеков, коомдук ишмер: “Сооронбай Жээнбеков абийирдүү жигит,  өйдө-ылдый сүйлөбөй, өзүнүн ишин жасап жатат”

Жумагул Сааданбеков, коомдук ишмер: “Сооронбай Жээнбеков абийирдүү жигит,  өйдө-ылдый сүйлөбөй, өзүнүн ишин жасап жатат”

27 апр 2018, 11:24    bishkek
0 комментарий   

Белгилүү коомдук жана саясий ишмер Жумагул Сааданбеков Кыргызстанда президент Жээнбеков менен кеткен премьер-министр Сапар Исаковдун ортосундагы атаандашкан мамиле Кыргызстанда кош бийлик кризиси келип чыгарын көрсөттү, бул коркунучту жойбосо кризис кайталанат деп кооптонууда. Анын жүйөсүндө Кыргызстанга бир авторитеттүү башчынын алдындагы башкаруу керек.
-         Бизде дагы Армениядагыдай кырдаал толук кайталанышы мүмкүн эле. Себеби мындан алты жыл мурда Атамбаев, Отунбаева, Текебаев катышып Конституциянын жазышкан. Булар чын дилинен Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөлүк кландык системасынан кетели деп жазышкан. Бирок андан кеткен ката -президент менен премьер-министрдин ортосундагы бийликти же таптакыр андан ары парламенттик республика кылбай, же президенттик-парламенттик кылбай, орто жерде ортозаар кылып, кош бийлик жасап коюшкан. Бул бомба. Четинен көрүп калдык да.
Мына, Арменияда болуп жаткан окуя бизде кайталанмак. Атамбаев дагы ошондой ойлонгон турбайбы. Жүрүп отуруп президентти англиялык королева кылайын деп, өзү партиянын башына келбедиби. Анан премьер болуп келип, келбесе дагы өзүнүн кишисин коюп алып, Кыргызстанды дагы бир алты жыл башкарайын деген экен. Ал эми президент болсо Молдавиянын президентиндей болуп, бурчта ыйлап отура бермек.
Ошон үчүн алдыда эки жол бар. Биринчиси -же толук бойдон парламенттик башкарууга өтөлү, анда Германия менен Армениядагыдай президентти толук бойдон парламент шайлагыдай кылып, Конституцияны өзгөртүү керек болот. Же болбосо өзүбүздүн элибиздин менталитетине, кылымдардан бери келаткан улуттук маданий өзгөчөлүгүбүзгө келели. Бир адамды баалоо, бир жетекчиге баш ийүү деген бар да бизде. Авторитет. Авторитет десе эле авторитаризм деп дөөрүй беришет. Авторитаризм деген эмне, бул авторитеттин бийлиги. Бул Ден Сяопиндин авторитети, Усубалиевдин, Раззаковдун авторитети. Авторитети жок бийликти көрбөдүкпү. Эчен жолу көрдүк. Ошон үчүн биз президенттик-парламенттик башкарууга кайра кайрылып келишибиз керек. 1998-жылдагы Конституцияны негиз кылып туруп кайра оңдоп чыгыш керек.
-         Жаңы президент өзүнүн командасын түзүп жатат, өкмөт башчы, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери алмашты. Жогорку Кеңеште анын өзүнө ыктаган чоң коалиция түзүлдү. Кош бийлик болуп жатса, анда эмне себептен президент тарап күчтүү болуп жатат?
-         Чыга албай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле. Турмуш өзүнөн өзү эле президентти көздөй бийликти оодарып жатат. Эгер Конституция боюнча баарын туура жасасак, анда баарын премьер алып алмак да. Сапар Исаков ошентип баштабадыбы. Президент бошотуп койгон Сүйүнбаевди эртеси өзү кызматка коюп жатпайбы. Тамаша ушерде жатат. Президент менен премьер кармашып турса, эмне деген жетекчилик болот? Болот Сүйүнбаевге байланыштуу окуялар эки бийликтин талашы катары бааланат. Премьер-министр Конституцияга таянып, менин укугум деп өзү каалаган кишисин кызматка дайындады. Президент аны карап туруп, мындай болбойт экен деп түшүндү. Ал себептен парламентаризм деп кыйкыра бербей, оңдолот деген пикирдемин.
Жээнбеков туура иш жасап жатат. Өйдө-ылдый сүйлөбөй, өзүнүн ишин жасап жатат. Кадрларды өзүнө ылайыктап тандайт, бирок мындан ары баары бир референдум өткөрүш керек. Конституцияны өзгөртүш зарыл, ансыз болбойт. Дүйнөдөгү мамлекеттердин 98 пайызында президенттик бийлик орногон. Бир гана Батыштагы айрым өлкөлөрдө парламенттик бийлик калыптанган. Үч жүз, төрт жүз жылдан бери бизге келген демократияны пайдаланып келген өлкөлөр. Аларды туурап, белимчи болуп жүрүп азыркы абалга жеттик. Ары карап ыйлайсың да, бери карап күлөсүң.
-         Дүйнөнүн көп мамлекеттери президенттик башкарууда экенин айтып жатасыз, бирок президент Жээнбеков парламентаризмди чыңдайм деп жатпайбы?
-         Антип сүйлөгөнү менен президенттин механизмдери иштеп жатпайбы. Эртең-бүрсүгүнү айтабыз, Британиянын королевасындай отур же такта деп.
-         Шайлоо алдында жана шайлоо учурунда Жээнбеков мурдакы президент баштаган саясий жолду улантарын билдирген. Бирок соңку окуялар Жээнбековдун башка жолду тандай турганынан кабар берип жаткан жокпу?
-         Турмуштун объективдүү тарабы бар. Атамбаев айткан жолду улайм деп аракет кылганы менен, дарыянын агымы бар да. Башынан туура эмес жүргүзүлгөн саясат болуп калды. Президент эми түшүндү да, менин ролум жөн эле отура беришпи деп түшүнөт да. Өзү абийирдүү жигит экен, бир жылдан ашык мөөнөт унчукпай өкмөт башчы катары иштеди. Президент болгондон кийин улам-улам чабуул боло баштады, премьер дагы чабуул койду. Турмуш деген башка-көзгө койгулап, туура жолго өзү алып барат да.
-         Атамбаев бийликте турганда түрк дүйнөсүнүн эки лидери Эрдоган жана Назарбаев менен айтышып, тирешип калганы Кыргызстандын сырткы саясатында кандай из калтырды деп ойлойсуз?
-         Ѳтө жаман таасир берди. Мына Эрдоганды, Назарбаевди айтканын көрүп турдук. Менимче Назарбаевге Москва жактагы досторунун тукурмасы менен барды го деп ойлойм. Себеби экөөнүн мамилеси жакшы болбой атат. Казакстан кириллицаны киргизип, Ак-Тоого Американын базасын коюп атат, Каспийде америкалык катерлер жүрө баштады.
Казакстанды да туура түшүнсө болот. Өзү күчтүү, чоң өлкө. Россияга вассал болгусу келбейт. Өз алдынча саясат жүргүзөлү деп жатат. Өткөндө эле Бириккен Улуттар Уюмунда бейтарап позицияда болду. Эгер ал жерде Россияга болуша турган болсо, Америка эртең эле Казакстандын шайын кетирмек. Анын алдында эле 22 миллиард доллларды чечип келген. Аны эртеси эле кайра тосуп коймок. Бул турмуш. Казактар да өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгын коргоп ушундай аракет кылып атат. Анан биз эле ким бирөө тукуруп койсо, айтыша беришибиз керекпи? Казактар менен талаша турган эмне маселебиз бар? Бабановду кабыл алса эмне экен? Бул президент эске деле албай турган иш болчу. Эрдоган менен эмне болгонун көрдүк. Каримовду болсо үч жылда өлөт деп айткан. Мунун баары туура эмес.
Эң чоң кемчилиги - мүнөзүндө экен. Чалпоо, өкүмдүк бар экен. Болбосо анын уюштургуч жөндөмү, мекенчилдиги, чарбачылдыгы баары эле жайында. Жакшы бир топ эле иштерди жасады. Бирок байкуш мүнөзүнүн кулу экен да. Сөзүнө ээ боло албайт экен.
-         Учурда Атамбаевдин тушунда бир топ саясатчыларга козголгон кылмыш иштерин кайра кароо аракеттери жанданып калды...
-         Себеби чала болуп калган да. Талгарбеков, Канат Исаев, Дастан Сарыгулов, Кадыровдор эмнеге олтурганын мен түшүнбөй да калдым. Аны далилдеп, такташ керек. Бирдеме сүйлөп койсо эле мамлекетке чыккынчылык же карама-каршылык деп эле камай берген болбойт да. Кимдер гана сүйлөбөдү? Эгерде бир аракет уюштуруп, бир нерсени талкалай баштаса башка кеп эле. Мен дегеле бирөөнө да ишенбейм, далилдендиби-жокпу?
-         Сакалдуу кишилер ар дайым калыс кебин айтып келген эмеспи. Ошондон улам сиздер туура эмес болуп атат, укпай жатасың деп эмне үчүн Атамбаевге убагында ачык айткан жоксуздар?
-         Мен айтып да, жазып да келдим. Бирок жалгыздын иши жалгыз да. Андан сырткары, биз канча жолу бир топ кишини колун койдуруп, "Улуттар Кеңешинин" атынан кат да жаздык. Алар президенттик аппаратта азыр да болсо керек. Кана укканы? Же каттар жетпей жатты, же көңүл бурган жок. Биз керек болсо Баш мыйзам менен шайлоо мыйзамдарын оңдойлу деп да кайрылганбыз. Кабыл алмак турсун "акшакалдар" дебедиби. Бир да жолу Улуттук илимдер академиясына басып келип койгон жок. Академия, университет дегендер интеллигенциянын алтын бешиги да.
Булак: Би-Би-Си
скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;