Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Тимур Саралаев, Эл аралык өнүктүрүү жана саясат агенттигинин директору: “Президент Жээнбековду үй-бүлөлүк кланга жабыштырып каралоо кампаниясы күчөдү”

Тимур Саралаев, Эл аралык өнүктүрүү жана саясат агенттигинин директору: “Президент Жээнбековду үй-бүлөлүк кланга жабыштырып каралоо кампаниясы күчөдү”

25 апр 2018, 14:51    bishkek
-Акыркы кездери айрым маалымат каражаттары, социалдык тармактардагы фейктер президентти негизсиз каралаганга өттү. Мындай компаниянын артында кандай күчтөр болушу мүмкүн?


-Чынында акыркы кездери президент Сооронбай Жээнбековго кылтыйган бир тараптуу каралоо башталды. Мындай каралоо күндөн-күнгө күчөп баратат. Динамикасы өсүп жатат. Буга айрым башы көрүнүп калган журналисттер, активисттер, партиянын мүчөлөрү катышып жатат. Бул процессти элге белгилүү болгондордон сырткары президенттик шайлоодон жеңилип калып сыртта жүргөн адамдар да каржылап жаткандай. Анткени алардын активдүү командасы социалдык тармактарда “президент үй-бүлөлүк башкарууга кадам таштады, кландык башкаруу орноп жатат, жердешчилик күч алды” деген ойду таңуулап жатат. Мен мындай адамдарга “Кыргызстандын тең жарымы, өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жалпы калктын тең жарымынан көбү жашайт” деп айтар элем. Анан Баткен облусунан бир вице-премьер-министр болсо Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө кандай тиешеси бар.


-Мындай элди бөлүп-жаруу, аны менен президентти жаман көрсөтүү,  эмне менен аякташы мүмкүн? Же чын эле үй-бүлөлүк башкаруу орноп жатабы?



-Трайбалистик, үй-бүлөлүк башкаруу орноп жатат деген чакырык бүгүнкү күнгө туура келбеген сөздөр, пикирлер. Азыр Жээнбековдор кландык бийликти орноткону жатат деген пикирди коомго сиңиртүүгө аракет кылып жатат. Булар жайы менен ушул пикирди элдин мээсине куюп, кайсы бир мезгилге чагымчыл пландарды даярдап жатат деген менде пикир пайда болуп калды.

maalymat.kgскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив