Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Игра Сапара Исакова с китайским гигантом TBEA «смертельна» – за долги придется отдавать приграничные земли…
Нет так страшен Суракматов, как его малюют…
Издөө
» » Дрезден шаарында Кыргызстандын Баатыры, Эл жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган адабий кече өткөрүлдү

Дрезден шаарында Кыргызстандын Баатыры, Эл жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган адабий кече өткөрүлдү

12 июн 2018, 09:53    bishkek
0 комментарий   
2018-жылдын 10-июнунда Дрезден шаарында (Германия) Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында фотокөргөзмөнүн жана «Каркыралардын убадасы» китебинин бет ачары өткөрүлдү.

Аталган иш-чарада Кыргызстандын Германиядагы Элчилиги залкар жазуучуга арналган фотокөргөзмөнү уюштурду. Чыңгыз Айтматовдун өмүрүндө жана чыгармачылыгында жасалган сүрөттөр катышуучуларга абдан кызыктуу болду.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн атынан Элчиликтин кеңешчиси Асхат Рыскулов сөз сүйлөп, иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, 2018-жылы Кыргызстанда жана бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелерде жазуучунун 90 жылдыгынын алкаганда ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле, Чыңгыз Айтматов тууралуу кыска документалдык тасма, тактап айтканда Германияда болгон видеокадрлар көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, жазуучу-айтматовчу Ирмтрауд Гучке жазуучу менен бирге иштешкендиги тууралуу бөлүшүп, ошондой эле өзүнүн «Каркыралардын убадасы» аттуу автордук китебинен үзүндүлөрдү окуп берди.
Катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка болгон өзгөчө ролун жана олуттуу салымын белгилешти.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;