Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Кыздаркан Келдибекова, ырчы: “Сахнага кечигип келгениме өкүнбөйм…”

Кыздаркан Келдибекова, ырчы: “Сахнага кечигип келгениме өкүнбөйм…”

13 авг 2019, 14:32    bishkek

--Кыздаркан, кош бойлуу өтө сулуу көрүнөт эмеспи. Ай-күнүңүз жакындап калган экен бизге качан сүйүнчү айтасыз?


--Буюрса аз калды. Туңгуч наристебиз болгондуктан жолдошум экөөбүз чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ысыкта кыйналган деле жокмун. Ар бир аял затына кош бойлуулуктун бакытын каалайт элем. Мени да ушул бакыттан куру калтырбаган үчүн Кудайга миң мертебе шүгүр. Кубанычым койнума сыйбай азыр баламды колума алаар күндү күтүп жүрөм. Көз жарсам дароо сүйүнчү айтам.


--Турмушка чыккандан кийин чыгармачылык солгундап калган жокпу?


--Жок андай деп айтуудан алысмын. Турмуш өз жолу, чыгармачылык өз нугунда бара жатат. Мурда элдин алдында кандай ырдап жүрсөм азыр деле жакшылыктарга барып жатам. Эл бар үчүн күйөрмандар чыгат экен. Чакырган жерден калбай кызмат кылып келе жатам. Менин биринчи тирегим жолдошум. Шарт түзүп койдук, үйдө олтур дебей, кайын журтум баш болуп колдоо кылышат. Мен ал сыйга сый менен жооп берейин деп келиндик кызматымды да унутпайм.Анын үстүнө кайын ата, кайын энем ырга жакын жан дүйнөсү таза адамдар. Мага кеп-кеңештерин айтып, ийгилигиме менден өтүп кубанып турушат.



--Сахнага кеч аралашып калдым деп өкүнбөйсүзбү?


--«Ийгиликтин эрте-кечи болбойт» деп коюшат эмеспи. Кыялымда жашап келген нерселердин баары ишке ашып жатат. Буюрганы ушул убакыт болду окшойт. Эрте аралашсам мындай болмок, тигиндей болмок деген өкүнүчтөн алысмын.


--Жар-жар айтып жүрөсүз, негизи кыргыздын салтында жар-жарды кимдердин айтканы туура?


--“Биздин келинди киргизип бериңиз”-деп суранышса кантип жок дейсиң. Маанисине карап жакшылап даярданып, жаштар бактылуу болсун деген ниет менен жар-жар айтабыз. Азыр ырчы эже-сиңдилердин баары эле айтып жүрүшпөйбү. Салттан чыкпайбыз, илгери кандай болсо ошондой эле сакталат.


Баян Кулова

Булак: "Де-Факто"




скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив