Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоору боюнча Каракол шаарынын 65 пайыз, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртылат

“Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоору боюнча Каракол шаарынын 65 пайыз, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртылат

10 июн 2019, 12:47    bishkek

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын саркынды суулардан арылуу тутумун жакшыртууга багытталган “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык жана Гранттык макулдашуулардын долбоорун жактырды.

Таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды суулардан арылуу департаментинин башчысынын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы бул багытта 41,87 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Каражаттын 12,84 млн доллары грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 32 жылга берилүүдө.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын 65 пайыз суу түтүгү, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртыларын айтты. «Долбоордо суу түтүктөрүнүн сапатына өзгөчө көӊүл бурулат», - деп кошумчалады ал.
Андан тышкары, кийинчерээк ушундай эле долбоор Нарын шаарында да ишке ашырыла турганы белгилүү болду.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив