Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: «Алмазбек Шаршенович эки жүздүүлүгүн, өзүнүн майдачылыгын көрсөтүп, өзүн абдан төмөн түшүрдү»
Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Издөө
» » Өзбекстанда жарандар кайтарып бербеген насыяларды банк кызматкерлери төлөп жатышат

Өзбекстанда жарандар кайтарып бербеген насыяларды банк кызматкерлери төлөп жатышат

11 мар 2019, 14:58    bishkek
Өзбекстандын Сырдарья облусундагы банк кызматкерлери жарандар кайтарып бербеген насыяларды өз чөнтөктөрүнөн төлөп берүүгө аргасыз болушууда.
«Микрокредитбанктын» аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери билдиришкендей, элге «Ар бир үй-бүлө — ишкер» программасынын алкагында берилген насыялардын кайтарылышы үчүн жоопкерчилик банк кызматкерлерине жүктөлгөн. «Эл аралык стандарттар боюнча, насыя алган адам акчаны кайтарып бере албай калган учурда, анын ордуна төлөп бере турган кепил адам керек. Былтыр президент насыялар жарандарга тезирээк берилиши керектигин айткан. Анда биздин банктын кызматкерлерин насыя алып жаткандарга кепил болууга мажбурлашкан. Эми кайтарылбаган насыялар үчүн жоопкерчилик биздин кызматкерлерге жүктөлүп отурат», — деди банктын өкүлү.
Анын айтымында, жетекчилик насыялар төлөнбөй калса кызматкерлер жумуштан алынарын эскертүүдө. «Биз жумушсуз калбайлы деп өз чөнтөгүбүздөн кардарларыбыздын насыяларын төлөй баштадык. Бирок бул адилетсиз болуп жатпайбы! Ал насыяларды биз алган эмеспиз да», — деди банк кызматкери.
Сырдарьядагы өз булактардын маалыматына караганда, 900дөн ашык жергиликтүү тургун насыя катары алган бир нече миллиард сум акчаны кайтарып берген эмес.
Облустук акимчиликтен билдиришкендей, жеткиликтүү насыялар жарандарга мал чарбачылыгы менен дыйканчылыкты өнүктүрүү, ошондой эле бир катар башка тармактар боюнча бизнес ачуу максатында берилген. Бирок айрым жарандар акчаны башка максаттарда пайдаланып, жыйынтыгында кайтарып бере албай калышкан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив