Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » "Кыз-Бурактын" мурдагы солисттеринин чыры. Кенже Дүйшеева Айжамал Кабыловага: "Сени бүткүл кыргыз элинин алдында түз эфирге чакырам!"

"Кыз-Бурактын" мурдагы солисттеринин чыры. Кенже Дүйшеева Айжамал Кабыловага: "Сени бүткүл кыргыз элинин алдында түз эфирге чакырам!"

25 фев 2019, 15:11    bishkek
Легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун мурдагы солисттери, учурдагы жеке ырчылар Айжамал Кабылова менен Кенже Дүйшееванын ортосундагы чыр көптүн назарын бурган. Социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу пикирлерин жазып, ойлору менен бөлүшкөн эки ырчынын кайым айтышуусу дале токтой элек.
Кечээ, 24-февралда Айжамал Кабылова Инстаграмдагы баракчасына төмөнкү билдирүүнү калтырган: "Сөөмөйүңүздү койкоңдотуп чындыкты сүйлөмүш этип, бирок ичиңизде жашырган арамдыгыңыз менен кошо жашап жүргөнүңүзгө боорум ачыйт!"
Мындан сырткары Кабылова Кенже Дүйшеевага арналган 4 бөлүктөн турган билдирүү жазды. Анда ырчы айым Дүйшеева менен буга чейин болгон талаш-тартыштарын ачыктаган.
Буга жооп катары бүгүн, 25-февралда Кенже Дүйшеева социалдык тармактагы баракчасына төмөнкү билдирүүнү жазды: "Өкүнүчтүү! Дагы деле өз оюң, пикириңдин жоктугун көрсөттүң! Сени бүткүл кыргыз элинин алдында түз эфирге чакырам! Бетме-бет, кел! Сага жазып беришкени көрүнүп турат. Муну менин дарегиме болгон каралоо деп кабыл алдым! 100 пайыз калп! Бул иштин башында ким турганын эми аңдадым!"
Буга чейин ырчы Айжамал Кабылова интернеттеги каналдардын бирине маек берип, анда Кенже Дүйшеева тууралуу кеп козгогон. Маекте Айжамал Кабылова Дүйшеева менен эмнеге мамилесин үзүп койгону тууралуу айтып берген. Мындан кийин Кенже Дүйшеева жеке баракчасына Кабылованын чыгармачылыгына байланыштуу 3 бөлүктөн турган эскерүү постун жазган.
Булак: Super.kg
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив