Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » ЭСЕНБҮБҮ НУРМАНБЕТОВА (некролог)

ЭСЕНБҮБҮ НУРМАНБЕТОВА (некролог)

04 янв 2019, 15:22    bishkek
Кыргыз музыкалык искусствосу оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы Эсенбүбү Нурманбетова 2019-жылдын 2-январында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.Эсенбүбү Нурманбетова 1957-жылдын 13-июнунда Талас облусунун Арал айылында туулган.
Эсенбүбү Нурманбетова 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтун, 1984-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун 1984-жылдан Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында опера ырчысы катары баштаган.
Эсенбүбү Нурманбетова опералык ырчы катары чыгармачыл жолунда көптөгөн белгилүү партияларды аткарган. Алсак, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөк» операсында Калыймандын, «Ажал ордунда» музыкалык драмасында Зулайканын, «Токтогулда» Валентинанын, Н. Давлесовдун «Аста секин колуктусунда» Зияданын, Ж. Каниметовдун «Ак Мөөр» опера-легендасында Ак Мөөрдүн, Ж. Вердинин «Риголетто» операсында Джильданын, «Травиатада» Виолеттанын, Россининин «Севильялык чач тарачында» Розинанын, Штраусстун «Цыган барону» опереттасында Арсенанын жана башка партияларын аткарган.
Эсенбүбү Нурманбетова кыргыз, казак, орус жана чет элдик композиторлордун романстарын, опералардын арияларын жана элдик ырларды мыкты аткара билген.
Кезинде кыргыз опералык труппасы мурдагы СССРдин көптөгөн шаарларында ийгиликтүү гастролдорду өткөргөн. Ал гастролдордогу спектаклдерде Эсенбүбү Нурманбетова негизги опера партияларды аткарган. Кыргыз опералык труппасынын гастролдору Румынияда, Алжирде, Түркияда, Кытайда, Индияда, Монголияда ийгиликтүү өткөнү белгилүү.
Чыгармачыл жолунда Эсенбүбү Нурманбетова өзүнүн аткаруучулук чеберчилигин дайыма өркүндөтүп, бай тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп келди. К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда насаатчы болуп келди.
Эсенбүбү Нурманбетованын көп жылдык чыгармачыл эмгеги түрдүү эл аралык конкурстарда белгиленип, мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болду.
Кыргыз театралдык искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Эсенбүбү Нурманбетова «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген жогорку наамга татыган.
Белгилүү опера ырчысы, педагог Эсенбүбү Нурманбетованын жаркын элеси кыргыз чыгармачыл интеллигенциясынын, музыка сүйүүчүлөрүнү жүрөгүндө терең сакталат. 
Жээнбеков С. Ш., Джумабеков Д. А., Абылгазиев М.Д., Омурбекова А.С., Эсеналиев Д. А., Асымбеков Ш. У., Жаманкулов А.К., Ташпаева Н.А., Секимов Б.Ш., Султанбаева А.Ж., Мураталиев М.М., Нуржанов Б.К., Осмонов Б.С., Бегалиев М.А., Чоткараева С., Чокоева Р., Сартбаева К.С., Сейталиев Т.С., Токтакунова С., Садыбакасова Г.С., Каниметов Ж., Лузанова Е.С., Исмаилова С. Р.
Эсенбүбү Нурманбетованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2019-жылдын 4-январында саат 10-00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив