Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Ч.Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагынын бет ачары Б.Гринченка атындагы Киев университетинде Элчи Ж.Шариповдын катышуусу менен болуп өттү

Ч.Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагынын бет ачары Б.Гринченка атындагы Киев университетинде Элчи Ж.Шариповдын катышуусу менен болуп өттү

21 дек 2018, 14:32    bishkek
Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында Б.Гринченка атындагы Киев университетинде Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов, университеттин жетекчилиги, котормонун автору М.Васькив, окутуучулар жана студенттердин катышуусу менен алгачкы жолу украин тилине которулган Ч.Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагынын (“Тоолор кулаганда”, “Чыңгызхандын ак булуту”, “Уул менен жолугушуу”) бет ачары болуп өттү.
Университеттин окуучулары Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда”, “Чыңгызхандын ак булуту” аттуу чыгармаларынан украин тилинде үзүндүлөрдү окуп беришти. Катышуучулар үчүн Ч.Айтматов жөнүндө документалдуу кыска метраждуу фильм көрсөтүлдү. Котормонун автору иш-чаранын катышуучуларына жыйнакка кирген Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мазмуну жана алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндап берди.
Элчи Ж.Шарипов өз сөзүндө Ч.Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы, анын өзгөчөлүктөрү жана ошондой эле, Кыргызстанда жана дүйнөлүк коомдо, анын ичинде Элчилик тарабынан улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө арналган уюштурулуп жаткан иш-чаралар тууралуу баяндап берип, университеттин китепканасына украин тилине которулган Ч.Айтматовдун китептерин белек катары тартуулады.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив