Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Түркмөнстанда алгачкы музыкалык лейбл негизделди

Түркмөнстанда алгачкы музыкалык лейбл негизделди

19 дек 2018, 10:07    bishkek
Түркмөнстанда жакында гана пайда болгон алгачкы Music Planet лейбли  Жаңы жыл алдында Ашхабадда концерт берет. Иш-чара 23-декабрда болот.
Фергана.ру басылмасы билдиргендей, Music Planet лейбли быйыл 17-ноябрда Түркмөнстан музыка коомчулугу тарабынан түзүлгөн. Компаниянын максаты – жаш таланттарды музыка искусствосуна тартуу, түркмөн поп-сахнасына жаңы ысымдарды алып чыгуу.
Долбоордун автору Дмитрий Осипов Түркмөнстанда буга чейин музыкалык лейбл болбогонун, бул индустрияга алар биринчи ирет кадам ташташканын билдирди. Ал чоң сахнага “жолдомо” алууну каалагандар көп болуп жатканын, алардын ичинен таланттуулары тандалып, келишим түзүлөрүн кошумчалады.
Түркмөнстанда искусствонун бардык тармагында катаал цензура бар. Мамлекеттик эмес продюсердик борборлор жаңыдан гана пайда болууда. 2018-жылы жеке театр оюну көрсөтүлүп, бул чоң жетишкендик катары жарыяланган.
Быйыл августта Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдөгү цензура комиссияларынын курамын жаңылаган. Учурда өлкөнүн "эстрадалык жана адабий бренди" – Бердымухамедов. Президенттин чыгармачылыгын өлкөдөгү бардык телеканалдар милдеттүү түрдө чагылдырып турушат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив