Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Тажикстандын акын, драматург министри юридика илимдеринин доктору даражасына ээ болот

Тажикстандын акын, драматург министри юридика илимдеринин доктору даражасына ээ болот

14 дек 2018, 14:08    bishkek
Жаңы жылдын алдында Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода «юридика илимдеринин доктору» деген илимий даражага ээ болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы укук коргоо органдарындагы өз булактарына шилтеме кылып билдирди.
Маалыматка караганда, министр 29-декабрда «Тажикстандагы экономикалык кылмыштар: кылмыш-укуктук жана салыштырма-укуктук анализ» деген темада доктордук диссертациясын жактайт.
Буга чейин ИИМ башчысынын илимий ишин Тажик улуттук университетинин юридика факультетинин Илимий кеңеши жактырган.
Булактын маалыматы боюнча диссертациянын бир бөлүмү Тажикстандагы банк каатчылыгына арналган. Автор анда өлкө банктарындагы көйгөйлөр глобалдык каржы каатчылынан кийин башталганын белгилеген. Анын айтымында, банктар тобокелдиктерди эске албастан, насыя берүүнү уланта беришкен.
Мындан тышкары өз изилдөөсүндө министр ИИМдин алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын кайрадан калыбына келтирүү боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында бул идеяны сурамжылоого катышкандардын 70 пайыздан ашыгы колдогон. Президент Эмомали Рахмон тарабынан 2007-жылы жоюлган бул кызматты Рамазон Рахимзода 1995-2001-жылдар аралыгында жетектеген.
Тажик ИИМ башчысы мындан тышкары Нихони деген каймана ысым менен ырларды жазат. Анын «Улут лидеринин көркөмдүгү» деп аталган алгачкы ыры «Тажикстан» журналынын 2016-жылдын ноябрындагы санына басылып чыккан. Кийин журнал Нихонини «Өткөн жылдын мыкты ыры» деген наам менен сыйлаган.
Быйыл августта өлкөнүн Мамлекеттик академиялык драмалык театрында ИИМ башчысынын пьесасынын негизинде «Дили модар» («Эненин жүрөгү») деген спектаклдин премьерасы болгон. Спектаклде Сирияга барып, «Ислам мамлекети» уюмуна кошулуп кеткен Хуршед аттуу студент жөнүндө айтылат. Аны издеп артынан барган энеси өз уулунун колунан каза табат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив