Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Айтматовдун чыгармаларын окуган ар бир муун аны түбөлүк унутпайт

Айтматовдун чыгармаларын окуган ар бир муун аны түбөлүк унутпайт

09 ноя 2018, 12:34    bishkek
Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 8-ноябрда Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Талас шаарында өткөн маарекелик иш-чарада билдирди. Белгилей кетсек, аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, Жогорку Кеӊештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү, маданий жана коомдук ишмерлер, жазуучунун үй-бүлөсү жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген меймандар катышты.
Төрага Дастанбек Жумабеков өткөрүлүп жаткан иш-чара асыл инсандын айтылып бүтпөс ойлорун, калтырган бай мурасын кеңири таанытууга көмөкчү болорун билдирип: "Бүгүн Талас шаарында уюштурулуп жаткан салтанат маарекелик иштердин маанилүү бир бөлүгү болуп саналат. Себеби, Чыңгыз Айтматов Манас бабабыз турак кылган ушул куттуу аймактын кулуну. Талас жергеси улуу калемгердин талантын ачып, аны такшалткан", - деди.
Ошондой эле Төрага алп калемгердин руханий мурастарынын маанилүүлүгүнө токтолуп: "Айтматов "Адам уулу качан адам болот?" – деген улуу суроонун тегеринде ой терметип, окурманын да ойлонуп, толгонууга түртөт. Ошонусу менен алп калемгер Ала-Тоонун гана эмес, ааламдын Айтматовуна айлана алды.  Анын чыгармачылыгы улуттук адабият үчүн эле эмес, улуттук искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизди", - деп кошумчалады.
Мындан сырткары, маарекелик иш-чаралардын алкагында улуттук оюндар уюштурулуп, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган эл өкүлдөрү көк бөрүнүн финалдык таймашына күбө болушту.
Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Чыңгыз Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын мурасы дүйнөнүн 170тен ашуун тилине которулуп,100 миллиондон ашуун нуска менен 130га жакын өлкөдө басылып чыгарылган.
Эскерте кетсек, 8-ноябрда Талас шаарында алп калемгер Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маарекелик иш-чаралар өттү. Мындан мурун ушундай эле салтанат Ош шаарында да уюштурулган. Ал эми негизги жыйынтыктоочу иш-чара Бишкек шаарында болот.скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 27 февраля 2019 11:13
Getting Viagra Fast. generic cialis canada Priligy Se Vende En Farmacias
Гость Jeakage от 15 марта 2019 20:41
Acheter Propecia Moins Cher Cialis De 5 Post Nasal Drip Amoxicillin viagra Ou Acheter Vrai Cialis
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив