Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков: Дүйнө элдерине кыргызды Манас атабыз кандай таанытса, Чыңгыз Айтматов дагы дал ошондой таанытты

Президент Сооронбай Жээнбеков: Дүйнө элдерине кыргызды Манас атабыз кандай таанытса, Чыңгыз Айтматов дагы дал ошондой таанытты

05 ноя 2018, 11:46    bishkek
«Дүйнө элдерине кыргызды Манас атабыз кандай таанытса, Чыңгыз Айтматов дагы дал ошондой таанытты. Ал кыргызды өз чыгармачылыгы жана кадыр-баркы менен дүйнөгө таанытты», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-ноябрда Ош облустук ат майданында өтүп жаткан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк-бөрү боюнча финалдык оюндардын ачылышында.
Мамлекет башчысы залкар жазуучу, планетардык инсан, улуу ойчул, философ, гуманист Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Ордолуу Ош — Айтматовдун тагдырында» аттуу иш-чаралар Ош областында өтүп жатканын белгиледи.
«Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдык мааракесин бүт дүйнө жүзү белгиледи. Дүйнөдө Шекспир менен Толстойдон кийин чыгармалары эң көп окулган улуу жазуучунун юбилейлик мааракесинин Ош жергесинде чоң салтанат менен белгиленип жатышы бекеринен эмес. Күнөстүү Ош менен Айтматовдордун тагдыры да, үй-бүлөлүк тарыхы да бекем байланышкан. Байыркы Оштун көчөлөрүндө, Ак-Бууранын боюнда Чыңгыз Айтматовдун алтын балалыгы калган. Анын атасы Төрөкул Айтматовдун эмгек жолу Оштон башталган», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы Чыңгыз Айтматовдой болгон инсандар Кыргызстандан дагы көп чыксын деген ниетин билдирип, көк-бөрү боюнча финалдык оюнда күчтүүлөр жана шамдагайлардын жеңишин каалады.
«"Күч атасын тааныбайт" дегендей, эң күчтүү эр-азаматтардан турган команда жеңсин! Байгелүү болгула! Журтубузда ынтымак жана биримдик болсо, улуу максаттарга жетебиз!», — деп Президент Сооронбай Жээнбеков каалоо-тилегин айтты.
Эске салсак, Ош областында «Ош — Чыңгыз Айтматовдун тагдырында» аттуу улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында 2018-жылдын 29-октябынан бери улуттук ат оюндары өтүп жатат жана анын ичинде көк-бөрү боюнча финалдык оюндар дагы өтүүдө.скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 18 февраля 2019 09:29
Cialis Omline Cheap Levitra Vardenafil Comprar Cialis Online En Madrid buy generic propecia uk Azithromycin 500mg Dosage For Chlamydia
discount generic accutane buy viagra Propecia Online No Prescription Hair Growth Dapoxetina Comprare
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив