Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Премьер-министр Кубатбек Боронов: Бизнести колдоо - экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүүнүн негизин түзөт

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Бизнести колдоо - экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүүнүн негизин түзөт

06 авг 2020, 10:52    bishkek
Бизнести колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлбөсө жана экономиканы керектүү финансылык ресурстар менен камсыз кылбасак, экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди. 
«Өкмөт насыянын негизги суммасын кайтаруу боюнча мөөнөтүн 3 айга узартуу (пролонгациялоо) жөнүндө чечим кабыл алган. Бирок азыркы шартта бул жетишсиз деп ойлойбуз. Жагдайга жараша  насыяны кайтаруу мөөнөтүн дагы кеңейтүүнү зарыл деп эсептейбиз. Мындай чараларды калк үчүн керектөөчү жана ипотекалык насыяларга дагы колдонуу туура болот. Учурда бул механизмдер каралып жатат», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.  
Премьер-министр белгилегендей, бизнести жеңилдетилген насыялоо программасына  14 млрд сом каралган. 
«Бүгүнкү күндө Программанын алкагында коммерциялык банктарга ишкердик субъектилерге  жеңилдетилген кредит берүү үчүн 4,2 млрд сом бөлүндү. Анын 2,2 млрд сому Финансы министрлиги тарабынан, Улуттук банктын кредиттик аукциондору аркылуу 2 млрд сом ишкерликти колдоого бөлүндү», - деп кошумчалады Өкмөт башчы.
Өкмөттүн антикризисттик планынsy алкагында 10 коммерциялык банк бизнести жеңилдетилген насыялоо боюнча иштеп жатат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив