Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Токмок шаарындагы стационарлардын иши менен таанышты

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Токмок шаарындагы стационарлардын иши менен таанышты

05 авг 2020, 15:15    bishkek
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев жана россиялык дарыгерлер Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан бир катар стационарларга барып, Чүй аймактык ооруканасынын жана Токмоктогу №4 үй-бүлөлүк медицина борборунун абалы жана медициналык кызматкерлердин иштөө шарты менен таанышты.

Токмок шаардык №4 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында 216 орундуу көп тармактуу оорукана үчүн оңдоо-куруу иштери жүрүүдө, ал муктаж болгон учурда коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн багытталат. Россиялык медициналык кызматкерлер объектти реконструкциялоодо тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларынын сакталышы боюнча өз сунуштамаларын беришти.

Аида Исмаилова Чүй аймактык ооруканасынын медициналык кызматкерлери менен жолугушуп, жамаатка жеке коргонуу каражаттарын, респиратор жана маскаларды тапшырды. Вице-премьер-министр өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен эмгек кылган медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, ага жараша COVID-19 чалдыккан оорулуулардын жана андан курман болгондордун санын азайтууга мүмкүн болгондугун белгиледи. 

«Учурда оору жугузуп алгандардын саны азайып жаткандыгын байкоого болот, ага карабастан, ар-бирибиз талап кылынган санитардык эрежелерди так сактоону улантуубуз керек. Андай болбосо, оорулуулардын саны кайрадан көбөйүп, мамлекеттин, дарыгерлердин жана волонтерлордун ооруга каршы күрөшүү боюнча күч-аракетин жокко чыгаруусу ыктымал. Биз коронавирус инфекциясынын жайылуу чынжырчасын үзүп, вирусту толугу менен жеңип чыгуубуз керек», - деди ал.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив