Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » КЫЙЫН КЕЗДЕ КЫЙЫЛГАН ӨМҮР. ПОЛКОВНИК ҮСӨН НИЯЗБЕКОВ тууралуу тасма

КЫЙЫН КЕЗДЕ КЫЙЫЛГАН ӨМҮР. ПОЛКОВНИК ҮСӨН НИЯЗБЕКОВ тууралуу тасма

05 авг 2020, 12:17    bishkek
7-августта Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө орун алган баш аламандык, атайын операциянын үзгүлтүккө учурашы, Альфанын кызматкерлери барымтага алынганы, ур-токмокко кабылып, операцияны жетектеп барган Усөн Ниязбеков октон каза болгону тууралуу хронологияны айтуу менен башталган.
2-операциядан кийин Атамбаев үйүндөгү бункерден колго түшүп, камакка алынды. Полковник Усөн Ниязбеков кызматтык милдетин аткарып 40 жашында өмүрү кыйылды.
У.Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаеванын пикири берилген: “Бийлик үчүн умтулгандар жарыбасын, оңбосунө, канчалаган башка мамлекеттерге барып келди, террордук операцияларга катышты. Келип аягында өз мамлекетинде ок жеп каза болгону күйдүрүп кетти”.
Айгул Алишерова карындашы: Бийликтегилерге ыйман берсин.
Эргешбай Маманов тууганы: Ал өз мекенине берилген, кызмат кылган бала эле. Өзүнө берилген милдетти аткарып киийнки муундарга үлгү калтырып кетти.
Азиза Мамбетказиева координатор ОО “Апрель байрагы” – Өз мекенинин стабилдүүлүгү үчүн өмүрүн берди.
Асан Ниязбеков – агам мекен үчүн жанын берди. Өз милдетин аткарып кетти.

Депутаттык комиссия түзүлдү. Экспертизанын жыйынтыгында Усөн Ниязбеков Атамбаевдин снайпердик куралынан атып өлтүрүлгөнү аныкталды.
ИИМ министри К.Жунушалиевдин комментарийи графика менен берилди: “Тергөө жүрүшүндө аны ким атканы аныкталган. Тергөө кызыкчылыгы үчүн атын айта албайбыз”.

Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун Жогорку Кеңеште комиссиянынын ишинин жыйынтыгы жана иликтөөнүн корутундусу менен тааныштырган сөзү берилген.
9-августка караган түнү Атамбаевдин тарапташтары борбор калаада баш-аламандык уюштурган кадрлар берилген.
УМК төрагасы О.Опумбаевдин Кабарда берген пресс-конференцияда сүйлөгөн сөзү берилген. Атамбаев өлкөдө төңкөрүш кылуу үчүн үйүнө адамдарды чогултуп, акча таркатылганы, кан төгүү кылууга даярдыктары тууралуу айткан.
Профессор Сулайман Кайыповдун Кой-Таш окуясына илимий баа бериш керек деп деген пикирин айткан. Бир республиканын ичинде туруп алып мамлекетке шек келтиргени, колуна курал алып, өзү колдогон бийликке каршы чыкканы бул чоң саясий ката.

Артур Медетбеков: Атамбаевдин аракеттерин террористтик аракеттерден эч айрымасы жок. Атамбаев жана анын санаалаштары бир нече кылмыш ишине катышып калышты. Кылмыш иши козголуп сот процесстери жүрүп жатат.

Президенттин Усөн Ниязбековго Эрдик медаль тапшырганы, үй-бүлөсүн кабыл алып көңүл айткан кадрлар менен берилген.
Ала-Арча көрүстөнүндө сөөгү коюлган жерге эстелик коюлганы, ата-энесинин, О. Опумбаев, А.Медетбековдун сүйлөгөн сөзү, кесиптештеринин эскерүүсү берилген.
Жакын туугандарынын эскерүүлөрү, балалык чагы, кесип тандоосу, турмуштагы адамгерчилик сапаттары, үй-бүлөдөгү ата катары орду баласынын эскерүүсү берилген. Апасы Өктөм Мамаеванын эскерүүсү менен аяктаган.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив