Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Премьер-министр Кубатбек Боронов: Резервдерди мобилизациялоо жана жыйымдарды чогултуунун көрсөткүчүн жакшыртуу керек

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Резервдерди мобилизациялоо жана жыйымдарды чогултуунун көрсөткүчүн жакшыртуу керек

04 авг 2020, 11:15    bishkek
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Ал салык жана бажы кызматтарында резервдерди мобилизациялоо, жыйымдарды чогултуунун көрсөткүчүн жакшыртуу боюнча мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. 
«Башында бизде бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча ушундай пландарыбыз бар болчу. Бирок COVID-19 пандемиясынан улам ага белгилүү бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө туура келди. Былтыркы жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча буга чейин кабыл алынган пландан артта калып жатабыз. Ошол эле учурда июль айынан бери бюджетти аткаруунун көрсөткүчүнүн динамикасы жакшырып жатканын белгилей кетүү керек.    Учурдагы жоготууларды жабуу жана кийинки жылдын бюджетин түзүү үчүн иштерди активдештирүү зарыл», - деди Премьер-министр. 
2020-жылдын июль айындагы жыйынтыгы боюнча бажы жана салык жыйымдарын чогултуунун планы толугу менен аткарылды. 
«Республикалык бюджетти толтурууда негизги милдет салык жана бажы кызматтарына жүктөлгөн. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү менен катар эле биз негизги милдеттерибизди дагы унутпашыбыз керек. Таризделбеген товарларды жана күйүүчү, майлоочу майды ташуунун алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүбүз зарыл. Алар дагы эле чоң көлөмдө ташылууда. Бул өз кезегинде бюджеттин киреше бөлүгүнө терс таасирин тийгизет. Ошондой эле фискалдаштыруу жана ASICUDA системаларын жүзөгө ашыруу боюнча иштерди тездетүү шарт. Көпчүлүккө инфекциянын массалык түрдө жугуу коркунучун жаратпай турган экономиканын айрым тармактарынын ишин жандандыруу керек. Муну менен катар Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктун ачуу маанилүү, анткени жүктөрдүн 65 пайызы ошол жактан өтөт. Товарларды импорттоо/экспорттоонун алгоритмин бекитүү боюнча кытай тарап менен иштерди тездетүү зарыл», - деди Кубатбек Боронов. 
Кеңешинин соңунда Премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив