Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Премьер-министр Кубатбек Боронов Россиядан келген дарыгерлер менен эпидемияга каршы күрөшүү чараларын жана сунуштарды талкуулады

Премьер-министр Кубатбек Боронов Россиядан келген дарыгерлер менен эпидемияга каршы күрөшүү чараларын жана сунуштарды талкуулады

04 авг 2020, 09:44    bishkek
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Россия Федерациясынан келген медицина тармагындагы адистерден турган делегациянын өкүлдөрү менен эпидемияга каршы күрөшүү чараларын жана өлкөнүн коронавируска байланыштуу абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды талкуулады. 
Республикалык ыкчам штабдын жыйынын жүрүшүндө Өкмөт башчы биздин өлкөгө жардам берип, колдоо көрсөткөнү үчүн медицина кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди. 
Башкортостан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жана Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча Федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная коронавирус инфекциясын аныктоо жана дарылоо, анын кесепеттерин жоюу боюнча Россия Федерациясынын саламаттык сактоо тармагында колдонулган тажрыйба жана сунуштар тууралуу айтып беришти. 
Наталья Пшеничная белгилегендей, «жергиликтүү медицина кызматкерлери жанын аябастан иштеп жатат». 
«Ар бир бейтапка  кфалификациялуу жеке мамиле жасалганы таасирлентти», - деп кошумчалады. 
Россиялык адистер «Семетей» обсервациялык жайын лабораториялык жана дартты аныктоо кызматтары менен камсыз кылуу, лабораториядагы кадрдык курамды күчтөндүрүү жана кошумча топторду түзүү, эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын катуу көзөмөлдөө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу аймактарда компьютердик томография жабдууларынын санын көбөйтүү, медицина кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарды коопсуз пайдалануу боюнча семинарларды өткөрүү сунуштарын беришти.  
 Премьер-министр россиялык медицина кызматкерлерине тажрыйба жүзүндө берген жардамы жана сунушутары үчүн ыраазычылык билдирди. 
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан биздин өлкөгө келип тажрыйба жүзүндө көмөктөшүп жатканыңыздарга жана бейтаптарды дарылоо боюнча берип жаткан сунуштарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Ишиңиздерге ийгилик жана бекем ден соолук каалайбыз», - деп айткан Кубатбек Боронов, эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турган Ысык-Көл жана Жалал-Абадда облустарына көрсөтүлгөн жардам менен колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 
Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берип, күндүзгү стационардагы иштин коопсуздугу камсыз кылуу үчүн жаңы критерийлерди иштеп чыгууну  милдеттендирди 
«Кыска мөөнөттүн аралыгында «Семетей» обсервациялык жайын лабораториялык кызмат жана башка керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзгүлө. Мындан тышкары ыкчам түрдө облустарга компьютердик томография алып берүү боюнча ар кыл варианттарды, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы сунуштарды карап чыккыла. Аймактарда  ооруп жаткан жарандарды аныктоо, алардын абалы оорлошуп,   өтүшүп кеткенине жеткирбей,    үймө-үй кыдыруу боюнча иштерди күчөтүү зарыл», - деп белгиледи Өкмөт башчы.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив