Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Вице-премьер-министр Аида Исмаилова «Семетей» обсервациясын жугуштуу оорулар ооруканасы катары түзүп чыгуу маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова «Семетей» обсервациясын жугуштуу оорулар ооруканасы катары түзүп чыгуу маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү

04 авг 2020, 09:20    bishkek
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова «Семетей» аскердик-талаа госпиталынын базасында көчмө жыйын өткөрдү.

Кеңешмеге саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, эпидемиолог, инфекционисттер жана Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы  россиялык медиктер катышты.
Кеңешменин катышуучулары «Семетей» госпиталын инструменталдык-лабораториялык диагностикалоо жана коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн кайрадан түзүп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Мында жетиштүү өлчөмдөгү койко-фондду түзүү, анын ичинде реанимациялык бөлүмдү жана кабыл алуу блогун заманбап жабдуулар менен кошумча түрдө жабдуу сунушталууда.

Күз-кыш мезгилинде жугуштуу оорулардын күч алуусун эсепке алуу менен кыска мөөнөттө госпиталдын базасында толук кандуу медициналык көмөк көрсөтүүнү уюштурууга байланыштуу  кадрдык жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү маселеси кабыл алынды. 

Россиялык адистер кошумча түрдө жугуштуу оорулар ооруканасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, анткени, бул башка тармактык медициналык мекемелерге башка оорулууларды штаттык режимде кабыл алууга мүмкүндүк берет.

«Семетей» обсервациясынын негизинде толук кандуу жугуштуу оорулар ооруканасын түзүү идеясы коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү процессинде пайда болду, анткени, биз анда бейтаптар үчүн 1000 ашуун орунду даярдай алабыз. Ошондой эле ушул оорукананын базасында лабораторияны ачууну пландаштыруудабыз. Эгерде биз «Семетей» обсервациясынын аймагында жугуштуу оорулар ооруканасын негиздесек, анда бул стационар аймактагы эң ири жугуштуу оорулар ооруканасына айланмакчы», - деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев россиялык кесиптештерге жалпы республиканын саламаттык сактоо мекмелеринде коронавирустук инфекцияга каршы күрөштө практикалык жана уюштуруу-методикалык жактан көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив