Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Райымбек Матраимов: "Элибизге келген апаат, тирүүлүктүн кадырын, баасын, кымбат экенин ого бетер далилдеп берди"

Райымбек Матраимов: "Элибизге келген апаат, тирүүлүктүн кадырын, баасын, кымбат экенин ого бетер далилдеп берди"

31 июл 2020, 13:28    bishkek


Райымбек Матраимов кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

“Кадырлуу кыргызстандык мекендештерим!
Сиздерди Жараткандын эң улуу күндөрүнүн бири — ыйык Курман Айт майрамыңыздар менен ак дилимден куттуктайм!
Бул күнү жалпы мусулмандар курмандык чалып, көзү өтүп кеткендерди эскеришет. Ага улай эле жан дүйнөбүздү аруулап, көөнөрбөс баалуулуктарды сиӊиребиз. Быйыл, мусулмандар үчүн ыйык күндү белгилөө өзгөчө шартта өтүп жатат. Акыркы бир ай ичинде элибизге келген апаат, тирүүлүктүн кадырын, баасын, кымбат экенин ого бетер далилдеп берди.
Элге келген кырсыкта – кыргызстандыктар бириге алдык, жапа тырмак мамлекеттин жүгүн көтөрүп, туу түбүнө чогулдук. Ынтымак менен вирустун кесепетине каршы туруп, кеселдин жайылышын азайттык. Биздин уюшумдуу улут экенибизге, ынтымагыбызга кошуна элдер суктанышты.
Мына, бүгүнкү ыйык майрам дагы ушул түшүнүктөргө, ынтымактуу жана кайрымдуу болууга үндөйт.
Кымбаттуу мусулман бир туугандар!
Ыйык мекенибизде апаат болуп келген кырсыктан аман өтүп, оору-сыркоодон кутулуп кетели. Ар бир үй-бүлөдө тынчтык, жакындарыбыз менен түгөл болууну насип кылсын. Ыйык күнү тилеген тилектерибиз орундалып, эч ким жамандыктын сыноосуна кабылбасын деп тилейм! Кыргызстаныбызды Алла Таала өзү колдосун!скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив