Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » «Ата-Бейитте» коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү

«Ата-Бейитте» коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү

30 июл 2020, 10:06    bishkek


Бүгүн, 30-июлда, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү.
Маркумдарга багышталып Куран окулду.
Улуттук аза күтүү күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек  Жумабеков, Премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Соттун Төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат Токтомушев катышты.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 27-июлунда «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу» Жарлыкка кол койгон.
Коронавирус инфекциясынын Кыргыз Республикасында жайылышы менен бул илдет өлкөнүн көптөгөн жарандарынын өмүрүн алып кетти.
Аза күтүү күнүндө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында тиешелүү иш чаралар болуп өтөт, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туулар түшүрүлөт.
Кыргыз Республикасынын маданий мекемелерине жана телерадиокомпанияларына көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтото туруу сунушталган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив