Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » «Коопсуз шаар» долбоору боюнча айыппулдар тез жардам унааларын алууга багытталат

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча айыппулдар тез жардам унааларын алууга багытталат

24 июл 2020, 10:46    bishkek
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тез жардам унааларын сатып алуу үчүн атайы аккумуляцияланган 145 млн сом суммасындагы акча каражаттары боюнча ыкчам тартипте тийиштүү документтерди даярдоону тапшырды. 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56-токтомуна ылайык, долбоорго тартылган мекемелер арасындагы бөлүштүрүүдөн соң, каражаттын калган бөлүгү республикалык бюджетке түшөөрү каралууда. Аталган токтомдо 50% калдык максаттуу түрдө Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кызыкчылыгында «медициналык тез жардам унааларын алуу жана аларды тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн» топтолоору тууралуу талап киргизилген.
Учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тийиштүү даярдык иштери башталды.
Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдардан жыйналган каражаттарды ак ниет жана натыйжалуу өздөштүрүү маселесине артыкчылыктуу көңүл бурулат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив