Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Вице-премьер-министр Аида Исмаилова россиялык медициналык адистер менен жолугушту

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова россиялык медициналык адистер менен жолугушту

24 июл 2020, 10:44    bishkek
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиологиялык илимий-изилдөө институтунун Федералдык бюджеттик илимдер мекемесинин клиника-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары, профессор Наталья Пшеничная, ошондой эле Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык дарыгерлердин тобу менен жолугушту.
Россиялык делегация Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 50 миң иликтөөгө керектелген ПЧР-тесттерди жана реагенттерди берди.
Россиялык дарыгерлердин тобунда  реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана отоларингологдор бар, алар аймактарга барышып, жеринде коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоого катышат, ошондой эле аймактардагы дарыгерлер үчүн вебинарларды өткөрүшөт. 
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, россиялык тараптын колдоо көрсөтүүсү эки өлкө элдери ортосундагы чыныгы достук жана бир туугандык мамилелердин далили катары саналат жана ал россиялык дарыгерлерге, Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Россия Федерациясынын элчилигине COVID-19 каршы күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. 
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Россия Федерациясынын Кыргыз Респуликасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана өлкөнүн медициналык мекемелеринин жетекчилери катышты.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив