Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Премьер-министр Кубатбек Боронов: Стационарларда санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөөнү күчөтүү керек

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Стационарларда санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөөнү күчөтүү керек

24 июл 2020, 10:42    bishkek
Күндүзгү жана түнкү стационарларда эпидемиологиялык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөөнү күчөтүү керек. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.
«Медицина кызматкерлерине жана жарандарга коронавирус инфекциясынын жугуу коркунучун алдын алуу үчүн стационарларда санитардык ченемдерди катуу сактоо талап кылынат. Мындан өлкөнүн эпидемиологиялык абалы көз каранды. Ошондуктан адистер жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте бардык санитардык эрежелерди аткарууну туруктуу негизде көзөмөлгө алууга тийиш жана стационарлардагы медицина кызматкерлеринин иштөөсүнө зарыл шарттарды түзүү абзел», - деди Өкмөт башчы.
Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү ооруп жаткан жарандардын өмүрүн сактап калуу боюнча көрүлүп жаткан иштерди талкуулашты. Мындан тышкары оорусу өтүшүп кеткен бейтаптардын абалын жакшыртуу үчүн чараларды күчөтүү тапшырмасы берилип, бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин аймактардагы кураторлоруна жана Бишкек шаарындагы ооруканаларга бекитилген Өкмөт мүчөлөрүнүн дарегине Премьер-министр сын айтты. 
«Оор абалдагы бейтапты дарылоодо түшүнүксүз жагдайлар болуп жатса, академик, профессор жана клиницисттерден турган эксперттик топко кайрылуу зарыл. Саламаттык сактоо министрлиги жалпы республика боюнча иштей турган дарыгерлердин консилиумунун ишин күчөтүүнү колго алууга тийиш», - деп белгиледи Кубатбек Боронов. 
Отурумда Бишкек жана Ош шаарларында жаңы ооруканаларды куруу, аймактардагы бош имараттардын багытын өзгөртүп, медициналык мекемеге ылайыкташтыруу иштерин ушул жылдын 25-августуна чейин бүткөрүү тапшырмасы берилди. скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив