Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков: Стационарлар сөзсүз керек, бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы курабыз

Президент Сооронбай Жээнбеков: Стационарлар сөзсүз керек, бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы курабыз

23 июл 2020, 16:08    bishkek
«Стационарлар сөзсүз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы кура баштайбыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда, Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барган учурунда.
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин маалыматына ылайык, күндүзгү стационар 100 орундукка ылайыкталган жана ачылган күндөн бери ага миңден ашуун адамдар жардам алуу үчүн кайрылган.
Медициналык кызматкерлер менен баарлашууда Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарга керектүү дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрөрүн белгиледи. Стационарларды дары-дармектер жана  медициналык каражаттар менен өз убагында жана толук камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.
Президент коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө негизги кыймылдаткыч күчкө айланган медицина кызматкерлерине дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.
Мамлекет башчысы бир топ убакытка чейин аймакка коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө тоскоол болгон Талас облусунун жашоочуларынын катуу тартиби жана жоопкерчилигине жакшы баа берди.
Президент Сооронбай Жээнбеков биргелешкен аракеттер менен вирустун жайылышын алдын алуу үчүн бардык аймактарда натыйжалуу чараларды көрүү керектигин баса белгиледи.
Андан соң Сооронбай Жээнбеков Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын көрүп чыкты.
Имарат 5 блоктон туруп, 160 орундукка ылайыкталган. Ал 2005-жылдан бери иштебей турат. Реконструкциядан кийин орундуктардын санын 300гө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Мамлекет башчысы жергиликтүү бийликти, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин имаратты реконструкциялоо боюнча ишти ыкчам жүргүзүүгө чакырды. Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө аймактардагы кароосуз калган имараттарды реконструкция кылуу жана заманбап оорукана катары багытын өзгөртүү үчүн ревизия жүргүзүү сунушталгандыгын эске салды.
Бардык облустарда комплекстүү ооруканаларды куруу, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында имараттарды модернизациялоо боюнча иштер башталат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив