Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 15 тез жардам унаасы менен толукталды

Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 15 тез жардам унаасы менен толукталды

29 июн 2020, 15:46    bishkek
Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 15 тез жардам унаасы менен толукталды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков медициналык тез жардам унааларынын техникалык абалы менен таанышуу учурунда билдирди.
«Түзүлгөн эпидемиологиялык абалга байланыштуу мобилдик бригадалардын жетишсиздиги байкалууда. Интернет тармагында тез жардам бригадасы кеч келип, же таптакыр келбей жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр көп болууда. Тез жардам унааларына муктаждыкты жабуу үчүн Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун унааларынын санын көбөйтүү чечими кабыл алынды. Линияга чыкчу 15 автоунаа 2018-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтык жактарына карата кылмыш иши козголгондугуна, документтердеги көйгөйлөргө байланыштуу пайдаланылбай турган. Реанимациялык унаалардын жетишсиздигин эске алуу менен аларды линияга чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул маселе укук коргоо орган өкүлдөрү менен макулдашылды. Бул иш боюнча иликтөө параллелдүү түрдө улантыла бермекчи», - деди биринчи вице-премьер-министр.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин маалыматы боюнча унаалар техникалык кароодон өткөрүлүп, пайдаланууга жарактуу катары таанылды. Реанимациялык унааларда жасалма дем алдыруучу жана башка жабдуулар толук жабдылган, бул жеринде медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт. 
«Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети мобилдик бригадалар үчүн дагы 5 унаа берди. Жыйынтыгында бүгүнкү күндөн тартып 118 жана 103 кызматтарына кошумча 20 тез жардам бригадасы чыкты. Медициналык персонал түзүлгөн. Бул жагдайды оңдоого көмөк берет деп ишенебиз», - деп жыйынтыктады Алмазбек Баатырбеков.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив