Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Премьер-министр Кубатбек Боронов: COVID-19га каршы күрөшүүдө ар бир жарандын жардамы маанилүү

Премьер-министр Кубатбек Боронов: COVID-19га каршы күрөшүүдө ар бир жарандын жардамы маанилүү

29 июн 2020, 12:10    bishkek
COVID-19га каршы күрөшүүдө өлкөнүн ар бир жаранынын жардамы маанилүү, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов.
«Кооптуу вирус ар бирибиздин өмүрүбүзгө коркунуч жаратып арабызда жүрөт. Оорунун белгиси билинбей инфекцияны алып жүргөндөр өтө көбөйдү. Көбүнесе вирустун бар экенин байкабай, адам кокусунан аны жайылтуучу болуп калып жатат. Бул илдетти жугузгандардын санынын күн сайын өсүшүнө алып келүүдө. Биз дарыгерлер менен биргеликте ар бириңиздерден мүмкүн болушунча үйдө болууну өтүнгөнүбүз бекеринен эмес. Бул сиздин жана жакындарыңыздын саламаттыгы үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү. Медицина кызматкерлеринин жөнөкөй талаптарын кармануу көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап кала алат», - деп белгиледи Кубатбек Боронов. 
Ошону менен бирге Өкмөт башчы мекендештерден дүрбөлөң түшпөөнү өтүндү.
«Жакында эле көпчүлүк жарандарыбыз вирус жок деген жалган маалыматка ишенип, адамдар көп жыйналган жерлерге барып жүрүштү. Дал ушул нерсе бүгүнкү биз күрөшүп жаткан абалга алып келди. Бирок азыр дагы адистердин сөзүн угуп, өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпай турууга кеч эмес. Бул айрыкча жашы улгайган, тобокелдик жогору зонадагы жарандарга тийиштүү. Эң башкысы – дүрбөлөң түшпөө керек. Дүрбөлөңгө түшүү коркуу сезимин жаратып, натыйжада башаламандыкка алып келет. Ошондуктан мен жарандарыбызды сабырдуулукту сактоого жана чыдамкайлыкка чакырам. Вирустук инфекциянын биринчи белгилери аныкталган учурда дарыгерлердин талаптарын так аткаруу зарыл. Ошондо гана биз COVID-19ду биргеликте жеңе алабыз», - деп кошумчалады Өкмөт башчы.  
Премьер-министр эл көп жыйналган жерлерди текшерүүнү тапшырды. Кафе жана ресторандардын, базарлардын, ошондой эле шаардык жана аймактар аралык коомдук унаалардын иши алардын белгиленген санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоосунан түздөн-түз көз каранды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив